Пример HTML-страницы

Кара-Балтада арзан баадагы кумшекер жана өсүмдүк майын алууга келгендердин узун кезеги (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында социалдык баа менен сатылып жаткан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга келгендер узун кезекке тизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 23-мартта Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктөр сатылып жатат. Күмшекердин 1 килограммы 70 сомдон (1 адамга 2 кг), ал эми өсүмдүк майынын 1 литри 130 сомдон (1 адамга 5 литр) сатылууда.

Кара-Балта шаарына жалпы 4700 кг кумшекер жана 2795 литр май алынып келген. Жеңилдетилген баадагы азык-түлүк аталган шаарда каттоосу бар адамдарга паспорт аркылуу гана сатылат. Кезекке 20дай адам турду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE