Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кара-суулук Рахматилла 14 жашында өздөштүргөн өнөр аркылуу киреше табат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын 32 жаштагы тургуну Рахматилла Марифжан уулу тунукеден тиричилик буюмдарын жасайт.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери устачылык менен алек. Бул өнөрдү атасынан үйрөнгөн.

«14 жашымдан баштап устачылыкка кызыгып, бул кесипти үйрөнүп алдым. Мектептен кийин эле атамдын жанына келип, жардамдаша койгон адатым бар эле. Адам өзү кызыкса бат эле үйрөнүп кетет. Бул жерде атам жана агам да иштечү. Ата кесип десем туура болот. Мен да балдарыма бул кесипти үйрөтүп, ушул жерден ата кесипти улап, иштеп кетсе деген ниеттемин», — деди ал.

Уста жакшы көргөн жумушу менен алектенгендиктен анын оорчулугу сезилбейт. Ал айына 35-40 миң сом киреше табат.

Жаш устанын шакирттери дагы бар.

«Мага 3 метрге 1 метр чатырга буюртам түшсү, 2500 сомдук тыныке кетет. Анын 1 даанасын 4000 сомго сатам. Ал эми кызмат акыма 1500 сом алып калам. Бизге күндө эле буюртма түшө бербейт. Айрым күндөрү такыр эле кардар жок болуп, соода деле болбойт. Кээде бир күндө эки-үчтөн кардар келет.

Учурда жанымда шакиртим бар. Ал тунукеден буюм жасаганды үйрөнүп жатат. Буга чейинки шакирттерим тез эле үйрөнүп алышкан. Азыр өзүнчө жумуш ордун түзүп, дүкөн ачып, башка жактарда иштеп жүрүшөт. Кызыккан адам тез эле өздөштүрүп кетет. Ал эми кызыкпаса 3-5 жылдап жүрүп деле үйрөнө алышпайт», — деди ал.

Рахматилла Марифжан уулу 3 кыз жана 2 уулдун атасы. Учурда 4 баласы мектепте окуп жатат.

Устанын байланыш номурун Turmush басылмасына катталуу менен алсаңыз болот.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE