Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кан жыттанган бакыт 6 бөлүм

 

 

-Нурпери баары жакшы болот. Соз берем тез арада жолугабыз, анан баарыбыз чогулуп саякатка кетебиз, макулбу?

Куйоосунун «соз берем» — дегени дем бере журогу бир аз женилдей тушту.

-Макул, абайла озунду. Бизден сарсанаа болбо.

Короодон эки машина болуп алдыдагы машинада Нурпери, артындагы машинада 2 жан сакчысы болуп чыгып кетишкен уй булоосун узата кыйла карап турду да, оор ушкуруп алды. Уйго кирип бардык кызматкер, жан сакчыларын чакырып, акчаларын кармата жооп берип жиберди. Жан сакчылар кожоюнунун бул кылыгына тушунушпой бир эсе тан калса, бир эсе бул капастай болгон уйдон кутулгандарына кубана чыгып кетишти. Зангыраган ээн уйдо конултуктап жалгыз калды Бекжан. Кече эле ызылдап балдарынын кулкусу жанырып шанга толуп турган уйу мынтип олуу тынчтык окум суро тымтырс боло тушту. Шалдырап басып балдары ойноочу болмого келип олтурду. Канча отурганы белгисиз айланага куугум тушуп калганда гана эсине келгендей ордунан тура кайраттуу кадам таштап иш болмосуно жоноду.

Бекжан ошол Султаналыга жолуккандан кийин эле анын бироону жалдап, озун олтурууго буйрук берерин сезген. Ошондуктан болгон коопсуздук чараларын коруп, уй-булоосун шаардын алыскы тоо боорундагы эч ким билбеген чакан айылдагы дачага эн ишенимдуу жигиттерин кошуп жиберди. Алгач Султаналы менен иштешкен келишимдин оригиналы озундо болгондуктан ошол папкадагы башка кагаздарга кошуп орттоп жиберди. Калган болгон мал-мулкун, оз уулунун атына каттады. Колундагы эн ишенимдуу жигити, Нурперилер менен айылга кеткен Элдарга коп иштерин дайындап койгон болчу. Озу жуунуп шашпай олтуруп тамактанды да уктоочу болмосуно чыгып тошогуно баш койду. Керебетке чалкалай ойгоо копко жатты. Жаткан тошогуно Нурперинин жыты синип калган экен жаздыгын кучактап жыттап алды. Бекжан мындай опурталдуу ишке кол уруп жатканда эле арты ушундай бутоорун сезген. Билип туюп турса да напсисине ээ боло албай, байлыкка, май-дуйного азгырылып эркин башкара албай кеткен эле.

 

 

***

Коздорун ирмегилеп ачып башка эле потолокту коро ордунан атып турган Али мандайында Баратов олтурганын коруп озуно келе тушту. Кече уккан создору туш сыяктуу элестеп, башы, денеси жанчылып ооруп жаткандай.

-Байке. Эмне болуп кетти? Кайда алып келдин?

-Менин батиримдебиз, коркпо уйдо экообуздон болок эч ким жок.

Идиштеги сууну сунуп жатып суйлоду Баратов. Суудан ичип бир аз женилдеген Али озунон козун албай карап олтурган байкесинен сурады:

-Чын эле Ханайым менин кызым экенин кайдан билдин, далилдер барбы?

-Ооба, Нурперинин торотун кабыл алган дарыгер, озу кантип алмаштырганын айтып берди,жаздырып да алгам, — деп кичинекей диктофонду сунду.

-Али сага дагы эмне далил керек? Оз кызын экенин журогун менен эле сезип жатпайсынбы?

Али башын мыкчый калды. Ошол калыбында копко олтурду. Бир убакта:

-Ойлонушум керек, — деп уйдон чыгып кетти.

Кайда баратканы деле белгисиз. Жон гана машинасын айдап максатсыз эле алдын теше тиктеп кетип жатты. Бир убакта шаардан кыйла эле алыстап чыгып кеткенин байкады, айланасына коз жугурто чакан токой сыяктуу бакты коро ошол жака буруп жоноду. Машинасын обочораак жерге токтотуп озу бактын ичин коздой тушкон жалгыз аяк жол менен бак аралай басып баратты. Коз алдына бут жашоосу тартылып, астын-устун болуп кеткендей. Бир тартипке салып баарын башынан тизмектеп ойлоп корууну чечти. Балалыктын таттуу кундорун деле корбоптур, балалык десе эле козуно балдар уйунун жылуулугу жок тошончулору, муздак кунарсыз дубалдары, анан жузунон мээрим эмес заар чачырап турган тарбиячы эжелер тартылат. Андан кийин балдар уйунон кетип, оз оокатын кылып эптеп кун коруп жургон. Такай залга барып машыкчу. Ошондой кундордун биринде машыктыруучусу ушул Баратов менен тааныштырып анан эле эрежесиз мушташтарга тушуп, алардын жашоосу менен жашап бул чойрого аралашып сунгуп кеткен. Кийин башка адам менен иштешип, тынчылыкты уйроткон сабактарга катышкан. Эчендеген чиновниктердин артынан тушуп андып, буйрук менен канча адамды сызга олтургузушту экен. Анан Нурпериге жолуккан, чыныгы бакытты, уй-булоо дегенди ошол аялдан сезген. Канча ирет озуно «Нурпери учун бул ишти таштаймын» — деп соз берип кайра эле чырмалган тордон чыга албай, кайра ал тор оз ченгелине тартып бараткан. Акыркы ошол иштен кийин жыйыштырам деген болчу. Кашайып камалып кетпедиби?! Андан ары озу да билбейт. Бат эле чыгарабыз деген командасы такыр байланышты узуп жоголуп кетишти. Корсо, корсо кептин баары бул жакта жаткан туура. Али Бекжанды ойлогондо кадимкидей кыжыры кайнап чыкты. «Ушул сен мени турмодо кармап калдын. Сени деп омурумдун 10 жылы турмодо отту. Келинчегимди тартып алдын! Кызымды болсо берип жибердинер. Эмне акынар бар менин жашоомду мынтип чечкенге?! Болду, эми мен да оз бактым учун, оз кызым учун курошом. Эч ким, эч нерсе тоскоол боло албайт. Султаналы сени да жок кылам керек болсо. » ушуларды ойлогон Али шашыла машинасына баратты. Бир аз мурун эле шалдырап, чечкинсиз кадам таштап женилип бараткан Алиге кызын ойлогондо кайдан жайдан дем келип, кучтуу боло озун женилбес баатырдай сезип кетти. Бала канчалык кымбат ээ? Адам баласы эмес жада калса торт буттуу айбан да баласына кол салса кооруп айбат корсотот эмеспи? Ал эми Али ушул кызы учун жашап журбойбу? Турмодо жатканда деле, озун ойлоого чамасы келбей эсинин баары тороло элек баласында калган. Эми болсо мынтип тагдырдын тамашасы дейби же оюнубу бир жылдан ашуун оз кызынын жанында журуптур. «Кызым менин, кичинекейим. Акылдуум» — деп ичине батпай кубанып, кызын азыр эле кучагына басып эркелеткиси келип турду. «Мен сенин атамын» — дегиси келди. Кайраттана озуно ишенип баратты. Эми анын кызы бар, мурун бар жок экени белгисиз болуп, бирок умутко байланып журсо эми анык билет кызы бар экенин. Али кызы учун баарын жасайт. Кызы учун ашууларды ашып, дуйно кезип кеткенге деле даяр. Чак тушто шаардан тездик менен октой атып чыккан машина кун кызарып калганда гана шаарга кайра кирип келди.

 

 

Нурпери балдары менен карангы куугумду гана кирип келишти айылга. Машинадан тушкондо эле чыйрыктырып тоонун муздак бирок таза абасы тосуп алды. Жузун аймалай назик согуп жаткан салкын желге тосуп бир аз турган сон уктап калган баласын которуп, кызы Жылдызды жетелеп уйго кирип баратты. Артынан жигиттери керектуу азык-тулук, кийимдерин сумкалары менен которуп уйго жайланыша башташты. Кундузу эле Бекжандын буйругу менен оздорундо иштеп кеткен кызматчы кыз келип уйду даярдап турган экен. Нурпери дагы бир жолу Бекжандын кылган камкордугуна ичи жылый тушту. Жолдо балдар менен болуп бир аз алаксый тушкон экен, Бекжан оюна тушкондо дагы кокурогу кысыла тушту. Коодонун белгисиз бир коркунуч каптап такыр тынч ала албай койду. Озу эки жагына уулу менен кызын кучактап бул жерде жатканы менен ойлорунун баары шаарда томсоруп, буларды узата карап оор ушкуро калган Бекжанда эле. Туну менен бир кирпик какпай тан аттырып жиберди. Танкы тамака олтурганда да табити тартпай такыр тамак отпой койду. Сыртка чыгып, бакта чуркап ар кандай гулдорду терип кубалашып ойноп жургон балдарын карап бир аз конулу жайлангандай. Бир кун кечке балдар менен болду, айылдын тоонун абасы кандай керемет! Дайым шаардагы ызы-чуу машиналардын ундору, анан да козомол менен басып туруп чектоодо жургон балдар айылга келип жыргап эле калгандай.

Нурпери баары бир журогу жай албай, конулу бир нерсени сезип кыжаалат болуп туруп алды. Акыры ойлонуп балдарды кызматчыга дайындап, озу шаарга кайтам деп чечти да кийинип чыкты.

-Элдар шаарга кеттик…

-Бирок Бекжан Акимович, сиздерди катуу дайындаган, озум кабар берем деп.

-Элдар журогум тынч эмес, ал жалгыз озу калды. Балким ушул убакта биздин жардам керек болуп жаткандыр?

Элдар чын эле ойлоно калды. Бардык жумуштарын катуу дайындап жатканда тан калган болчу. Бул жака чыгаарда да колдорун бекем кысып «Уй-булоомду сага ишендим!» — деп кучактап коштошуп далысына таптап койгон болчу.

-Макул кеттик, — деп унаага олтуруп от алдыра жоноп кетишти.

Жол бою ар туркун ойлорду болжоп экоо тен бири-бирине айткандан коркуп ун-соз жок баратышты.

Тун бир оокумда гана жетип келишти. Ар дайым жаркырап прожекторлор куйуп турчу уйу туноруп жарыктар да очук экен. Нурперинин журогу оозуна кептеле тушту. Машинадан чуркап тушуп ачкычы менен дарбазаны ачып уйго кирип барды. Бир эки гана лампалар куйуп турбаса дээрлик баардык очук капкарангы болуп турат. Элдар куралын октоп атууга даярданып, Нурперини озунун артына калкалап бутунун учу менен уйго кирип баратышты. Биринчи кабат да дээрлик капкарангы, экинчи кабаттан жарык бир аз тушуп тургандай, акырын айланасын аяр карап экинчи кабатка которулуп баратышты. Жаны гана чыкканда колуна кружка кармап алдыларынан Бекжан чыга калды. Элдар колунда курал, артында коздору алайып Нурпери турат.

-Силер кайдан?

Эсине келген Бекжан сурады.

Куйоосунун унун уккандан сон озуно келе Нурпери жетип барып кучактап алды.

-Шеф, женем сарсанаа болуп…

-Ооба Элдарды мен мажбурлап айдатып келдим. Балким бир нерсе болдубу деп, тынч олтура албай койдум.

Нурпери шашып актанып жиберди.

-Жаным…

Бекжан аялын мандайынан ооп алды. Элдар кайра сыртка чыгып машинаны короонун ичини киргизип жатты. Бекжан менен Нурпери ашканада кофе ичип олтурушту.

-Балдар эмне болду?

-Айша эжеге дайындап келдим. Сонун болуп жыргап калышпадыбы айылга барып. Негизи бат-баттан эле барып эс алып келуубуз керек экен.

-Туура айтасын.

Бекжан аялынын колдорун бекем кармап ооп алды.

-Бекжан, эмне болду? Эмнеге мынтип олтурасын жалгыз? Сен мынтчу эмес элен. Эч качан колун жайып женилип калчу адам эмессин да. Мен билген Бекжан…

-Нурпери коркпочу…

Экоо ашканадан чыга, чон залдагы жумшак эмерекке келип кучакташып олтурушту. Откон кундорун, балдарынын торолгонун, алардын кылыктарын айтып кобурашып суйлошуп бир оокумга чейин укташкан жок. Нурпери келечек жашоолорун да кыялдана айтып берди. Бир убакта Бекжан:

-Нурпери сага бир чындыкты айтамын. Бирок сен мени кечире аласынбы?

-Эмне болгон чындык?

-Мен сени аябай катуу суйомун. Биринчи коргонумдо кандай ашык болсом, азыр да ошондой суйом.

-Айтчы эми адамды коркутпай.

-Нурпери, жолдошун Алмазды… деп келе жатканда Нурперинин коздору чон болуп кетти.

-Билесинби ал жолдошун менин айымдан, тагыраагы менин буйругум менен турмодо калып кетти.

-Эмне деп жатасын?

-Нурпери созумду укчу суранам. Сени алгач сот залында коргом. Андан кийин тиги суунун боюнда. Анан сени изилдеп олтуруп жолдошун жанагы мен ишин алып барган Алмаз экенин, бирок жакынкы кундору чыгаарын билдим. Мени коркуу басты. Сенден ажырап калам деп корктум. Сенден ажырап жашоо мага мумкун эместей сезилчу. Озумдогу бийлик, тааныштарым менен жолдошунду абактан чыгарбоого болгон аракетимди жумшадым.

Ушул жерине келгенде Нурпери чыдабай кетти.

-Токтооот?! — деп кыйкыра ордунан тура калды.

-Сен эмне деп жатасын Бекжан? Мен билген сен мындай иштерди жасамак тугул, сен, сен мыйзам адамысын да. Анан кантип?

Нурпери ишене албай турду.

-Нурпери мен баарын сен учун жасадым.

-Мен учун?

Шалдырай креслого боюн таштап олтура калды.

-Сенден кутпогом. Мен сени тааный албай турам. Балким тааный электирмин. Мен сенин бир эле тарабынды коруп жургон окшойм. Балким озум коргум келген тарабынды гана…

-Нурпери мен…

-Бекжан жайыма койчу.

Нурпери эми эле кубанычтан жаркып, кыял суро кулуп турган жузу сумсайып муздак боло тушту. Бекжан унчукпастан жайына коюну чечти да экинчи кабатка чыгып кетти. Кокурогундогу бир оор нерсени алып салгандай бир аз женил тарта тушту. Балким кетирген куноолорунун жок дегенде бирин айтып, кечирим сурап женилдегиси келгендир.

Ал эми Нурпери отурган калыбында бир чекиттен козун албай тиктеп тан аттырды. Балким буга кезикпегенде Алмаз турмодон эрте чыкмак экен. Анан кызын издеп. Аялдын коздорунон тамчы жаштары тыпылдап тогулуп жатты. «Алмаз кечир, суранам кечир. Мен эрктуу боло албадым. Мен эмне болгон кундо да сени кутуум керек болчу. Куто албадым, корктум, озумду ойлодум. Жада калса биздин суйуубуздун момосу болгон баланы да таштап, такыр баш тартып кеттим. Баланы кучактап сени кутууго эрким жетпеди» Нурперинин кокурогундогу ачуу чынырыгы, создору коздорундогу жаштар менен куюлуп жатты.» Ким учун кечип кеттим силерди? Алмаз сени кимге алмаштырып алдым?» Чын эле Бекжан ошол кезде оорусуна дабаа, азабынан куткарар жардамдай корунгон. Корсо, ошол азабын кучотуп, кайра жашоосун ууландырган турбайбы? Ушул ишти жасап, анан кантип ушунча жыл коздоруно карап кун кечирди? Абийири кыйнаган жок бекен? » Алмаз кечир! Алмаз…» — деп келе жатып оюна бир нерсе келе селт этти. «Канча жыл отту? Балким боштондукка чыккандыр? Чыгып мени издеп жургондор, чыга элек болсо да мейли аман болсо болду. Мен жолугуум керек. Кызым! Сени табам созсуз!» Нурпери коз жашын суртуп коодонундо бир умут жылт эте жанып кетти. Тан атса эле Алмазды издемек болду абактан. Анан ошол артын карабай кеткен торотканага да барам деп чечти. 11 жыл мурун жузун да карабай баш тартып кеткен кызын эми мынтип кайра издеп калам деп ошол кезде ойлобогон эле. Ушул бойдон унутуп кетем деген болчу. Бирок тагдыр жолу кутулбогон бурулуштарга бай экенин адам баласы билсек да мойнубузга албай келебиз. Тагдырыбызды озубуз чечип, курап алабыз деп ойлойбуз. Кандай чечим чыгарып жолубуздан кай жака бурулсак да мандайыбызга жазылган тагдырдын жолун баары бир басып отобуз. Аны озгорто албайбыз….

 

 

***

Тан аппак болуп агарып атты. Танга жуук гана козу илинип кеткен Нурпери шырпылдаган ундон чоочуп ойгонуп кетти. Бекжан устуно жылуу жууркан жаап жаткан экен. Жудоо тартып соолуй тушуптур. Ар дайым адамга тик карап курч тиктеген коздору жалтактап икери кирип кеткендей. Аяп кетти, ошол эле убакта жек коруусу кучоп колун силкип жиберди.

-Нурпери?…

-Бекжан жолобо мага!

-Кечир?!

Нурпери жооп бергендин ордуна тиктеп алды да,басып кетти. Бул коз карашта жек коруу, ызаа жаткан эле. Болмосуно чыгып кийимдерин которуп, кайра бат эле сыртка чыкты. Короодо Элдар машинанын алдын ачып карап жаткан экен.

-Элдар жонодук!

-Айылгабы? Мен шефке кирип чыгайын?

-Мен жургуз машинаны деп жатам!

Нурпери унун катуу чыгара буйрук берди. Элдар эч нерсеге тушунбой машинаны жургузуп короодон чыгып кетишти. Азыр дагы суроо берсе жакшы соз укпасын тушунду.

-Шаардык торотканага! — деди бир аз жургондон кийин Нурпери.

Эрте менен тороткананын короосуна келип токтогон машинадан Нурпери тушуп, ичкери кире албай кыйла босогосунда турду. Алдыга кадамы жылбай тушалып калгандай, кудум бул жака кироого акысы жоктой даабай турду. Кызын таштап кеткенде экинчи кайрылбастай чыгып кеткен ошол дарбаза, жада калса ону да ошол бойдон озгорбоптур. Кана эле ичинде да ушул сыяктуу эч нерсе озгорбогон болсо. Апакай муздак болмонун керебетинде жалгыз калган кызы азыр кирсе ошол бойдон кутуп жаткан болсо?! Нурпери козуно келип мына азыр кулачудай болгон жашын ичине жута терен дем алып босогону аттап ичкери кирди. Жок, тороткананын ичи озгоруптур, такыр башкача болуп. Туз эле маалымат беруучу жайга отуп Гулжан Оморбековнаны сурады. Тилеке каршы иштен кеткенине 2 жыл болуптур. Шаабайы сууп кайра архивти таап беруусун отунду. Бирок он жооп ала алган жок. Акыры айласы кете Гулжандын дарегин сурады. Алгач «кызматкерлердин жеке телефон номерлери, жашаган даректери берилбейт» — деген кыз алдына коюлган акчаны коргондо коздору жымындап кетти. «Азыр, куто турунуз» — деп ичкери кирип бат эле дарек жазылган кагазды которуп чыкты.

Нурпери кубанып кандайдыр бир умут пайда боло дарек боюнча жоноп кетти. Жол бою кыялдарга батып, азыр барса эле ошол дарыгер таанып, кызын таап бере кое тургандай сезим каптап ал тургай шашып улам жолду карап коюп кетип жатты. Мына жазылган дарек боюнча келип, эшик алдында турат. Титиреген колдору менен конгуроону басты. Ичкериден озунон бир аз жаш корунгон келин ачты:

-Саламатсызбы?

-Келиниз, саламатчылык.

-Гулжан Оморбековна керек эле.

-Эжем уйдо кириниз…

Гулжан дарыгер болуп иштегенге мындай кутулбой келген конокторго конуп бутушкондой. Чон конок болмодо дасторкон жазылуу экен.

-Олтурунуз, азыр эжемди чакырам.

-Ии рахмат..

Толкундангандан колдору титиреп аран турду Нурпери. Дайым толкунданып, же кыжаалат болсо ушинтип биринчи колдору титиреп кетет.

Чачтарын ак аралап, коз айнек тагынган аял кирип келди. Ордунан тура калган Нурпери аялды тиктеп калды да бир убакта озуно келе:

-Саламатсызбы? — деди.

-Саламатчылык кызым.

Каарылыкпы же ооруганбы Гулжан акырын суйлоп, акырын басат экен. Шашпай олтуруп орун алган сон Нурпери соз баштады:

-Эже мен, мен сизге бир жумуш менен келдим эле.

Келиши келип алып эми мынтип буйдала созду эмнеден баштаарын билбей турду.

-Айта бер кызым, эмне жумуш? Бирок мен уйдо адам корбойм балам. Жумуштан кеткениме коп болду.

-Жоок, эже мен тиги… Коп жылдар мурун сиз менин торотумду кабыл алгансыз…

-Алда кызым эсимде жок. Сага окшогон келиндердин кобун торотподумбу?

Чын эле, Нурпериге окшогон канча келиндерди тороткон, канча кыздар бул сыяктуу баласын таштап кетишкен. Ар бирин жаттап калмак беле? Жада калса озу деле унутуп калыптыр го бул дарыгердин жузун.

-Эже мен. Мен кыз торогом, анан баш тартып кеткем. Эстесениз 11 жыл мурун 11-мартта. Осмонова Нурпери.

Гулжан эми гана келиндин жузуно назар салып карады. Ооба тааныш корунду. Болгону анда жаш, эселек болчу.

-Нурперимин дечи?

-Ооба эже Нурпери. Эстединизби?

Азыр эле умуту кубулуп сумсайа тушкон жузуно кайра кубаныч келип шашып кетти.

-Эстебегенде анан…

Оор ушкурунуп алды Гулжан.

-Издеп келеринди билгем баары бир. Жок журогум сезген. Эмне болду торой албадынбы башка? Баланын кадырына эми жетип издейин деп чечтинби?

Гулжандын создору мыскылдуу ошол эле убакта аянычтуу угулуп жатты.

-Жок эже, балдарым бар.

Куноолуу боло башын жерге салып унчукту келин.

-Анан эмне издеп келдин? Тиги абийирин ойгонуп тынчынды алып жатабы? Бирок кеч калыпсын. 11 жыл. Кыздын жашоосу 11 жылда эмне болгонун ойлондунбу?

-Эжеке….

Жанатан бери озун аран кармап турган бурганак бир куч менен атылып сыртка чыкты. Бул жолу унусуз эмес, унун чыгарып ыйлап жатты келин.

-Аны ойлобогон, ал жонундо эстебеген бир да кунум болгон жок. Озум кеткеним менен журогум, мээримим ошол кызымда калып кетиптир. Муздак болгон жансыз солокотту гана суйроп кун кечириптирмин. Олгум келген бирок…

Нурпери ыйлап да, суйлоп да жатты. Ошол кундон ушул кунго чейин кандай азап менен жашаганын тогулуп биринчи жолу ушул аялга айтып берип жатты. Солуктап ыйлап тээ бир убакта гана басылды.

-Кызым. Кечир, уулдуу, кыздуу болупсун ошолор менен жаранды айыктыр. Ал кыздын эми башка жашоосу бар. Ал торолгондон болок аялды эмип, торолгондон болокту апа деп билет. Сени кабыл ала албайт. Бекер эле наристенин таза дуйносун уратасынар. Куйоон экоон кеч калдынар. Мен аны откон жолу келген атасына да айткам.

Жашын колу менен сурто тушунбой кайра сурап жиберди.

-Эмне? Атасы? Кайсы? Алмаз келдиби?

Оюна келген биринчи суроону берди.

-Алмаз беле ысымы? Айткан деле жок. Сен эмне кабарын жокпу?

Гулжан откондо келип кеткен Баратовту атасы деп ойлоп калган эле. Тан калды. Ал экоо чогуу жашайт деп ойлогон.

-Эже кимди айтып жатасыз?

-Мен, мен тиги откондо да бир жигит келип сени сурап, ошол ташталган кызды суруштуруп атасымын деп кеткен.

-Алмаз чыгыптыр да.

Нурпери шалдырап олтуруп калды.

-Эже кызым кайда? Суранам дарегин айтынызчы?

-Жоо-жоок. Эми ал жагын бере албайм.

-Суранам эжеке. Макул жанына жолобоюн. Жон гана алыстан эле коруп алайынчы?!

Нурпери жалынып жиберди. Анын чын эле кыйналганын сездиби же боор оорудубу Гулжан айтууну туура корду. Анткени бул сыр баары бир ачыкталып калбадыбы.

-Болуптур ук анда мени. Кызын жон адамда эмес, олкого белгилуу бизнесмендин жалгыз кызы. Султаналы Борубаевич дегенди уккансынбы?

Нурперинин кулактары чуулдап кетти. Заматта аалам айлан кочок болуп серпилип барып озуно келди.

-Ханайым!

-Эмне тааныйсынбы?

-Ханайым менин кызымбы? Мен….

Нурпери эми тушунду кызды эмне мынча жакшы коруп калганын. Анын мончок коздорун кайдан коргонун эми эстеди. Алмаз! Келиндин оюн телефонго келген чалуу бузуп чоочутуп жиберди.

-Алло, Нурпери Осмонова сизби?

-Угуп жатам

-Милициядан чалып жатабыз, болумго тез жетип келсениз.

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE