Пример HTML-страницы

Кара-Сууда «Дэу Нексия» унаасынын айдоочусу «Дэу-Тикону» артынан сүзүп, оодарып жиберди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу айматык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-март күнү саат 12:15 чамасында Ош—Кара-Суу жолунун 10-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында «Дэу-Тико» жана «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бирөөсү жол четинде оодарылып калган.

Бул унаа кырсыгы Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан каттоого алынган. Айдоочулардын абалы боюнча аталган кызматтын басма сөз катчысы Алтынбек Теңгизбаев төмөнкүлөрдү айтты.

Кашкар-Кыштак айылынын 2005-жылы туулган тургуну У.Ж. «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Ошол эле багытта бара жаткан Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Киров айылынын 1992-жылы туулган тургуну К.Н. өзүнүн башкаруусундагы «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасы менен «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унааны артынан сүзүп, жол кырсыгын жасаган.

Эки автоунаа тең материалдык чыгымга учураган. Ооруканага кайрылгандар болгон эмес. Бул факт боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE