Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы эже-сиңди — Шейшеевалар Америка, Кытай жана Европада чоң суроо-талапка ээ болгон жаңы жылдык оюнчуктарды жасашууда

Акыркы жанылыктар

TurmushДекабрдын алгачкы күндөрүндө Европа жана Америка өлкөлөрүндө негизги жана сүйүктүү элдик майрамдардын бири болгон Рождество майрамына даярдыктар башталат. Ал эми Европанын айрым өлкөлөрүндө жана АКШда өткөн көргөзмөлөргө салт боюнча Кара-Балта шаарынын тургундары — эже-сиңдилер Фариза жана Светлана Шейшеевалардын жасаган буюмдары коюлат. Кол өнөрчүлөр февраль айынан баштап Рождество майрамына карата жаңы жылдык оюнчуктарды жана сувенирлерди тиге башташты.

«Жыл сайын биз пасха жана Рождество сыяктуу негизги майрамдарга тематикалык оюнчуктарды жана сувенирлерди чыгарууга чоң буйрутмаларды алабыз. Биздин кардарлар негизинен Европа өлкөлөрүнөн жана Америкадан. Пасха үчүн пасха торттору, жумуртка, тоок, коён түрүндөгү сувенирлердин түрүн тигип жатабыз. Азыр Рождество темасы популярдуулукка ээ болууда. Жаңы жылдык жасалгаларга, оюнчуктарга жана жомок каармандарына суроо-талап өсүүдө. Бул жылы түстүү калпак кийген гномдорго чоң буйрутма болду. Аяз атанын белек берүүсү — Рождествонун эң маанилүү символдорунун бири. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча көптөгөн дизайнерлер булгаары кур менен курчанган кызыл пальто кийген рождестволук чоң атанын образынын үстүндө иштеп, тынымсыз анын сырткы келбетине жаңы жана популярдуу нерселерди ойлоп таап, кошуп жатышат. Быйыл биздин цехте «Лыжадагы Аяз ата», «Санта-фигурист», «Санта-футболист», «Санта-хиппи», «Кайыктагы Аяз ата», «Белек менен Аяз ата» жана башкалар жасалып жатат. Азыр Аяз атанын да жардамчылары бар. Маселен, быйыл жаңы каарман — рождестволук чоң эне жаралган. Албетте, Европа рыногу биздикинен абдан айырмаланат. Аны кылдат изилдеп, көзөмөлдөшүбүз керек. Быйыл козу карын даярдоо боюнча чоң буйрутма алдык. Бул көк, жашыл, кызгылт көк козу карындар, мен алар жөнүндө билген эмесмин. Чымын кыргыч (уу козу карындын бир түрү) өзгөчө суроо-талапка ээ. Андан тышкары, биз Америкадан жогорку соттун куурчак-судьясы Рут Гинзбургду чыгарууга чоң буйрутма алганбыз. Аны америкалыктар заманбап Американын символу деп эсептешет. Биз анын так образын жасайбыз — сөйкөлөрдү, судьянын пальтосун, көз айнектерин, чачтарын жана башкаларын. Ар бир моделди кардар менен талкуулап, оңдоолорду киргизип, оюнчуктун үлгүсүн кардарга жөнөтөбүз. Андан кийин гана буйрутма алабыз. Ар бир куурчакка биздин энбелгиси бар этикетка чапталат. Анан биз аны таңгактап, сатууга даяр буйрутманы жөнөтөбүз. Ар бир модель эксклюзивдүү, анткени анын автору өзүбүзбүз», — дейт кол өнөрчү Светлана Шейшеева.

Азыр эже-сиңдилер АКШнын түштүгүндө жайгашкан Санта-Фе шаарындагы жармаңке-көргөзмө үчүн оюнчуктардын жаңы коллекциясын чогултуп жатышат. Анда алар тематикалык оюнчуктарды тартуулашат. Анын ичинде мезгилдердин образындагы кыз куурчактары болот. Ошондой эле көргөзмө үчүн Америкада популярдуу болгон парашютист оюнчугу тандалган.

«Көргөзмөгө уюштуруучулар тарабынан атайын тандоодон өткөн товарлар гана алып келинет. Эгер сиз башка нерсени алсаңыз, анда сиз эрежени сактабаганыңыз үчүн дисквалификацияланып, четтетилесиз. Мындай эл аралык көргөзмөлөргө баруу өтө кыйын. Анткени тандоо критерийлери жогору. Дүйнөлүк рынокко чыкканга чейин биздин продукциялар Европанын көз карандысыз лабораториясы тарабынан текшерилип, анда колдонулган материалдардын экологиялык жактан тазалыгы текшерилген. Ишибизде Европада сертификатталган кийизди, табигый боёкторду колдонобуз. Жиптер баары лабораториялык текшерүүдөн өткөн. Азыр биз дүйнөнүн 150 өлкөсүндө иштеген бир чоң компания менен кызматташып жатабыз. Мындан тышкары, Кытай, Италия жана Америкада туруктуу кардарларыбыз бар. Ишибиз менен биз буга чейин дүйнөнүн жарымын кыдырдык. Биз бизнес өнөктөштөрдү гана эмес, досторду да таптык», — дейт Светлана Шейшеева.

Эже-сиңди Шейшееввлар Чүй облусунун Москва районунда туулуп-өскөн. Экөө тең жогорку билим алышкан. Фариза профессионал сүрөтчү, Кара-Балтадагы килем комбинаты жабылганга чейин иштеген. Ал эми эжеси Светлана Москвада университетти аяктаган, эмерек өндүрүшүнүн инженери. Бир убакта экөө тең жумушсуз калып, жеке бизнесин ачууга түрткү болгон. Алгач кыргыздын улуттук матрастарын, жууркандарын тигишкен. Саймачылыкты, кол өнөрчүлүктү аларга апасы менен чоң энеси өткөрүп беришкен. Кичине кезинде эле жүндү, жипти боёгонду үйрөнүшкөн.

Азыркыга чейин кийизден буюм жасоону улантып келишкен. Андан кийин алар Алматага аялдардын баш кийимдерин жасай башташкан. Кийинчерээк алар кийизден жасалган жаныбарлардын чоң коллекциясын чогултуп, оюнчуктарды тигүүгө өтүшкөн. 2008-жылы жеке ишкана катталып, эл аралык көргөзмөлөргө чакыруулар келе баштаган. Ошентип, эшик жаңы кардарларды табуу үчүн гана эмес, үйрөнүү үчүн да ачылган. Эжелерге семинар, тренингдерге катышуу сунуштары түшө баштаган. Муну менен алар дүйнөлүк рыноктун заманбап талаптарын өздөштүрүп, ишмердүүлүктүн жаңы деңгээлине чыгышты. Азыр алардын продукциясы Америка, Кытай жана Европада сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE