Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кеминдеги коомдук даараткананын абалы социалдык тармактарда нааразычылык жаратты. Буга акимчилик жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районундагы маданият үйүнө караштуу даараткана социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Интернет колдонуучулары бул аймакта паспорт столу, РИИБ, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жайгашканын айтууда. Бул даараткана боюнча кат аким Алайбек Жумаевге 2021-жылы берилген. Бирок, чара колдоно элек.

Райондук мамлекеттик администрациясы бул көйгөй боюнча эч ким кайрылбаганын жана көзөмөлгө алынарын билдирди.

«Негизи маданият үйү Кант шаарынын мэриясына карайт. Ошол жердеги парктын айланасын, даараткананы мэриянын, тазалыктын кызматкерлери тазалап турат. Негизи маданият үйүнүн ичинде заманбап даараткана бар. Бул сырттагы даараткана көп деле колдонулбайт. Ар кандай жыйынга, ар кандай иштер менен районго келген элдер ушул дааратканага кирип турушат. Бирок, дайыма тазалап турганга аракет кылышат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE