Пример HTML-страницы

Кара-Балтанын борборундагы баннер жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарындагы жарнамалык баннер жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууда.

Алардын айтымында, чоң жарнамалык баннерде сапаты начар, начар жерден тартылган көптөгөн сүрөттөр бар.

«Сүрөттө Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү жана санитариялык тазалоо боюнча иштерди аткарып жаткан «Универсал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тартылган. Жарнамалык баннер бир кыйла чоң. Анын узуну 6 метр жана туурасы 2 метр. Ленин атындагы маданият үйүнүн алдындагы аянттын көрүнүшүн жаап турат. Көптөгөн шаар тургундары жана келген коноктор маданият үйүнүн фонунда сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт», — дешет шаардыктар.

Тургундар муниципалдык ишкананын мындай жарнактарына шаардык бюджеттен, түз маанисинде салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн түшкөн каражаттар жумшалып жатканына нааразылыгын билдиришүүдө. Көпчүлүк жарандардын пикиринде, шаарды көрктөндүрүү үчүн жооптуу муниципалдык ишкана үчүн эң жакшы жарнак — Кара-Балта шаарынын көчөлөрүндө, сейил бактарында жана аянттарындагы тазалык жана тартип болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE