Пример HTML-страницы

Кармалган жээни 13 жылга кесилди

Акыркы жанылыктар

Turmush27-мартта Баткенде милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип кармалган 34 жаштагы Н.С. 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Баткен райондук сотунун 2022-жылдын 28-сентябрндагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылган. Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренеси (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) менен мурда дайындалган жазасы менен кошулуп, 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Азыр Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу түшүп, соттук кароо 30-ноябрга дайындалды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал милициянын катарына 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген.

Андан кийин Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелген адам кармалганы белгилүү болгон.

Кармалган жээн:

27-март күнү Баткен ОИИБ Аскарали Мухамадиевдин өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштери башталганын маалымдаган.

Маалыматка караганда, ал күнү саат 11:17 чамасында Баткен ОИИБге Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жаракат алып жеткирилген Аскарали Мухамадиевдин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Милициянын ыкчам тергөө тобу ал жерге барып, Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин жансыз денесин белгисиз адамдар «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин такташкан. Бул факты Баткен ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында качып жүргөн жеринен кармалган. Ал каза болгон Аскарали Мухамадиевдин жээни экендиги такталган. Ал маркумду учтуу нерсе менен көкүрөккө сайган. Кылмышка шектелген адамдын шериктери да кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE