Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 7-Бөлүм

 

 

***

Али кийинип уйунон чыкты. Эч кандай даярдык корбой жанына бир гана куралын салып Бекжандын уйун коздой зуулдап айдап баратты. Ал жашаган кочого бурулуп бирок уйуно жетпей уйдун арт тарабына бурулду да машинасын бир аз алыс жерге токтотуп андан ары жоо келди. Келип конгуроону басайын деп туртуп корду эле дарбаза ачык экен, кудум бироону кутуп жаткандай. Адатта уйдун алды жан сакчылар менен курчалып турчу, ошондой элестетип акырын кирип барды. Олуу тынчтык. Уй болжол менен 3,4 кун каралбагандай газондун устундо ар кандай буюмдар чачылып жатат. Алинин оюна Бекжан качып кетти деген келди. Чуркап уйдун ичине кирип издей баштады. Уй ичи да бопбош. Экинчи кабатка которулуп ар бир болмонун эшиктерин туртуп абдан карап жатты. Узун коридордун торундо жайгашкан эшике келип буту менен ачып кире коюп тордо креслодо олтурган Бекжанды корду.

Ал эч кандай коркуп ордунан да козголгон жок. Алгач Али этияттанып балким тузак койду деп ичкери кирбей ордунда турду. Колундагы ичимдигин шашпай ууртаган Бекжан:

-Кел баатыр, — деп жылмайып колу менен жанаша жайгашкан креслону корсотту.

-Кап этпейсин ушул болмодон тосуп алганыма…

Али аярлап эки жагын сактык менен карап кирип келди. Козу менен болмонун ичине абдан маани берип коз жугуртуп, эч кандай тузак жок экенин тушунгон сон Бекжанга катарлаш креслодон орун алды. Бекжан ичимдиктен куюп Алиге сунду.

-Рахмат.

-Коркпо уу кошпогом.

Бекжан каткырып алды.

-Мен чын эле ичпейм..

Али жаман козу менен карап турду.

-Даа, сени мен 2 кун мурун кутком. Султаналы Борубаевич копко ойлонгон го?

Тамекисин тутантып жатып суйлоду Бекжан.

-Борубаевич эмес, сен менен озумдун жеке маселем боюнча келдим!

-Сенин менде кандай маселен болушу мумкун?

Бекжан тан кала сурады.

-Демек мени эстей албайм дечи? Кара жакшылап жузумо балким эсине тушоормун!

Бекжан кунурт болгон болмодо Алинин жузуно карап турду да, башын чайкады.

-Жоок, жакынкы 6 жылда корбогом.

-11 жыл мурунчу? Сот залын эстейсинби? Анда козун тушуп ашык болгон кыздын куйоосунун жузу кантип эсинден чыгып кетти?

Бекжан ордунан тура Алиге жакын келип жузуно тигилип алып кайра креслого олтура каткырып кулуп жиберди.

-Алмаз Арапбаевич? ! Сен кайдан журосун мында? — кулкусун тыя албай суроо узатты.

-Кутподун беле? Эмне ошол бойдон калып кетет дединби сен киргизген абакта?

Али кыйкырып жиберди.

-Алмаз озгоро тушупсун, болбосо алгач коргонумдо эле таанып коймокмун. Анан атынды да озгортуп…

Пример HTML-страницы

Бекжан колу менен башын корсотту.

-Болбосо сенин атынды мээме очпос кылып жазып алгам. Кызык сенин таап келгенин. Анан да Борубаевичтин айдоочусу болуп иштегенин.

-Бул кокустук эмес эгер билсен. Мен атайын Нурперини, сени изилдеп таптым.

-Ал азыр менин мыйзамдуу аялым, озун коргондой балдарыбыз бар. Нурперини бактылуу кылдым мен.

-Ыя де? Бироонун жашоосунун эсибине бактылуу жашадынарбы э? Билесинби жооп берчу кун келгенин? Бир убакта сен мени капканга салып кеттин эле. Жоок, сен келинчегимди, ал эми сенин шеригин Султаналы кызымды тартып алдынар!

-Эмне кызын?

-Ооба кызым, озунду билбеген адам корсотпо?! Балким сен мажбур кылдын Нурперини кыздан баш тартуусуна.

Али куралын октоп Бекжандын так мандайына такады. Олум менен мандай келип коркуп кетти Бекжан. Жашоосунда коп эле жолу ок атышуу, кан тогуулорду коргону менен ажал менен мынчалык беттешип кез келе элек болчу. Титиреген колдорун ойдого которо суйлоп жатты.

-Али, мен… Мен билбегем Нурперинин кыздуу болгонун. Мен аны сот залында коргондон кийин 7 айдан сон чон сууга боюн таштайм дегенде куткарып калгам. Ыйлап жаткан болчу, ошондо эстегем…

Бекжан ошол калыбында олтуруп Алиге баарын айтып берди. Али Бекжанды карап чын суйлоп жатканын корду. Ошол куралды мандайына такап турган калыбында суйлоду.

-Билесинби олум алдында сен да бир чындыкты билуунду каалаймын. Султаналы менен сени мен кайраштырдым. Тиги чек арадагы тоноону мен уюштургам. Сага да мен кол салдым. Экоондун мамиленди бузуп, душман кылган мен болом!

Бекжан каткырып кулду.

-Даа, эч кимдин оюна келбейт болчу. Султаналы озу да шек албаса, демек ишенимине катуу киргенсин. Сени ошол абакта жайлатып салбаган экем. Жылдар отуп мынтип мандайыма курал такап турушун тушумо да кирбептир.

-Оной адам леп ойлодунар беле?

— Менин сага сунушум бар.

-Жанымды алып кал десен жанылышасын.

-Жоок менин эмес. Балдарымдын жанын сакта. Ошолордун коопсуздугу учун сага сунушум бар. Султаналыны жок кылчу документ бар менде. Омур бою абака кесилип кетет. Ошону колуна карматам, мени олтур жашоодон умутумду узуп деле койгом. Болгону балдарымды сага тапшырам.

Бекжандын уну дирилдеп, козунон жаштар агып жатты. Кызы менен уулун эстегенде мууну бошой тушту. Али куралын тушурду.

-Али, менин куноом озум менен кетсин! Балдарыма зыяным тийбесин.

-Документти бер, — деди Али акырын.

Бекжан ордунан туруп кузгунун алдына даярдап койгон кагаздар салынган файлды которуп келип Алиге сунду.

Сыртта кун кызарып жаны гана уясына батып бараткан. Бекжандын уйунун арт тарабындагы чакан бакчага конуп, сайрап жаткан куштар уй ичинен «тарс» эте чыккандан ундон шырп эте учуп кетишти. Али куралдагы озунун бармак издерин аарчып, тазалап Бекжандын колуна карматты да, уйго кандай кирсе ошондой болуп чыгып кетти.

Сырттан бироо кирип корсо Бекжан озун олтурду деп жыйынтык чыгараары анык. Анткени уйдо эч кандай мушташуунун же сынган нерсенин изи жок. Кунурт болуп тутун каптаган болмонун торундо, стол устундо ичимдик, уйулгон тамеки калдыктары, жанындагы креслодо мандайынан кан агып колунда курал менен Бекжан жатты.

Адам баласы ар бир жасаган кылмышы учун жооп берери, ал эми жасаган жакшылыгы учун жараткан тарабынан сыйланаары белгилуу. Бекжан акча учун канча адамды куноосуз жазалап турмого кесип, кылмышкер адамды боштондукка чыгарып адилетсиз чечимдери учун бул жаза болгондур. Тымызын жургузгон коррупциялык иштеринин акыр тубу баары бир же олум менен же озу абака кесилуу менен аяктаары маалым болчу.

 

 

 

Уландысы бар :

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE