Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарына жакын жерден жер жылдызы табылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарына жакын жерден «тынч аңчылыкты» сүйгөндөр өзгөчө козу карын табышты.

«Ал козу карынга такыр окшошпойт. Баары фантастикалык триллердей көрүндү. Эски дүмүрдүн жанына кандайдыр бир жандык «космостук жумуртка» туугандай. Эми андан «келгин» пайда болот. «Келгинди» кылдаттык менен карап чыккандан кийин, биз анын козу карын экенине ынандык. Бирок сырткы көрүнүшү абдан кызык», — дейт Жайыл районунун Новониколаевка айылынын тургуну Ольга Медведева.

«Бул кызыктуу козу карын. Ал кызыл деңиз жылдызы деп аталат. Жылдыздар тукумундагы козу карындын бир түрү же илимий «геаструм» делет. Мындан тышкары, жер жылдыздары деп да аталат. Бул козу карындын өзгөчөлүгү — бышканда мөмө денелеринин сырткы кабыгы сынып, жылдыз сымал болуп калат. Ичинде споралуу баштыкча бар. Кээ бир түрлөрүндө буту болот. Бул козу карын токойлордо жана бадалдарда, көбүнчө кумдуу топуракта өсөт. Деңиз жылдызынын азыктык баалуулугу жок. Башкача айтканда, жегенге болбой турган козу карын», — дейт эколог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE