Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

«Каракол» лыжа базасында эс алуу үчүн канча акча чогултуу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushУшул жуманын дем алыш күндөрү (26-27-ноябрь) Ысык-Көл облусундагы «Каракол» лыжа базасында сезондун расмий ачылышы пландалууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы лыжа базасында эс алуу үчүн бир адам канча сом коротушу керектиги тууралуу маалымат чогултту.

Каракол шаарында кыш айынын келиши менен жергиликтүүлөрдүн бизнеси болгон лыжаны ижарага берүү башталат. Мындай жайлар көбүнчө шаардын А.Масалиев жана К.Карасаев көчөлөрүндө жайгашкан. Анткени бул көчөлөр аркылуу Кыргызстандагы уникалдуу, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан лыжа базасына өтүшөт.

Лыжаны ижарага бергендердин айтымында, баалар товардын кайсы жылы чыкканына жараша. Жаңы лыжалардын баасы салыштырмалуу кымбатыраак.

— Лыжа, бут кийим, таягы менен — 300 сомдон 1500 сомго чейин;

— Лыжа тебүүгө күрмө жана шым — 400 сомдон 700 сомго чейин;

— Көз айнек — 100-400;

— Шлем — 200-400;

— Рации — 600 сом (2 дана);

— Кол кап — 100 сом;

— Бут кийим — 200-500 сомго чейин;

Сноуборд сүйүүчүлөрү үчүн бир күндүк ижара 500 сомдон 1000 сомго чейин.

Үйрөнчүк болуп, лыжаны жакшы тебе албасаңыз жана лыжа тебүү сырын өздөштүргүңүз келсе, адистер (инструктор) саатына 1000 сомго үйрөтүшөт.

«Каракол» лыжа базасы калаадан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Андыктан кышкы дөңгөлөктүү унаа менен келгениңиз оң. Эгер унааңыз жок болсо, жергиликтүү айдоочулар бул тармакта да кызмат көрсөтүшөт.

Анда «Минивэн» үлгүсүндөгү унаа 1200-2800 сомго жеткирип алып кетет. Эгер жалгыз болсоңуз, киши башына 600 сом алынат.

Караколдо таанышыңыз жок болсо, 1000 сомго чейинки мейманканаларды тапсаңыз болот.

«Учурда лыжа сезонунун ачылышына карата бардык ижарага берүү жайлары даярданып жатабыз. Негизи лыжанын сезону декабрь, январь айларында болот. Эң көп эс алуучу келгени — 1-10-январга туш келет. Караколго чет жерден келген эс алуучалардын көбү Казакстандан келишет. Анткени алар 16-декабрда өлкө эгемендүүлүгүн майрамдашат. Ошол кезде эс алууга чыккандар бизге көп келет», — дейт лыжаны ижарага берүүчүлөр.

Бул чыгашадан тышкары лыжа базага барганда, тоого көтөрүүчү-подъемник акысы бар. Ага болжол менен 1200 сомго жакын каражатыныз кетет. Ал эми түшкү тамактанууга да акча камдап алышыңыз зарыл.

Буга чейин Каракол шаардык мэриясы эл аралык уюмдардын колдоосу менен кышкы туризмди колдоого 8 миллион евро бөлүп жатканын кабарлаган. Ал каражатка туризм тармагында иштеген кызматкерлер окутулуп, жаңы долбоорлор колдоого алынып, шаарда хоккей жана муз тебүү аянттары оңдоп-түзөөгө алынары маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE