Куран сөзү кандай маани берет?
— Окуу дегенди билдирет.
Курандын алгач түшкөн жери?
— Хира Үңкүрү, Мекке.
Курандын алгачкы түшкөн түнү?
— Кадыр түнү.
Куран кимдин сөзү?
— Аллахтын сөзү.
Куранды алып келген периште?
— Жабирейил периштеси.
Куранды алгачкы окууган адам?
— Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В.).
Куранды коргой турган ким?
— Аллах.
Куранды кандай учурда кармоого болот?
— Таза жана дараттуу болуу кажет.
Куранда «Курандын өзүн» башкача кандай атоолор менен атаган?
— Ал-Фуркаан, Ал-Китаб, Ал-Зикр, Ал-Нур, Ал-Худа.
Курандын Меккеде түшкөн сүрөөлөрүнүн саны нече?
— 86.
Мединада түшкөн сүрөөлөрдүн саны канча?
— 28.
Куран канча парадан (бөлүмдөн) турат?
— 30.
Куранда канча сүрөө бар?
— 114.
Куранда канча аят бар?
— 6236.
Куранда Аллах сөзү канча ирет кайталанган?
— 2698.
Куранда Намаз туралуу канча ирет айтылган?
— 700 ирет.
Куранда Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.Вﷺ) Ахмед деген ат менен аталганбы?
— Ооба, Сафф сүрөөсү, 6-аятта.
Пайгамбарымыздын аты Куранда канча ирет жазылган?
— Мухаммад ысымы -4 ирет. Ахмед -1 ирет жазылган.
Куранда эң көп аты аталган Пайгамбар ким?
— Муса(а.с).
Курандын аяттарын алгач санап чыккан ким?
— Хадича энебиз.
Эң алгачкы жана эң эски мечитти атаңыз?
— Кааба.
Куранда энесинин аты менен чакырылган Пайгамбардын аты ким?
— Иса (а.с) Мариям уулу деп чакырылган.
Куран бир күндү өзгөчө эскертет ал кайсыл күн?
— Кыямат күнү.
Курандагы эң узун сүрөөнү атаңыз?
— Бакара сүрөөсү.
Курандагы эң кыска сүрөөнү атаңыз?
— Каусар сүрөөсү.
Пайгамбарыбыз Мухаммадке (С.А.В.) Жабрейил периштеси Куранды алгач түшүргөн кезде Пайгамбарыбыз ﷺ канча жашта болгон?
— 40 жашта.
Пайгамбарымыздын (С.А.В) Меккедеги пайгамбарлыгы канча жылга созулган?
— 13 жыл.
Пайгамбарымыздын (С.А.В ) Мединадагы пайгамбарлыгы канча жылга созулган?
— 10 жыл.
Куран канча жылда түшкөн?
— 22 жыл, 5 ай 14 күндө.
Курандагы кайсыл сүрөө намаздын ар бир рекетинде окуулат?
— Фатиха сүрөөсү.
Аллах таала дуа ордуна окууга боло турган сүрөө деп кайсыл сүрөнү атап көрсөткөн?
— Фатиха сүрөөсү.
Курандагы эң биринчи сүрөө?
— Фатиха сүрөөсү.
Куранда аты аталган жалгыз аял ким?
— Мариям (а.с).
Курандын кайсыл сүрөөсүндө Бисмиллах сөзү эки ирет кайталанган?
— Намл сүрөөсүндө.
Куранда Пайгамбарлардын аты менен аталган канча сүрө бар?
— 6 сүрөө
a) Юнус сүрөөсү.
b) Худ сүрөөсү.
c)Юсуф сүрөөсү.
d)Ибрахим сүрөөсү.
e)Нух сүрөөсү.
f)Мухаммад сүрөөсү.
Куранда Аллахтын канча аты аталган?
— 99.
Куранда аты аталган, 3чү урпагына чейин Пайгамбарлык жалгашкан Пайгамбарды атаңыз?
— Ибрахим (а.с)
Куран байлык тууралуу не айтат?
— Ал — адамдын ыйманынын сыноосу.
Куранда аты аталган мечиттер?
— 5 мечиттин аты аталган:
a) Масжид-ул-Харам.
b) Масжид-ул-Зирар
c) Масжид-ул- Набауи.
d) Масжид-ул-А кса.
e) Масжид Куба.
Куранда аты аталган периштелерди атаңыз?
A) 4 периштенин аты аталган.
a) Жабирейил.
b) Микайл.
c) Харут.
d) Марут.