Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 8-БОЛУК

Шаардык прокуратуранын баш прокурору Бекжан Акимович оз омуруно кол салыптыр, денеси оз уйунон табылды.» — деген кабар олкого желдей тарады. Канча кундон бери ийне устундо олтургандай болуп тынчы жок жургон Султаналы оор жукту желкесинен алгандай дем ала тушту. Демек Али ишти бутургон.» Азамат! «-деп алды. Ангыча короо тараптан аялы Жибектин уну угулду.

-Сиздерге эмне керек?

Султаналы иш болмосунон чыгып уйуно кирип келген орган кызматкерлерин коруп чочуп кетти.

-Келиниздер.

-Султаналы Борубаевич сиз биз менен баруунузга туура келет.

-Кандай жумуш менен тушунгон жокмун.

-Сизди кармоого далилдер бар. Андыктан баарын биздин мекемеде суйлошобуз. Каршылык корсотпой биз менен кетуунузду отунобуз.

Султаналы Жибекти, коркконунан коздорун алайтып апасынын артында турган кызына карады.

-Ханайым!

-Атаа.

Чуркап келип атасын кучактап алды.

-Коркпо кызым, мен жумуштар менен. Бат эле кайтамын. Анан сени сурот ийримине озум алып барам макулбу?

-Атаке сени кутуп олтурам.

Атасынын жузунон ооп алды кыз. Анан кулагына:

-Сени жакшы кором атаке?! — деп шыбырап койду.

Кызын чачтарынан жыттап алды да орган кызматкерлер менен кошо алардын унаасына олтуруп кетти. Жибек эмне кылаарын, кандай жол тутуп, кимге чалаарын билбей алдастап калды. Деги эле ушул кунго чейин куйоосунун ишине аралашып корбоптур. Мындай убакта эмне кылуу керек? Кимге жардам сурап кайрылуу керек? Султаналынын ишенген кызматчы же тааныштарын деле билбейт экен. Али! Эсине келе шашыла колдору титиреп Алиге чалды очук. Кайра ойлонуп олтуруп оздорунун жеке юристине чалып, кабар берди. Ал шашыла Султаналыны алып кеткендер менен байланышып ошол жака бара жаткандыгын, Жибекти уйдо болуп туруусун суранды. Кун кечтеп баратты. Телевизордон улам прокурор Бекжан Акимовичтин каза болгонун, анын артынан эле олконун белгилуу бизнесмени Султаналы Борубаевичти камака алынгандыгы тууралуу кабар жанылыктардан байма-бай корсотулуп жатты. Жада калса кээ бир маалымат булактары экоонун бири-бирине байланышы бар экенин да айтып чыгышты. Олкодо сенсация болуп, гезит теледен ушул экоону гана корсотуп туруп алды. З кундон сон Жибектин алдына Султаналынын жактоочусу келди. Абалдын оор экендигин кабар берди. Белгисиз бироо милиция болумуно Султаналы жонундо кабар берип, анын мыйзамсыз контрабанда менен товар откоргондорун, дагы коптогон кыныр иштери далилденген документти тапшырып кетиптир. Эч кандай актоого мумкунчулук жок, жада калса эсебиндеги миллион акчалар, бут мал-мулку конфискациялоого алынып мамлекеттин казынасына откоруп берилет деген чечим чыгаарын айтып кетти.

Али Султаналы Борубаевич камака алынгандан сон бир жумадан кийин аны корууго барды. Чакан болмодо кутуп турду. Колдору артына боло кирип келген Султаналы Алини коруп кубанып кетти.

-Али?! Амансынбы?

-Шеф…

-Мени мында киргизип салышпадыбы? Тиги Бекжан бироого дайындап койгон окшойт. Али сен ошол адамды табуун керек. Таап кайра берген документин жалган деп жазып алууга мажбур кылышын керек.

-Султаналы Борубаевич! Ал адам менмин.

Али кожоюнунун коздоруно тик карап айтты.

-Кайсыл адам сен?

Султаналы тушунбой кайра сурады.

-Маалыматты органга мен бердим.

-Эмнеее?! Эй акмак сен эмне деп жатасын ыя?

-Билем. Мен жасадым бул иштерди.

-Ким? Кайсы душманымдын буйругу менен келдин?

-Сизде жеке маселем бар.

-Сенин мендеби э?

Султаналы мыскылдуу каткырып алды.

-11 жыл мурун багып алган кызын Ханайымдын оз атасы ким экенин билесинби?

Азыр эле каткырып аткан Султаналынын ону заматта бузула тушту. Алинин жакасынан ала муунтуп дубалга такап турду. Коздорунун ичи кызарып муунадары калчылдап чыкты.

-Кайдагы жомокту айтып журосун иттин баласы?! Ханайым оз кызым!

-Ошол туну балдарды алмашкан дарыгер озу айтып берди. Гулжан Оморбековна!

Али энтигип суйлоду.

Султаналынын карышып, Алинин жакасында турган колдору шалдырай тушуп кое берди.

-Менин жеке жашоомду мынчалык оодарып текшергенге эмне туртку болду?

-Жок, мен оз жашоомду тургузуп жаткам. Мен турмого кесилгенимде келинчегим баладан баш тартып кетиптир. Анан, чыгып изилдеп олтуруп таптым. 10 жыл турмодо ушул кызым учун жашадым.

Султаналы Алини тан кала карап турду.

-Деги сен кимсин?

-Мен да сиздей адашкан пендемин.

-Али кызымды талашпа! Туура жакшы адам эмесмин, коптогон кылмыш кылдым, канча адамды сыздаттым. Бирок… Жибек билбейт. Жада калса кыз озунуку эместигин билбейт, укса которо албай калат. Жибектин жашоосу Ханайымга байланган. Мен ыраазымын мен менен эмне кылсан да. Бирок, бирок кызымды Жибектен талашпа… Сенден бир гана ушул нерсени суранам. Жибек менен Ханайым бактылуу…

Султаналы жалооруп суранып жатты. Анткени азыр алдында мындан башка жол турганын коро албай, чарасыз олтурган эле. Алинин коздорунон эле ондуу жооп ала албасын тушунсо да суранып жиберди.

-Мен кызымды баары бир тартып аламын!-деген Али сыртка чыгып кетти.

-Жооок?!

Султаналы жабылган эшиктин артынан кыйкырып кала берди. Алинин Султаналыны уккусу, жалооруп суранганын коргусу да келбеди. Анткени ал да кызынан баш тарта албайт болчу… Анда жашоосунун мааниси, максаты кетип, тусу озгоруп калбайбы?

 

 

***

Бир жумадан бери кара кийинип олтурган Нурперилердин уйуно конул айтканы келген адамдардын аягы эми суюлуп калгандай. Жек коруп калганы менен кантсе да уул, кыз тапкан омурлук жолдошун жоготту. Оор тийди Нурпериге. Мурункудай уй ичи шанга толбой балдары да томсоруп болмолорунон чыкпайт. Бир аз озун алаксытуу максатында унаасын айдап чыкты. «Кошо барам» — деген Элдарды уйго калтырып жалгыз сейилдегиси келди. Аза менен болуп Ханайымга бара элек болчу, алгач уйуно отом деп кайра бугун жума болгондуктан «Ханайым сурот ийриминде болуш керек» — деп ошол жака айдап жоноду.

Бул убакта Али да алгач уйуно барып Ханайымды таппай ал да издеп ушул жака келе жаткан болчу. Экоо бирдей келип эки четке токтошту. Жаны гана чыккан Ханайым алгач Алини коруп кубанып кетти да чуркап жоноду.

-Али байкееее?!

Озуно карап колдорун жайып кызы чуркап келе жатат. Али да кадамын тездетти. Ошол муноттордо Али учун ушул кыска аралык мин чакырымдай узак сезилип кетти. Канчалык талпынса да кызына жетпечудой сезилди. Мына кызына жетип келди. Ханайым мойнунан кучактап алды. Кызын которуп айлантырып алды.

-Кызым менин!

Алинин козунун кычыгынан жаштар тоголонуп кетти.

-Али байкее?! Мен сени сагынбадымбы? Канча куттум. Анан келбейт окшойт деп коркуп да кеттим.

-Кантип келбей коем сага кызым.

Кызынын чачтарынан жыттап да, суйлоп да жатты.

Жерге тушуруп коздрруно карады.

-Ханайым!

-Эмне болду сага Али байке? Ооруп калдынбы?

-Сени сагындым кызым!

Жакын аралыкты булардан козун албай Нурпери карап турган эле. Алини таанып, тааный албай турду. Алмаз дейин деп бирок башкадай корунуп акылы жетпей катып турду.

Бир убакта бери бурулган Ханайым коро коюп:

-Нурпери эжее?-деп жетип келди.

Нурпери кучагына басты. Коздоруно келген жашты корсотпой суртуп алды. Акырын басып Али келди.

-Саламатсызбы?

Нурпери эми даана корду Алинин коздорун. Озу озгорулуп башка адамга айланса да коздору ошол бойдон экен.

-Сса-саламатчылык, — деди аран оозун кыбыратып.

-Ханайым уйго жеткирейинби?

-Мага машина келген, бирок мен сиз менен кетем, — деди кыз кубана кудундап.

-Ханайым азыр сен келген машина менен уйго бар, апан сарсанаа болуп жаткандыр. А мен жумуштарымды бутуруп артындан барамын, сурот тартабыз.

Али кызды салып жиберип Нурпери экоо эл аз кирген чакан ресторанга кирип олтурушту.

Нурпери менен жолукканын кыялында такыр башкача элестетчу Али. Нурпери баласы менен тосуп алмак, деги койчу ар кандай кыялдарды ойлоп ошол менен жашап он жыл турмонун азабын ушул экоонун таттуу элестери учун гана женип чыкпады беле?

-Алмаз?

-Менин атым Али. Алмаз эми жок.

Нурперинин козунон жашы молт эте тамып кетти.

-Мени кечир?!

-Айтчы Нурпери эмнеге? Эмнеге мынттин? Кантип конулун барды? Мен го мейли турмого тушту деп кечип кеттин, а бирок кызыбызды кантип журогун чыдап таштап кеттин?

Нурперинин бул суроолорго жообу жок болчу. Озу ушунча жыл жооп таба албай, озун актай албай жашап келди. Анан кантип буга актанат? Деги эле жасаган жоругун актап болобу?

-Мен, мен корктум. Сен абака тушкондон сон уйду да тартып алышты. Кочодо калдым, аргасыздыктан жол таба албай калдым.

-Анан?! Анан баланды таштап, тиги чириген байды ээрчип, мени, кызыбызды ошонун акчасына сатып жибердинби э?

Али озун кармай албай кыйкырып жиберди. Алдында ыйлап турган бир кездердеги суйгон жубайын тааный албай жатты. Бир эле себеп айтат деп куткон. Бир себеп айтса журогундо актап кечирип алам деп ойлогон. Бирок андай болбоду. Нурпери озун актоого, аракет да кылбаганын коруп ансайын кыжыры келе сыртка атып чыкты да унаасына олтура жоноп кетти. Канча журду белгисиз бир убакта телефону чырылдап жатты, карабай койсо басылчу туру жок улам кучоп жатты. Караса Султаналынын уй номери экен.

-Алло?

-Алло Али байкеее?

Ханайымдын ыйлаган уну угулду. Али коркуп кетти.

-Эмне ыйлап жатасын? Эмне болду?

-Али байке, мамам дем албай жатааат!

-Ханайым коркпо ыйлаба мен барып каламын. Тез жардамга чалдынбы?

-Чалдым. Мен коркуп жатам Али байкеее.

-Азыр мына баратам кызым!

Али козуно эч нерсе корунбой чон жолдо октой учуп жоноду.

 

 

***

Жибек жолдошу жонундо анын жактоочусу айтып келген создорго такыр ишенгиси келбеди. Ооба анын козундо Султаналы эн жакшы адам, камкор куйоо, мээримдуу ата эмес беле? Жок, ага болгон, кызына болгон суйуусунон кумон санай албайт. Уйрулуп тушуп элжиреп эркелетип кареги менен тен айланчу. Анан кантип мындай иштер колунан келет. «Жоок!» — деди Жибек. «Бул Султаналыны коро албай, ага кара санап жалаа жапкандардын иши! Мен билген, мен суйгон Султаналы мындай жоруктарды жасай албайт!» дили менен сезип турса да жолдошун эч жаман созго, деги эле арам ойго кыя албай турду. Канча кундон бери жакындары менен корушууго тыю салып коюшкан эле. Алдына бир гана жактоочусу кирип чыга алат. Фирмадагы ишин да токтотуп салышты. Атугул соода борболорун да жаап, банктагы эсебин да кулпулап салышты.Чет жерде окуган уулу да оз эсебинен акча чыгара албай жаткандыгын айтып чалды. Жибек айласыз калды. Кызы Ханайымды сурот ийримине жиберип, озу Султаналы менен кезигууго кетти. Уйунун айланасынан алыс кетпей дарбаза ачылышын эле кутуп турган толгон журналисттер да Жибектин аргасын туготушту. Куну-туну андып, бироо эле сыртка баш бакса жабыла калышып тугонбогон суроолорун жаадырып киришет. Алдынкы эшиктен эмес, уйду айланып отуп, бак тараптан, чакан кочо аркылуу сыртка чыкчу эшик менен кирип чыгып журушту.

Аран уруксат менен жарым саатка гана жолугушуу уюштуруп беришти. Жибек жудоп саргарып, коздорунун алды ишимик тартып чарчанкы чыккан куйоосун аяп кетти.

-Султаналы?

Кучагына бой таштап шолоктоп ыйлап кирди. Бул жака келерде «ыйлабаймын, ага кайра дем берем» — деп озуно соз бергени заматта эсинен чыга жолдошун коруп бошой тушту. Ар дайым кандай кырдаал болбосун жол таап, эч качан мынтип могдоп калбаган куйоосуно боору ооруп ыйлап жатты.

-Жибек ыйлабачы. Баары жакшы. Коруп турасын го мен тируумун. Андан коро айтчы Ханайым кайда? Жакшы журобу?

Эсинин баары кызында болчу. Али келип кеткенден сон кызды уурдап кетет деп сарсанаа болуп жаткан.

-Ийримине кетти. Канча кундон бери сыртка чыга албай бук болду балам.

-Жибек кызды эч жака жибербей уйдо болгула.

-Султаналы?!

-Жибек айтканымды ук.

-Айтчы Султаналы ушунун баары жалган дечи? Сага тагылып жаткан куноолор жалган да, алар жон эле сени коро алышпай каралагысы келгендердин иши да.

Жибек куйоосунун коздоруно карап жалынып жиберди. Азыр ушул тапта Султаналыдан «ооба жалган, коросун далилдеп берем»-деген сыяктуу создорду кутуп турду. Аялынын умуттуу, ишенич толгон коздоруно карай албай Султаналы башын буруп козун ала качып ары карай басып кетти.

Ортодо жагымсыз унсуздук орун алды. Берилген суроосуна жооп ала албай Жибек ордунда катты. Ал жми Султаналы болсо ичинен создорун кайталап, азыр Жибеке баарын айтып берууго батына албай турду.

-Жибек! — деди бир убакта демин ичине жутуп.

-Менимче убагы келди окшойт сага айтуунун.

-Эмне дегин келип турат? Сен ошол создорго ишен дегени турасынбы? Ооба ошондой мыкаачы, пас адаммын дегин келип жатабы?

-Мени укчу? Суранам убакыт тар. Ошондуктан ук мени. Анан мага кандай окум чыгарасын ал сенин каалоон.

Жибек коркуп кетти. Азыр коркунучтуу кабар уга тургандан бетер коздору алайып, куйоосунун жанына жакын басып келди.

-Жибек,билесинби азыр айтчу нерсемди сен кабыл алуун оор болот. Бирок аргасызмын. Мен омур бою бул сырды айтпайм деп соз бергем. Бирок башкадан эмес, оз оозумдан угуу сага бир аз женил болот. Анткени ишенбейсин. Жибек Ханайым торолгон кун эсиндеби?

-Эсимде кантип унутайын? Кызымдан ажырап калдым деген коркунуч менен козумду ачкам, анан сен кызымды колума карматкансын.

-Жибек, биздин бала чын эле олуу торолгон. Мен, мен коркком. Сени которо албайт деп.

Сенден ажырап калам деп катуу корккомун ошол убакта. Анан «жаш кыз тороп эле баш тартып кетти» — деп Ханайымды карматышты. Алгач сага айтып эле анан асырап алууну ойлоп, сенин абалынды коруп бул оюмдан кайттым. Сага айтпайм деп чечтим.

-Кызым, жоок! Ал менин кызым. Озумдун!

Жибек турган жеринде озунун боюн кармай албай олтура калып ыйлап жиберди. Султаналы сойоп жанына олтура калды. Аялына кошулуп озунун козунон да жаштары эрксизден куюлуп кетти. Ушул азыркы тапта кантип аны тынчтандырууну да билбей унун каргылдантып:

-Ооба Ханайым биздин кызыбыз. Ал кызды асырап алганга окунбоймун. Мен эч качан бул жонундо айтпайм дегем. Бирок… Бирок Ханайымдын оз атасы…

-Эмнее? Кайсы оз атасы! Сенсин анын атасы! Болду, башка соз уккум келбейт.

Андан бетер аял чанырып жиберди.

-Жибек тушунчу Али каалаган убагында кызды тартып алышы мумкун!

Аялын сойоп чоголоп олтурган куйоосунун оозуна башка соз келбей, аргасыз куноолуу унчукту.

-Али?! Биздин Алиби?

Чачтары жузун жаап, коз жашы тогулгон Жибек Султаналыга тан кала карады.

-Ооба, корсо мынанын баары ошол Алинин кылганы экен. Мени мынтип турмого олтургузуп, кызын тартып алам деп журот. Бирок мен ага жол койбоймун. Сен тез арада Ханайымды алып уулундун жанына кетуун керек.

Жибек кудум башка жакта жургондой эле. Азыр куйоосунон уккан чындыгы озуно тиешелуу эместей кабыл албай жатты. Бир убакта Султаналынын силкип жибергенинен эсине келе тушту.

-Жибеек?! Убакыт тар. Уйдогу акча койгон сейфти билесин,тез билет алып учуп кеткиле.

-Бирок сени таштап кантип? Сенин абалын кандай болот? Жок, мен сенсиз эч кайда кетпеймин.

-Ожорлонбо! Мага эч нерсе болбойт соз берем. Бул жактан тез эле чыгып кетемин. Азыр Ханайымды тигиден сакташыбыз керек! — деп жатканда эшиктен абактын кызматкерлери кирип убакыт бутконун билдирип, Султаналынын колун артка кылып алып чыгып кетишти.

-Жибек менин айткандарымды унутпа. Батыраак аракет кыл!

Жибек кыйкырып чыгып бараткан жолдошунун артынан жалдырап карап олтурган жеринде кала берди. Анын азыр акыл-эси очуп калган сыяктуу. Бул коруп турган нерселери туш сыяктуу сезилип, такыр ойгоно албай жатты. Катарынан берилген соккулардын эн оору ушул болду. Ушунча жыл бактылуу жашап, кайгысыз кун кечирген уй-булоосу мынтип коз алдында урап тушкондой. «Кантип? Кантип эле ушул чындык болсун? Мен торогон кызым меники эмес беле? Жооок?!» — мээсинде тынбай айланган бул суроолор айласын кетирип жиберди. Бир убакта гана эсине келе, коз жашын суртуп, уйпаланган чачтарын ондоп сыртка чыгып баратты.

Шалдырап, чарчанкы абалда аран уйуно кирип келген Жибекти Ханайым тосуп чыкты.

-Маама!

-Копологум менин!

Чуркап келип мойнуна асыла калып ооп жиберген кызын бооруна кыса кучактап кое бербей турду. Кантип ушул кыз анан озунуку эмес болсун? Кокурогу тилинип кетти! Эч качан бул кыздан ажырап жашай албайт. Жибек эч качан бул чындыкты кабыл албайт. Мумкун эмес! Азыр эле боорунан ушул балапанын жулуп алчудай титиреп кызын бекем кучактап алды.

-Мама? Ыйлап жатасынбы? Эмне болду?

-Берекем, колоком менин! Ыйлаган жокмун кызым, сени маман аябай жакшы корот балам!

-Мен да сени жакшы кором мама! Асмандай жакшы кором.

Кыз секире калып колу менен кокту коргозо жымындап алды.

-Кызым мен азыр тушом которунуп алайын.

Жибек негедир кокурок тушу оор тартып ачыштырып жибергенинен кызын коркутуп албайын деп болмосуно чыгып баратты. Болмосуно жетпей колдору титиреп, козу карангылап бут алдынан жер кочуп бараткандай деми кысыла энтигип дубалга жолоно калды. Коз алды тунарып барып кайра жазылып кетти. Дубалга жолонгон калыбында акырын жылып болмосуно аран жетип, калтыраган колдору менен тумбочкадан даары издеп жатты. Жок, алы кетип улам кулак тубу тунуп, дем алуусу тездеп, ичине от тушуп кеткендей дене бою кызып чыкты. Буту колу озунуку эместей шалактап, кыйкыра албай уну тумчуга жерге кулап тушту…

 

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE