Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 9 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 9-БОЛУК

 

 

Куздун суук тушкон кечи. Шарпылдап жээке карай умтулган толкундар, мына азыр ашып чыгып ааламды, ушул турган дуйнону каптап калчуудай албууттана жээке жетпей кайра артка тартылат. Асманды турмоктолгон кара булут каптап улам жакындап, чайпалган колдун устуно тушуп кетчудой сурдуу турду. Журок ушун алган табияттын бул кубулушу да колдун жээгинде жалгыз турган караанды коркута алчудай эмес. Кудум ал караан кайра ырахат ала колго улам жакындап азыр эле боюн таштап жиберчудой корунот.

Нурпери чачын уйпалап ойноткон шамалга да кайыл боло,алдында чайкала шарпылдап уруп жаткан колдун доошун тындап, коздору алдыны умутсуз тиктеп турду. Анын мынтип ой суруп турганына куздун жандан отуп чыйрыктырган муздак шамалы да тоскоол эместей. Анткени анын журогу эмес, денеси да ушул тапта эч нерсени сезбей турду. Ал озунун канча жылдар мурун жасаган жоругуна окунуп буто албай, же озуно ылайыктуу жаза таба албай убара. Канча ирет оз жанын кыйгысы келип барып, бирок бажырайып озуно тигилген эки чурпосунун балбылдаган куноосуз коздору учун гана бул тируулукто басып журбойбу? Бир кызды оз мээриминен ажыратканы аз келгенсип, эми бул экоону да зар кылып жетим калтыргысы келбеди. Бирок кайра туруп «бир баланы таштап эле кеттин го, эми журогун ойгонуп калдыбы?» — деп озун жемелегенге отот. Айтор мээсине дагы бир адам кирип алып, ойлору эки тарап боло ичинде согуш журуп жаткандай. Бири болду деп тынчтандырса, экинчиси «жоок, сен али жооп бере элексин! Сенин жазан алдыда! «- деп ичин тырмап жан дуйносун, ачыштырган жараатын козгоп улам азап берип жаткандай. Озун озу ичинен соттоп, кээде олумго окум кылса, кээде актап алат. Мына азыр да кол жээгинде озуно олумду ыраа коруп турган чагы. Анан эле капыстан оюна Бекжан тушо калды. «Сен! Сен куноолусун баарына! Сага жолуккан кунумо каргыш болсун. Ошондо мени сактап калбай эле, кайра тируулой тозоко алып келген турбайсынбы? Менин жашоомду озун чечип, анысы аз келгенсип Алмазды жылдар бою турмодо кармап журдун. Анан ошол ишти жасап жанымда жатып, коздорумо кантип тигилип жашадын? Менчи? Мен кантип сезбей калдым? Ошол убакта неге сенин пастыгынды корбодум. Мен коодонумду жаап, журогумду тындабай жашаганым ырас. Бирок сенин бул ишинди неге коздорум корбоду? Же такыр эле сокур болуп жашадымбы? Мен учун сен жакшы адамдын символу элен. Таза иштеген адис элен. Бирок ошол тазалыктын, ошол идеалдын бет кабын жамынган шайтан экенинди тушунбой сен менен омурумду откоргонумо окуном. Алмаз! Кечирчи?! Билем кечире албасынды,ошентсе деле кечирим сураймын. Кызым менин! Кантип? Кантип сенден баш тарттым экен? Ошол убакта эмне жонундо ойлодум экен? Эмнеге мен сени издебедим? Кайра сени жокко чыгарып, сен жонундогу элестерден качып жашадым го? Кечиргилечи мени?! » Нурперинин журогу орттонуп жатты. Анын бул абалда жургонуно беш айдын жузу болуп баратат. Жудоо тартып арыктап, дайым молтуроп кулуп турган коздору ыйлай берип ишип, кызарып кеткен. Тунук жузуно бырыш тушо, коргон адамга беш айда беш жылга каарыгандай элес калтырат. Эки баласы учун гана жанын суйроп жер устундо басып журот. Анын бул кейпин коро кээ бири боор тартып куйоосунун олумун которо албады деп баш чайкашса, кээ бири анын олумуно Нурперини куноолоп ушак айын таратып журушот. Ал эми Нурпериге баары бир болчу. Анткени ал кайра экинчи ирет кызын жоготуп алды. Ханайым менен Алини кайрадан жашоосунан таппай калды. Жибектин олумунон сон Ханайым изсиз жоголуп кетти. Али менен Ханайымды Султаналынын туугандары сыйпалап таппай аргасыз калышты. Баары жерге беруу менен алек болуп коз жаздымда калып бир заматта жоголуп кетишкен. Султаналынын отунучу менен милицияга кабар беришпеди. Анткени озу турмодо олтурса, кызды мыйзам жолу менен тартып алат деп коркуп кеткен болчу. Туугандары оз алдынча гана издештируу иштерин жургузуп жатышты.

 

 

***

Султаналы Борубаевичтин чет олкодо окуган жалгыз уулу Жаналиев Медер Султаналиевич издоодо. Атасынын кыныр иштери билинип, чекеден ачыла баштаганда чет олкодогу уулу да бул иштерине аралашканы маалым болуп издоо жарыяланган. Бирок ал кумга сингендей дайынсыз кетти. Жада калса апасын жерге беруу зыйнатына да катышкан жок. Орган кызматкерлери аны ушул зыйнатка созсуз келет, колго алабыз деп даярданышкан болчу. Бирок алардын ойлору ишке ашпай калды.

Олкого аты чыгып легенда болгон, миллионер аталып калын журтка таанымал Султаналы Борубаевичтин тагдыры ушундай чечилди. Миндеген мыйзамсыз товар ташуулары, чет жака мыйзамсыз чыгарган контрабандасы ачылып омур бою эркинен ажыратылды. Озунун атына, аялына, уулуна жада калса кызы Ханайымга катталган бардык мал-мулку конфискацияланып мамлекетке откорулуп берилди. Бул туурасында теледен улам кабарлардан корсотуп, ар туркун башка ушактарды да кошуп сайрап жатып калышты.

Анын уулу дайынсыз жоголгону озунчо темага айланды. Мамлекет, бийликтегилер гана эмес кримдуйносундо да аябай чон талкууну, керек болсо эки жаат болуп болуно урушууга чейин алып келди. Бирок так маалыматты эч таап, корсотуп далилдей алышпады.

Али Жибекти жерге беруу зыйнатына толук катышты. Кызы Ханайым коркуп калыптыр. Уктаган сайын улам тушуркоп чоочуп кыйкырып ойгонуп жатты. Апасы коз жумганда Али жанында болгон учунбу, же мурунтан эле Алиге жакын болгонгобу кечке анын колун кармап журду.

-Али байке сен мени таштап кетпейсинби? — деди колдорун бекем кармап.

-Эч качан, эч качан сени таштабайм. Дайым жанында болом соз берем! — деп уктап бараткан кыздын мандайынан ооп, устун жаап койду.

Сыртка чыгып жаназа окулуп, качан гана баары маркумду жерге бергени кетип жатышканда Али акырын уйго кирип уктап жаткан Ханайымды которуп, уйдун арты менен отуп, бакча тарапка даярдап койгон унаасына кызды салып бул жерден кетип калган. Шаардын сыртындагы эч ким билбеген, бардык шарты бар жаны батирине келип Ханайым экоо ушул жерде жашап калышкан. Уйдун бир болмосун сурот тартчу устакана кылып жасатып берип кызы менен сурот тартышат,анан экоолоп тамак жасашат. Ханайым деле коркуп калган учунбу же чын эле эс алгысы келдиби Алиден эч нерсе сурабастан журду. Бир гана тундосу уктаарда «мамамды сагындым» — деп коз жашын тогуп алат. Али башка нерсени ойлонгусу келбеди. Колунан келсе убакытты, дуйнону ушул калыбында токтотуп алууга даяр. Ал бул бакытты канча кутуп, канча курошту. Керек болсо дагы да курошот. Нурперини болсо кечире албай койду. Аны канчалык суйуп турганы менен, журогундогу ызаасы суубай кечиргенге мумкунчулук бербеди. Кызы уктап калганда балконго чыгып ойлуу турган Алини чырылдаган телефон селт эте козгоду.

-Алло угуп жатам?

-Али, кандайсын жигит?

Телефондун ары жагында токтоо суйлогон ундон Баратов экенин жазбай тааныды.

-Рахмат жакшымын. Озунуз байке?

-Жакшы. Али кыз сендеби? Туугандары издеп жатышат.

-Ооба байке кабарым бар.

-Албетте бул жагы озундун ишин, озундун каалоон Али. Мен созумдо турдум. Уй-булоонду таап бердим. Сен да келишим боюнча кынтыксыз иштедин. Мен оз чойромдогу ордумду туптоп алдым. Сага айткан сумма эсебине которулду. Биздин жолдор ушул жерден болунот.Ушул бойдон жакшы кундордо кезигели иним.

-Рахмат байке ыраазымын сизге! Сизден бир отунучум бар болчу.

-Айт.

-Ханайымга жаны документ жасатуу керек тез арада.

-Тушундум, болгону бул чечимине кийин окунуп калба. Эртен жигиттер барат.

-Рахмат байке.

-Аман бол иним!

Телефонду койгон Али Баратовко чын журогунон ыраазы болуп турду. Эгерде буга жолукпаганда анда жашоосу кандай болмок? Балким дагы эле Бекжандын буйругу менен турмодо жатмак. Чыкканда деле кайжерге барып, уй-булоосун, кызын кайдан тапмак эле? Башын дубалга койгулап кутуп олтурмак беле? Же ичип кочодогу дейдиген бомждарга кошулуп олуп кетмек беле ким билсин? Кызын таап мынтип кошо жашоо кыял болуп кала бермек да. Кызы демекчи эми башкача пландоо керек. Эртеби кечпи Султаналынын туугандары кызды таап алышат, ага чейин бул жактардан алыска кетуу керек. Али болмонун бурчунда темирден жасалган сейфти ачып катар тизилген акчалардын жанында турган, озунун документин алып чыкты. Али ушул бойдон баары бутту деп ойлоп жатты. Озунун планы боюнча ишке ашты, мындан ары да ушундай болот деди. Бирок жашоо деген чон дениз анын кызы экоо олтурган кемесин кайсы тагдыр жээгине чайпап алып бараарын билген жок. «Кайрылбайм! » — деп кетип жаткан оз жерине качандыр бир убакта кайтып келерин тээ журогунун тупкурундо сезсе да азыр «келбейм» — деп жатты…

 

 

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE