Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыргыз мырзалар XVIII-XX кылымдарда кандай баш кийим кийген?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги экспонаттардын арасында кыргыздар кийген баш кийимдер бар. Алар XVIII-XX кылымдарга таандык болуп, музейге кызматкерлер аркылуу топтолгон.

Музей комплекстин директорунун милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдиллаев бул баш кийимдер тууралуу айтып берди.

«Негизинен баш кийимдерди карапайым, орто жашаган үй-бүлөдөгү мырзалар күнүмдүк жашоодо кийгенин байкоого болот. Себеби бай манаптардын баш кийимдеринин түзүлүшү, кездемеси бир аз башкача болгон. Булардын баштапкы калыбын бузбастан, атайын реставрациядан өткөрүп, кайра сактап коёбуз», — деди ал.

Баш кийимдер музейге качан кабыл алынган?

— чоң калпак музейге 1968-жылы кабыл алынган;

— жаштар кийген калпак Өзгөн районунан 1982-жылы алынып келген;

— тоголок телпек 1968-жылы Ноокен районунан алынып келген;

— тебетей селде 1991-жылы Кара-Суунун Папан айылынан алынып келген;

— тебетей телпек музейге 1978-жылы кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE