Пример HTML-страницы

Комуз күнү Ак-Суу району боюнча 30 мектепте белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облусуну Ак-Суу районундагы 35 мектепте комуз күнү белгиленип жатат. Алардын биринде чет жерден келген конокторго комуздун өзгөчөлүгү көргөзүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Теплоключенка айылындагы комуз күнү М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясында белгиленди. Ага КМШ өлкөсүнүн маданий борбору болгон Каракол шаарын көрүү үчүн келген делегациянын өкүлдөрү да күбө болушту.

«Майрамдык иш-чарага Канада, Украина, Австралия жана Германиядан келген коноктор катышты. Балдар комуздун уникалдуулугун айтып берип, таланттарын тартуулашты. Келген коноктор да өз чыгармачылыгын балдарга тартуулады. Акробатика, барабан чертүү жана сүрөт тартуу боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү», — деди аталган мектептин директору Назира Осмонбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE