Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 4-БОЛУК

Дипломат толо миллион доллар акча! Султаналы болгон жигиттерин, таанышын салып жоголгон жигитин кошуп издеттирип жатты. Тигил Таджикистан менен да байланышы узулду. «Келишимди буздун, коопсуздук чарасын моюнга алам деп убаданарга турбадынар, аз жерден жигиттерим кармалып кала жаздап, аран качып кутулушту. » — деп кайра иштешууну каалашпай жатат. Ал эми бул ишти уккан Бекжан шок абалда. Озу жактан эч кандай кемчилик кетпей, бардыгы ойдогудай болгонуна жуз пайыз ишенимде эле. Султаналынын жигиттери» орган кызматкерлери басты»-дешти. Бекжан «Кандайча? Кайсы орган? Менден жашыруун кайсы кызматчысы бул ишке бара алат?» — деген сыяктуу бутпос суроолор менен башы катты. Анан да «эгерде эле орган басканда бул иш созсуз ачыкталмак, тымтырс болуп эч кандай кабар же жанылык жок! «-деди алдына келген Султаналыга. «Андай болгон болсо бул, кримдуйнодогу мафиоздордун колунан келчу иш! Бирок кантип билишти? Мындай иш жургузуп жатышканынан эч ктмдин кабары жок болчу эле го? » Султаналы даана башы айланды. Озун коерго жер таппай, кимден кумон саноону билбей, ар кадамын шектенип басып уйуно дагы коргоону кучотуп салды. Аялы Жибекти да уйдон чыгууга тыю салып койду.

Бул учурда Баратов менен Али оздорунун биринчи женишин майрамдап, дайым жолугушуп журуучу шаар четиндеги ресторанда олтурушту.

-Куттуктаймын Баратов! Алгачкы женишиниз менен.

-Рахмат, иним! Албетте сенин салымын коп. Мындай соккудан дагы коп беребиз! — деди колундагы ичимдигин ичип жатып.

-Али, эми бизге дагы план керек. Сен кандай жол менен болсо да Султаналыга жакындоон керек. Суйлошуп, соз арасында Бекжанды бул ишке катышы бар деп, ынандырууга аракет кыласын. Албетте ал ишенбейт, бирок конулуно баары бир кумон тушот. Анан озунду сунушта, мурун тынчы болуп иштегем деп, сен аркылуу Султаналыга акчаны кайтарып беребиз.

Али Баратовтун созун болбой угуп олтурду. Анын тузгон планы боюнча Али Султаналынын ишенимине ушул жол аркылуу кирет.

-Байке, Нурперини аныктай алдынызбы? Балам жонундо…

-Али, мен бул ишти мойнума алгам. Демек созумдо турам. Сага жанылыгым, сенин балан тируу. Келинчегин коз жарган. Бирок баланы алган эмес. Ал эми бала азыр кайда, ким уул кыз эми дагы териштирип табабыз. Нурпери торогон куну ошол эле торотканада дагы 10 наристе жарык дуйного келген. Созсуз табабыз! — деди Баратов ишенимдуу.

Алинин коздору кубанычтан жылтырап турду. «Балам тируу! Оо кудай балам тируу! Ушунусуна шугур!» — деди ичинен Баратовго чын журогунон ыраазы болуп. Азыр баласы учун тоону томкоргону да, керек болсо суз десе океанды сузуп отууго да макул эле . Негизгиси кандан жаралган наристеси аман! Бекжанга, Нурпериге жек коруусу куч алып, Бекжанды оз колу менен талкалап салууга да даяр турду.

Султаналы бардык жигиттерди иштерге салып койгонго, аргасыз Алини айдатып, ошол окуя болгон чек арага жан сакчылары менен жоноп кетишти. Атышуу болгон аймакты барып оз козу менен коргусу келди. «Балким бир илинчек таап алам» — деген умут менен. Жол катар Али да, Султаналы да унчукпай оз ойлору менен алек болуп баратышты. Али кантип соз баштаарын билбей, ынгайлуу учурду кутуп шефинин оозун тиктеп, соз баштаса айтайын деп келе жатты. Бирок Султаналы жеткиче эч кандай соз суйлогон жок. Узак жол журушуп акыры куугумдо жетип барышты.Султаналы жигиттери менен айланага коз жугуртуп илинчек издеп жатышты. Алнач чекеде гана карап турган Али бир аздан сон шефинин жанына басып келип озунун вариантын айта баштады.

-Шеф, сиздер азыр, жон гана туз жолду карап жатасыздар. Алар туз жол менен сиздин жигиттерден мурун келишкен да кутуп туруулары мумкун. Кол салгандан сон, тиги чытырман жака качып, ошол жакта бир аз жашынып олтурушкан. Бул жактагы жигиттер кеткен сон артынан кайра тушуп кетишкен. Анткени алар туз жол менен эле кача турган болсо, алдыда сиздин жигиттер созсуз кормок.

Султаналы Алини карап «бул ушунча маалыматты кайдан билуусу мумкун?» — деп ойлоп кумон санап жатты.

-Сен эмнеге мындай ойлоп жатасын?

-Шеф мен мурун коп жылдар тынчы да болуп иштегем, чек арадан коп жолу товар откоргондорду да андыгам, — деди акырын суйлоп.

Султаналы жигиттерине карап» жогору жакты карагыла» -дегендей аылып колу менен корсотту. Али да кошулуп жогоруга которулуп баратышты. Ок атышуу орун алган жерден анча алыс эмес аралыкта, чоон таштын жанына келишти. Ылдыйды караса баары алаканга салып койгондой болуп даана корунуп турат. А тугул айлана карангы болуп турса да. Султаналы Алинин создорундо жан бар экенине ынанды. Ошол эле жерде бир аз ары жакта, усту жалбырак, отундар менен бастырылган баштык табышты. Ичинде орган кызматкерлерине тийиштуу кийимдер бар экен.

Султаналы жерге тукуруп алды да, «кеттик» — дегендей жигиттерине кол жансап ылдыйга тушуп кетишти. Шаарга келгенден кийин эки кундон сон Султаналы Алини оз болмосуно чакыртты.

Султаналы Алиге жоголгон баланын суротун, жана ал жонундо маалымат, жашаган дарегинен бери берди.

-Али, тынчы болуп иштегенмин дегенинден ойлонуп коруп сага бул ишти тапшырып жатамын.

-Ишеним корсотконунуз учун рахмат.

Бир сырдуу болуп, турган Али ичинен кымындай, баары оздору пландаган боюнча кетип жатканына кубанып алды. Султаналы «бара берсен болот» — дегендей эшик тарапты коргозду. Али чыгып кетери менен ойлоно тушту. «Артынан андытып текшерип корсомбу? Балким бул бир душманымдын тузагы болуп журбосун? Жоок, андай болсо бир жылдан бери бир жиги билинмек да, а бул болсо унчукпай оз милдетин гана аткарып журот» Алинин Ханайым менен жакын болуп, ойноп олтургандарын эстеп Султаналы «жоок! Бул менин душмандарым жиберген тынчы эмес.» деди. Султаналы Борубаевич! Кантип ушундай миллионер адамдын эн мыкты тынчы жалдап, жоголгон акчасын таап алганга даремети жетпесин? Жок, жетет албетте. Олконун таасирдуу адамы аталып, карапайым калктан баштап кримдуйного чейин атагы чыгып турган бул адам кантип эле колунда жопжонок айдоочу болуп иштеген адамга куну тушсун?! Эгерде Султаналы азыр тынчы жалдаса, анда эле иштин буткону. Кримдуйнодогу, бийликтеги душмандарына бул майдай жагып ар кандай кол салуулар, саясий оюндар башталып кетмек. Анан да чойросундогу ээ болгон авторитети да жер менен жексен болот. «Кимсин Султаналы Борубаевичти чек арадан тоноп кетиптир» — деген кептер тарап кетиши турган иш да. Андыктан алдын алуу чарларын катуу коруп, мин ойлонуп акыры Алини жалдоону чечкен. Алгач кумон санап кайра Алинин коздорунон озуно карата эч кандай очогушуу, же душмандыкты коро албаганда гана бул ишке дайындады. Адам баласы алдыда болуучу, же кандайдыр бир нерседен кумон санаса эн алгач оюна келген нерсе туура болот деп психологтор айтып келишет. Бул «адамдын алтынчы» — туюму деп аталат. Ооба бул туюм бардык эле адамзатта бар. Болгону биз ички сезимибизди угуп, ошол туюмду андап жете бербейт экенбиз. Кор пенделикке салып, кол шилтеп салат окшобойбузбу. Болбосо Султаналы азыр эсине келген биринчи ойго ынанып, Алинин артынан андуу койгондо бул иштердин артында ким турганын кормок. Анткени Али Султаналынын уйунон чыгып, туз эле Баратовтун алдына келген болчу.

Баратов бул арада, Алиге берген убадасына туруп анын баласын издоого киришкен. Шаардагы ошол Нурпери коз жарган торотканага барып 11 жыл мурунку архивти издештирди. Алгач «маалымат берилбейт» — деп баш тартышып, бирок Баратов баш дарыгердин алдына кирип чыккан сон гана архивти таап беришти. «Нурпери Осмонова, 11-март кечки саат 16:30 да торогон, баласы олуу торолду» — деп окуп ишенбей турду. Анын торотун кабыл алган дарыгер Гулжан Оморбековна. Негедир бул ысымды бир жерден уккандай. Бирок эстей албай койду. Анын уй дарегин алып, туура эле ошол дарекке бараткан Баратов жол бою ойго чомулду. «Кызык каерден уктум эле? Адатта, бир уккан ысымды же окуяны такыр эсинен чыгарчу эмес. Бирок, ким эле?» Шаардан анча алыс жайгашкан жаны конуштардын биринде жашайт экен. Аппак болуп сырдалган дарбазага келип копко такылдатты. Эч кандай жооп жок, сыягы уйдо эч ким жоктой.

Жанында жашаган коншу уйдон сурап бир жумадан бери уй ээлери жок экендигин угуп, шаабайы сууй уйуно жол алды.

Эшиктен кирип келген Баратовту кызы Медина чуркап келип тосуп алды.

-Атакее?!

-Медим,кызым менин!

Кызын колуна алып чачтарынан ооп алды да, ашканага отту.

-Келип калдынбы? Тамак да даяр. А баса сени издеп жанагы инин келип кетти. Али беле?

Жубайы Жаркын столду жасап жатып суйлоду.

-Эмне озун жасап журосун, Майрам эже кайда? Анан кеттиби Али?

Баратов столго олтуруп жатып сурады.

-Бугун жооп бердим, эртен Мединин туулган куну да, жумуш коп болот, андыктан бугун эс алып келсин дегем. Али ооба, бир саатай олтуруп Меди менен ойноп анан эртен келем деп кетти го?

-Аа баса, эмне уйдон эле тособузбу туулган кунду?

-Ооба, бакча чон эмеспи, келген жаш балдар да кенири ойноп эс алышат.

Жаркын алдына тамак коюп жатып жооп берди.

Баратов жанында олтурган Мединаны бетинен чымчып койду. Эртен 7 жашка толот. Ушул кызын озгочо жакшы корот. Жашы отуп калганда коргону учунбу же торотуно озу да катышып, кызын алгач колуна озу алган учунбу башкача жакын. Кызы аябай назик торолгон, жеке клиникада такай козомолдо болгону менен аялы Жаркын таксикоздон кыйналган, дээрлик торогонго чейин дурустап тамак жей албай эки кундун биринде асма укол алып келишчу. Кудай жалгап дарыгери жакшы аял болгон эле. Ушуларды ойлоп олтурган Баратов оюна бир нерсе кылт эте тушту.

-Жаркын, эсиндеби Медиге кош бойлуу болуп жургонундо жанагы клинакадагы дарыгер?

-Аа, ооба. Гулжан Оморбековна. Аябай жакшы, эже. Менден кийин коптогон курбуларыма да сунуштагам. Колу женил.

-Ии ошол, Гулжан Оморбековна.

Баратов кубанып кетти, эсинде бир эки жолу кабинетине кирип суйлошуп чыккан.

-Ал жеке клиникадан сырткары да башка жерде иштейт беле?

Оз ою туура экенин бышыктагысы келип кайра аялынан сурады.

-Ооба, торотканалардын биринде иштейм дегендей болгон. А сага эмнеге керек болду? — аялы тушунбой сурады.

-Аа жоок жон гана, бир досум сурап. Ошого эстеп кеттим, — деп алдындагы тамака кол созду.

Ичинен кубанып жымындап алды.

***

-Атакеее?! Али байкем кайда?

Султаналы уйго кирери менен Ханайымдын берген биринчи суроосу ушул. Кун сайын кыздын жанында олтуруп, кошулуп сурот тартып, ар кандай оюндарды ойнотуп жургону учун Алиге кыз кыйла эле коно тушкон экен. Султаналынын жеке тапшырмасы менен кеткен Али бир жумадан бери кожоюнунун уйуно келе элек болчу. Ханайым кадимкидей куса боло тушту. Наристе кыялында, Алини озуно дос коруп алган болчу.

-Кызым менин, Али байкен алыска кетти, бир айда кайра келет. Кел ага чейин мен тартамын сени менен сурот.

-Жок! Сен тарта албайсын. Аны сен атайы кетирип жибердинби? !

Атасына таарына тултундап чуркаган бойдон экинчи кабатка чыгып кеткен кызын карап, Султаналы ойлоно калды. Мынчалык конуп калат деп кутпогон, алгач Алини сурап жургондо «бала да эртен оюнга алаксып, унутуп кетет» — деген ою туура эмес экенин эми тушун жаткандай.

Али бул убакта Баратовтун уйундо жаны планды ойлоп жатышкан эле.

-Так, Али эми Султаналыны Бекжанга кайрашыбыз керек. Кумон жаратып дегендей. Мен Бекжанды оз жигиттерим аркылуу изилдеп жатамын. Ал бир гана Султаналы менен эле эмес, коншу Казахстандагы белгилуу бир чиновник менен, бул жактагы бир канча мафиоздор менен да иш алып барат экен.

-А бирок алар канча жылдык тааныштар да. Кече келген менин созумо ишенип калмак беле?

-Ээххх Али, Али. Сен азыр эч нерсени тушуно элексин да.

Баратов ордунан туруп келип Алинин далысына таптады.

-А сен билесинби, саясат менен бизнесте жакын адам, дос болбойт экенин. Айрыкча мынандай мыйзамсыз иш жургузгондо, бардык адамдан кумон саноого болот. Жада калса койнунда жаткан аялындан. Бул практика жузундо коп эле далилденген.

Баратов баласы жонундо, Нурперин тороткон дарыгер жонундо айтайын деп барып кайра токтоду. Бир жолу баарын озу тактап анан айтмак болду.

-Султаналыга чалып, Бекжан жонундо маалымат бер. Жок, жакшысы уйуно барып кенен суйлош. Жургузуп жаткан иштерин ачыка чыгар. Анан коробуз дагы кандай болоорун, — Баратов мыйыгынан жылмайып алды.

Айткандай эле ошол куну кечинде Али Султаналынын ишканасына отту. Эшиктен уруксат сурап кирип келген Алини коро ордунан козголуп курсунуп алды Султаналы.

-Кел жигит. Мен учун жакшы жанылыгын бар деп умут кыламын.

-Султаналы Борубаевич, жакшы да жаман да жанылык болот го дейм. Чек арадагы кол салууга Бекжан Акимовичтин тиешеси бар деп ойлоймун.

-Али?! Сен кимди айыптап, куноо тагып жатканынды билесинби?

Султаналы ону озгоро тушту.

-Ооба шеф, тушуном. Бирок…

-Эч кандай бирогу жок! Ал менин канча жылдык жакын адамым.

-Султаналы Борубаевич алгач менде да кумон болгон жок. Бирок ойлоп корсонуз, органдын формасы, анан да сиз айтпадынызбы биздин бул ишти эч ким билбейт деп. Демек кумондо бироо гана болуп жатпайбы шеф.

Султаналы жоошуй тушконсуду. Озу да ичинен кумон санап бирок батына албай, бул ойду алыстатып жаткан болчу.

-Эмне далилин бар?

Унун бир аз акырын чыгарды.

Али колундагы Бекжандын Казахстандык чиновник менен тушкон, жана башка мафиоздор менен жолугуп олтурган суротторун берди. Муну атайы Баратов тарттырып алган болчу.

-Бекжан Акимович, бир гана сиз менен эмес, коруп турганыныздай дагы башка чиновниктер менен иш алып барат. Жада калса мафиоздор менен. Шеф, ушулар менен тил бириктирип сиздин артыныздан суу куйбайт деп ким кепилдик бере алат? Анан да озунуз билгендей, саясат менен бизнесте дос болбойт.

Али Баратовтун айткандарын кайталап жатты. Султаналы суротторду колуна алып коруп жатып, Алинин создорундо жан бар экенин ынанды. Чын эле эч кимге ишенбоо керек экенин унуткан сыяктуу. Бекжанга чын дилинен мамиле жасап, бир тууган ини коруп албады беле? Экоонун бул ишин эч ким уккан эмес, демек Бекжандын гана колунан келчу иш. Жини келип, кайнап турган каны мээсине тээп чыкты. Али муну Султаналынын кызарып кеткен жузунон, суротту мыжыга туйулгон муштумунан байкады.

-Шеф…

-Али, эмне керек баарын сура. Болгон аракетинди кылып акчаны таап кел.

-Жарайт. Мага 4 жигит куралдары менен керек. Эртен кечинде шаардын четинде Бекжан Акимовичтин жолугушуусу бар.

-Каалаганча жигиттерден ал.

Султаналы конулсуз буйрук берди.

-Дагы кабар берем шеф, уруксатыныз менен.

Али шыпылдап кабинеттен чыгып кетти. Бул жолу да баары оздору пландагандай болду. Али алгач ишенбейт деп корккон болчу. Бирок ишенип, атугул жигиттерди да куралы менен кошо берип койду…

***

Баратов Алиге тапшырма берип коюп озу жанагы дарыгердин уйуно баратты. Бул жолу жанагы дарбаза чон болуп ачык экен, ичкериден ызылдап жаш балдардын ойногон ундору угулуп турду. Уйго жакын келип короодон жаш келинди корду.

-Саламатсызбы?

Тамагын кыра салам берди Баратов.

Жалт караган келин тааныбай турду.

-Саламатчылык.

-Гулжан Оморбековна, ушул уйдо турат да э?

-Ии эжем, уйдо. Кириниз.

Келин уйдун ичине жол баштап кирди.

-Эжее, сизге келишиптир.

Чачын ак аралап, коз айнек тагынган аял Баратовту тааныбай турду. Конок болмого о уп олтурушкандан кийин Баратов соз баштады.

-Гулжан Оморбековна, озгоруптурсуз.

-Мезгил иним. Бирок сени тааныбай турамын. Кошо иштедик беле? Кап этпе, каарылыкка алдырып тааныбай жатам.

-Жоок эже бирге иштеген эмеспиз, менин келинчегим кош бойлуу болгондо сиздин козомолунуздо болгон.

-Аа, капырай андай болсо эсимде жок. Канча келиндерди торотподумбу?

-Гулжан эже, айтсаныз шаардык торотканада да иштегенсиз го.

-Ии ооба айланайын ал жакта коп жылдар иштегем.

-Эстеп корсонуз, мындан он жыл мурун март айында Нурпери Осмонова деген келиндин торотун да сиз кабыл алган элениз.

Гулжан озгоро тушту. Андан бери эчен жылдар отуп канча торотторду кабыл алса да, ошол кун, ошол кызды такыр унутпады. Коз жашы кол болуп, аргасыз кызынан баш тартып, артын карабай кеткен Нурперинин элеси бугункудой эсинде. Атугул ошол кызды Султаналы Борубаевичке кармата салган кун да эсинде. Коп жылдар ошол кичинекей кызды козотуп жургон. Дайым коргоо менен жургон кызды алыстан коруп, бактылуу омур суруп жатканына ынангандан сон кузотууну токтоткон. Бирок,тушуно Нурпери коп кирчу. Ал ыйлап «эже кызымды сагындым, издеп таап берчи» — деп суйлончу.

-Жоо-жоок, эстей албайт экем, — деди жашырып.

Копту коргон кыраакы Баратов Гулжандын ала качкан коздорунон эле бир иш бар экенин байкады.

-Эже, ошол куну 10 бала жарык дуйного келген. Алардын 3 ну сиз торотконсуз. Нурпери Осмонованын архивинде бала олуу торолду деп жазылыптыр, бирок андай эмес да? Чынбы?

Баратов Гулжанды теше карады. Гулжан улам коздорун ала качып, бир нерселерди кармалап тушунуксуз абалда калды.

-Дде-демек архивте жазылса ошондой болгон да иним, он жыл эмес он кун мурункуну эстей албай жатпаймынбы?

-Гулжан Оморбековна, озунуздун перзентиниз жок экендигин ото эле жакшы билем. Демек баланы багып алуунуз да мумкун. Ошол жылы бир тууган ининиз эгиз уулдуу болду беле?

Гулжандын журогу оозуна келди. Кудум азыр ушул киши айылга барып инисинин эгиз балдарын тартып алчудай алдастап кетти.

-Алар башка.

-Билесизби ошол бала мен учун ото кымбат болуп жатат. Олуу торолгонуно ишенбей турамын. Тагыраагы сезип жатамын.

Баратов куруна асылган куралды алып чыкты.

-Мме-мен ээч нерсе билбейм.

-Жакшылап эстеп корунуз, болбосо оз алдынча иликтоо жургузо алабыз. Иликтоону так ошол, эгиздерден баштайбыз.

Баратов коркутканга отту. Гулжан колун жузуно басып ыйлап жиберди.

-Мен жон гана ошол кичинекей периштенин бактылуу болуусун каалагам. Апасы баш тартып кетти. Жетимдер уйундо кор болуп осуусун каалабай ушул жолго бардым. Туура кылгам. Анткени азыр ал кыз эн бактылуу.

-Демек кыз тируу?!

Баратов кубанып кетти.

-Ооба тируу, болгондо да эн мансаптуу адамдын жалгыз кызы.

Гулжан озуно келип, бардык болгон ишти айтып берди.

-Билесинби мен ант бергем айтпайм деп. Ал кыз озу кат жазып баш тартып кеткен. Султаналы Борубаевичтин аялы оор абалда болчу. Ал кишиге мен сунуш кылгам, ал ойлонбостон макул болуп алды.

-Силер ал кыздын оз атасы бар экенин унуткан сыяктуусунар.

Баратов жылмайды.

-Эгер атасы сен болсон анда кеч калыпсын иним. Эмнеге ошол убакта келинчегиндин жанында турбадын? Озунду да куноолу сезесинби деги?

-Шарт ошого туура келген.

-Демек эми тагдырына моюн сунуп жаша, кызындын таза дуйносун уратып алба.

Баратов унчукпай ордунан турду да чыгып кетти.

Ичинен озунчо кубанып алган. Алинин кызы аман. Негизгиси ал оз кызы менен бирге бир жерде журот. Баратовтун башы катып турду. Уч уктаса да тушуно кирбес бул окуяны кай жака жооруп, кандай жол тутаарына акылы жетпей ойлору чачырап баратты. Султаналы Борубаевичтин жалгыз кызы Ханайым, Али менен Нурперинин кызы. Бул туурасында жада калса Жибек да билбейт экен. Али укса кандай абалда калат? Албетте кызын тартып алат, ал эми Султаналынын аялы Жибектин абалы не болот? Ооба Султаналы душманы бирок, аялын ото сыйлачу. Не болгон кундо да азырынча бул туурасында Алиге айтпай турган болуп чечти.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE