Пример HTML-страницы

Кочкордун «Куу Мамы» ат майданында ат чабыш уюштурулду. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Туз айылындагы «Куу Мамы» ат майданында ат чабыш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Аргымак» федерациясынын Кочркор районундагы башчысы Калыйбай Саралаев билдирди.

Аламан байгеде күлүктөр 20 чакырымга чабылды.

— 1-орунду Кара-Балтадан келген Үмүт аттуу күлүк ээлеп, байгесине 25 миң сом;

— 2-орунду Ысык-Көлдүн Түп районунан келген Каркыра аттуу күлүк алып, байгесине 15 миң сом;

— 3-орунду Ысык-Көлдүн Түп районунан келген Аэлита аттуу күлүк ээлеп, байгесине 8 миң сом;

— 4-орунду Кочкордон келген Каракер аттуу күлүк алып, байгесине 5 миң сом көрсөтүлдү.

Жорго салышта күлүктөр 12 чакырымга чабылды.

— 1-орунду Ысык-Көл облусунун Тоң районунан келген Пантар аттуу жорго ээлеп, байгесине 18 миң сом;

— 2-орунду Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген Чайка аттуу жоросу алып, байгесине 12 миң сом;

— 3-орунду Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген Актаноо аттуу жоргосу алып, байгесине 8 миң сом көрсөтүлдү.

Кунан чабышта күлүктөр 12 чакырым чабылды.

— 1-орунду Токтогул районунан келген Роза аттуу кунааны ээлеп, байгесине 15000 сом;

— 2-орунду Ысык-көл облусунун Түп районунан келген Коёнкашка аттуу кунаны алып, байгесине 10 000 сом;

— 3-орунду Ысык-Көл облусунун Каркол шаарынан келген Көксерек аттуу кунаны ээлеп, байгесине 5000 сом көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE