Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери арасында волейбол турнири өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери арасында волейбол турнири өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалымат караганда, аталган турнирге Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан жалпы 16 команда катышууда.

Кара-Көл шаардык спорт мектебинин директору Зуура Дуйшебаеванын айтымында, бул турнир 2 күн катары өтөт.

«Кыз-келиндер арасындагы командалар Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинде, эркек балдар арасындагы командалары «Энергетик » спорткомплексинде ат салышууда.

Турнир жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, сейрек жашоо образын жайылтуу, достукту, ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө», — деди ал.

Бүгүнкү турнирдин башкы калысы жана Жалал-Абал облусунун волейбол боюнча федерациясынын өкүлү Жеңиш Журабаевдин айтымында, аталган турнир 3 турдан өтөт.

«Бул турнир Жалал-Абад облусунун волейбол федерациясы тарабынан уюштурулууда. Облустагы федерациянын өкүлү мен болом. Мындай турнир Кара-Көл шаарында биринчи жолу өтүүдө. Буга чейин Жалал-Абад шаарында өтүп келген. Азыр региондорду өнүктүрүү максатында башка район-шаарларга да ушундай турнирлерди турларга бөлүп, өткөрүүнү максат кылып турабыз. 1-тур график боюнча ноябрь айынан Кара-Көл шаарында коюлган эле, өтүп жатат. 2-тур келерки жылы январдын башында Кочкор-Ата шаарында, 3-тур март айында Жалал-Абад шаарында өтмөкчү. Ушул 3 турдун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдү аныктайбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE