Пример HTML-страницы

Колдон учкан махабат ❤️10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=4157&preview=true Кызыктуу окуялар.

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
10- бөлүм.
— Күмүш, мен келдим сен чыктыңбы? Жүрөгүм башкача согуп турат, саналуу сааттан кийин сен мендик болооруна ишене албай турам.
— Эрмек мен коркуп жатам, түбөлүк жашоого кол кармашып чогу басчу адамды туура тандап жатамбы!- деген ой мени улам муштап жатат. Өзүм жаш болсом да турмуш эмне экенин көрүп койдум, үй-бүлө бир бүтүн бирок, ошол бүтүндүн жарымы сөзсүз жаман болот. Мен го жаман нерсени көтөрө алам, эркек көтөрбөйт да. Сен аябай жакшы адамсың, сени сындырып алсам өзүмдү кечире албайм.
— Мага ишенчи, баары жакшы болот.

Гуля уктап жатканда Күмүш терезенин кичинекей жеринен батып, эшике качып чыкты. Эрмек эчак күтүп турган экен, Күмүштү жетелеп машинага салып жүрүп кетти. Жанында эки досу бар экен.
— Күмүш акыры барып Эрмекке баш ийиптирсин да э, негизи Нурлан начар бала болчу. Чын эле үй-бүлө курган жатасыңарбы?
— Эрмек экөөбүз сүйлөштүк эле го, булар эмне деп жатат. Булардын эмне иши бар.
— Балдар азыр тамашалай турган кез эмес, ал убакта баарыбыз жаш болчубуз.
— Үйлөнө элек башыңа чыгыптыр, эртең энесине окшоп чыгат досум. Адашып жатасың, анан өмүр бою Нурландан калган кызды алды деген сөздү угуп өтөсүң.
— Түшүп эле калчы, көрө албай жатсың. Күмүш такыр башкача кыз, мен Күмүштү сүйөм.
— Ээх айттым да койдум досум, эртең бармагынды тиштеп калбасан болду.
— Эч качан….
— Аяш апамдарга эптеп айтыш керек, айтпай барсак эмне болуп кетет.
— Сен айтып койчу..
— Сен үйдөгүлөргө айткан жоксуңбу? Кандай кабыл алат, каршы болсо эмне кылмаксыз.
— Каршы болбойт, каршы болсо экөөбүз жетелешип чыгып кетебиз. Сага араң кол жеткиргенде ажырап калгым келбейт. Эч ойлонбо, эми мен үчүн сен биринчи орундасын.
— Мен баргым келбей калды, мен барбайм. Азыр турмуш кургум келбейт, суранам мени үйгө жеткирип койчу. Туура эмес кылып койгонумду эми түшүндүм. Эч ким биле электе мени алып барып койчу. Мен сени сүйбөйм, эч качан сүйө албайм. Эрден качып эрге баратам, мен жиндимин. Өзүмө өзүм эч качан айылга турмушка чыкпайм деп сөз берген элем. Эрмек эгер сени жек көрүп калышымды каалабасаң, суранам кайра алып барып койчу.
— Макул, сен каалабай жатсаң алып барып койом. Бирок мени менен бир жерге барып келчи. Урматтын сүйлөшкөн кызынын туулган күнү экен, кафеге чакырган. Ошого баарыбыз чогу барып келеличи.
— Ал жактан чыгып кайда барам?
— Сага жардам берем, шаарда группалаш кыздар жашаган жерде бир орун бош экен. Ошол жерге сүйлөшүп киргизем, сен жумуш табасың. Өз алдынча иштеп жүрө бер, өмүр бою таарынмак беле апаң. Кечиргенче өзүңдү өзүң эптей аласың да э?
— Дайыма өзүмдү өзүм эле эптеп келгем, ошондой кылсаң аябай ыраазы болот элем.
— Урмат, биздин үй тарапка айдачы. Кийимимди которуп алайын, кафеге барсак уятко.
— Макул досум, мага дагы таза кийим ала чыкчы. Аяшына дагы белек алыш керек эле.
— Чооң роза гүл менен жумшак оюнчук алып алсаң болду да туурабы?
— Оюнчуксуз эле барам ха-ха-ха.
Баардыгы тамашага күлүп калышты. Жарым саатта Эрмектин үйүнө жетип келишти. Урмат пипилдетип койду.
— Урмат карасаң саат түнкү он эки болуп жатат, баардыгын ойготосун.
— Байкабай тийип алдым Күмүш, баары уктап жатат ким көрмөк эле.
— Элестет үч бала менен жалгыз, машинада жүрөт дешет көргөндөр. Ошол эле жетпей жатты эле мага.
Урмат менен сүйлөшүп жатса ары жактан аялдар чыгып ызы-чуу башталып кетти.

— Аай, дарбазаны ачкыла. Кокуй Эрмекти келинчек алып келиптир дейби? Бул эмнеси ыя, жок дегенде бир күн мурун айтып койсо болбойбу. Шерменде эми эмне кылам?
— Болду оозуңду жапчы бай болгур, эмнең жетишпей жатат сага. Эмне экен ала качып келсе, түшүр машинадан.
— Кайсы жактын кызы я? Иий тээ жердин түбүнөн алып келген жоксуңарбы иши кылып?
— Биздин эле айылдан аяш апа.
— Кимдин кызы ботом?
— Өзүңүз көрөсүз, алып киргиле үйгө.
— Эрмек, Эрмек кана? Мени алдап койгону эмнеси? Ала качпайм дебеди беле, мен аны жакшы көрбөйм да. Эрмек кайдасың? Эркек болсоң сөзүңө тур, үйгө алып барып кой мени. Эрмек дейм, сени өмүр бою жек көрүп калам айтып койоюн.
— Күмүш Эрмек качып кетти, эми нике кыйганда эле келет.
— Нике кыйылбайт, мен тийбейм дегем. Бул эмне кылганы, силерге кыз бала оюн экен да э.
— Ким бул кокуй, баса калып алып келдинерби?
— Жок аяш апа, ыраазы болуп эле келди. Кыз каадасын кылып жатат да.
— Ай келиндер кана алып киргиле. Мейли эми эмнеси болсо да баламдын шагын сындырбайын.
— Жеңе, бул Гулянын кызы го, Күмүш экен. Кече апасы келип урушуп кетти го, демек чын экен да. Сөйкө салынган кызды алып келиптир кайнибиз, ий бетим.
— Эмне дейт? Гулянын кызы экен дейби?
— Оозуңа кара таш, кана түшчү кызым. Кимдин кызысын?
— Эже Гулянын кызымын. Мен Эрмекке тийбейм, ал алдап алып келди. Сиз дагы каршы экенсиз, айтыңызчы мени алып барып коюшсун.
— Эрмекти чакыргыла. Жашынбай чыксын, чыкпаса Күмүштү өзүм жеткирип келем.
— Эмне болду апа?
— Адам түгөнүп калдыбы эмне? Гулянын кызынан башка кыз жок экенби? Көзүмө көрсөтпөй алып барып кой.
— Мен Күмүштү жакшы көрөм, эч качан алып барбайм. Менин тандоом сизге жакпаса эмне кылайын, жашай турган мен.
— Кыз деген энесин тартат, эки жыл өтпөй башыңа минет да, беш жылда түбүңө жетет энесине окшоп. Көзүм тирүү экен албайсың, Гуля менен куда болбойм.
— Ал дагы сиз менен куда болбойт экен. Силер каршы болсоңор, биз бири бирибизди жакшы көрөбүз. Бизге эч ким каршы болуп ажырата албайт.
— Жогол көзүмө көрүнбөй, өлгүдөй болуп багып койсом сүйлөгөн сөзүн карап кой. Сендей балам жок менин, бир катын үчүн энеңден кечсең кете бер. Гуляга болсо куда тандашты ким коюптур жашабагыр.
— Энемден кечпейм, Күмүштөн дагы кечпейм.
— Мен сага турмушка чыкпайм Эрмек, мен сени жакшы көрбөйм. Мен үчүн апаңа каршы чыкпа, өз энесинин кадырына жетпеген менин кадырыма жетеби?
— Сен макул болдуң го Күмүш.
— Кийин жок дедим го, бир мүнөттүк алсыздыгымдан пайдаланып алгың келди беле?
— Мен сени жакшы көрөм, эгер кетип калсаң үстүмдө кудай турат ант берем, эртең өлүк көмгөнү келесиң.
— Кудай урбадыбы эми, бир кыз үчүн өзүнүн өмүрүн кыйгысы бар. Жеңе балээден алыс эле үйлөнтүп салыңыз.
— Үйлөнтөм, башка кызга үйлөнтөм. Жеткирип койгула, жезкемпир энеси жетип келгенче.
— Ким жезкемпир экен я? Мен сага азыр көрсөтөм, мына могу бала менин кызымды алып качып кетти. Кармагыла..
Гуля машина жүргөндө ойгонуп кетип Күмүштүн жок экенин көргөндө дароо баарын түшүнгөн. Милиция чакырып, артынан тез эле жетип келип калыптыр. Эрмектин апасынын акыркы сөздөрүн угуп калып жатпайбы. Эми балээ болду, экөө чачташып жатып калса керек. Айткандай эле Гуля тиги аялдын чачынан алды. Милиция экөөнү ажыратып, Эрмекти, эки досун кошуп кармап, жерге колдоруна темир өткөрүп туруп жаткырып салды.
— Күмүш өз каалоом менен келдим деп айтпайсыңбы, өзүң макул болдуң го. Эрмекке жардам берем деп камалып кетким келбейт. Азыр адамдарга жакшылык кылып болбойт, мен деле өз кулагым менен уктум го ыраазы болгонуңду. Апамдын жүрөгү көтөрө албайт мен түрмөгө түшүп калсам.
— Өз каалооң менен келгениң чынбы?
Милиция Күмүшкө суроо узатканда эмне дешти билбей калды. Жок десе балдар камалып кетет, ооба десе өз кадырын кетирип алат.
— Жогооол балакет, астананы аттай элегинде балээни алып келдиңби эмне. Баламдын тагдырын талкалап жатасың, энеңди тартпай өлүп кал.
— Апа Күмүштү каргабаныз. Мен өзүм күнөөлүмүн баарына.
— Балдарды салгыла машинага.
— Жок, токтогула. Мен өзүм келдим, өзүм ыраазы болуп келдим. Койбергиле буларды. Мен калам, Эрмек мен сага турмушка чыгууга макулмун.
— Сени ким келин кылат экен, Эрмекти эки саатта чыгарып алам милициянын колунан. Сен жогол, эки дүйнө келин кылбайм сени.
— Апа, сиз келин кылбасаңыз мен өзүм аял кыла берем. Ушундай учурда мени колдой албаганыныз кандай өкүнүчтүү.
— Сага берчү кызым жок, ай жашабагыр сага эрге тийүүгө ким уруксат берип жатат?
— Эрге бере албай тааныбаган бирөөгө берип жатасыз го апа. Эрмекти болсо тааныйм, жакшы көрөм. Турмушка чыгууга сизден уруксат сурабайм, анан сизге айрымасы эмне кимге турмушка чыгып жатканым.
— Эртең эки күндөн кийин чимкиригин куюлуп үйгө келбегин уктуңбу, киргизбейм. Эртең эле төрөйсүң, балаң менен көчөдө сурамчыга айланасын сен шашпа.
— Өз кызыңды каргайсынбы апа? Мынчалык болбочу, айбан дагы баласын коргойт экен, айбанчылык да боло албайсыңбы апа? Эмнеге ушундай, эмнеге энеден же атадан жарыган жокмун. Апа, мени бак же мага кийим алып бер, же аны жейм деген жокмун го. Мага жөн эле сенин мээримиң керек болчу апа, тилекке каршы андай сезим сизге чоочун. Мен сизге капамын, мейли сиз тараптан келген бардык мушка туруштук бере берем. Кудай алдында акмын сизге кек тутпайм. Тескери карап кетсеңиз дагы эне деп артыңыздан калбайм.
— Жанагы эзме атаңдан уккан сөздөрүңдү экинчи айтпагын мага. Экинчи эне деп алдымдан чыкпа уктуңбу жакшылыгы жок.
— Бул жерде үй-бүлө өз ара чечишчу маселе экен, балдарды бошоткула, кеттик.
Үч досту бошотуп, милиция кетип калды. Ары-бери тартышып баарыбир бир чечимге келе алышпай, акыры Эрмек Күмүштү жетелеп үйдөн эч нерсе албай чыгып кетти. Эми эки жаштын жолу бирикти, аттиң жолу бөлөк болсо дагы жүрөгү бириксе жакшы болбойт беле. Жүрөгү башка, жолу бир адамдар түбөлүк үй-бүлө жашоосуна чогу аттанып кетишти.
Түн ичинде кайда бараарын билбей эшикте бир топ турушту. Урмат койбой өзүнүн үйүнө алып барып коноктоду. Урматтын ата-энеси дагы түшүнүү менен караган жок. Чай ичип баштаганда караган көз караштан бир жутум чай тамактан өтпөй, даярдалган жайга барып жатып калышты. Күмүш Урматтын карындашынын жанына, Урмат менен Эрмек бир бөлмөгө жатышты. Эч ким тура электе туруп кетип калам деген ойдо Күмүш кичине тынчтанып алды. Караңгы түн жерге сиңе электе туруп, кеткен жатканда алдынан Эрмек чыкты. Эрмек көз ирмебей жаткан окшойт, ата-энеси жаман көргөнүнө карабай Урмат баарыбир жибербейт экенин туюп Күмүшкө кеттикпи дегенге баражаткан экен. Эки жаш көз караштан бири-бирин түшүнүп, аста үйдөн чыгып кетишти. Жолго чыкса шаарга кеткен машиналар жүрө элек экен. Жөө жол бойлоп басып кете беришти, кайда баражатышканын өздөрү дагы билбейт. Ортодогу тынчтыкты бир гана анда-санда ышкырган чегирткенин үнү бузуп турду. Азыр Эрмек бир сөз сүйлөсө Күмүштүн көзүнөн жаш токтобой акмак, Күмүш алдыда, он метр арыраакта Эрмек баратты. Экөө тең өз ойлору менен алпурушуп, дүйнөдө жалгыз калгандай сезинип жатышкан. Күмүш бир адамдын жашоосун буздум, ата-энесине бөтөн кылдым!-деп өзүн жектесе, Эрмек болсо Күмүшкө татыктуу жашоо бере аламбы, эми эмне кылам?-деген ойдо болчу. Качан гана жерге жарык тарап баштаганда анча-мынча машина өтүп баштады. Экөө жол тоскон дагы жок, ойлоруна келген жок окшойт. Каалаган нерселери бир болсо керек деп ойлойт бул экөөнүн жагдайын билген адам. Экөө тең ушул таң, ушул жол эч качан түгөнбөсө дейт. Анткени бараар жери жок, кыздын жигитке көңүлү жок. Өзүн эртең эле Эрмектин кучагына түшөт экенин ойлосо жашоодон түңүлүп кетет. Жок, Эрмек аябай жакшы бала. Артынан чуркаган кыздар дагы аз эмес. Болгону Күмүштүн жүрөгү башканы деп согот, бөлөктү деп согот.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE