Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ «. 17 бөлүм

 

 

****

Баягы эски тааныш шаар четиндеги ресторан. Бул ресторандын аты эле озгорбосо ичиндеги интерьери, жасалгасы кызматкерлери такыр башка болуптур. Баратов менен телефондо белгилеген убакыттан бир аз эрте келген Алмаз, биринчи жолу ушул жайда Баратов менен кезиккен кунун эстеди. Анда Баратов чакырткан, эми болсо озу жардам сурап келди. Ангыча озунчо атайы буйуртма кылып даярдатып коюшкан VIP кабинага Баратов кирип келди. Каарыптыр,мезгил буга деле оз октомун откоруп кучунон кыйла алгандай. Бирок кайраты, козундогу жалын, созунун курчу ошол бойдон экен.

-Ооо канча жаз, канча кыш? Амансынбы баатырым?!

-Байке?!

Кучакташып корушкон экоо кыйла турушту.

-Кел олтур. Кандай журосун?

-Мен жакшы аманмын байке. Озунуз?

-Жакшы биз.

Ар дайым созду узун таштабай ток этер жерин айтып, ошону угуп конуп калган Баратов бул жолу да Алмазды суроолуу тигилип турду.

-Байке, жардамыныз керек. Бул иш сиздин гана колдон келчудой. Озум бутурууго аракет да кылбадым,жок дегенде кенешиниз керек.

-Айтчы?-деген байкеси алдына коюлган даамдан ооз тийгенче Алмазды карап турду.

-Бекжандын уулун уурдап кетишти. Кимдер экенин билбейбиз. Болгон маалымат, кызына чалып «атанар учун жооп берчу кун келди, апанды таап мени куткуло» — дептир. Андан башка соз жок.

-Алар сенин карамагындабы?

Баратов Алмазды сынай карап турду.

-Буйруса оз кармагыма отот. Азыр Нурпери гана менин уйумдо, балдар чон энесинде болчу. Кече уйго кызы ыйлап келген…

-Ээхх Алмаз! Ким ойлоптур э сени Бекжандын уулун куткарууга жан далбас кылат деп?

-Туура,мен да кутпогом, ойлобогом. Бирок балдарда не куноо? Анан Бекжан олоорундо созумду алып кеткен. Анын уй-булоосуно балдарына «кам кором коргойм» — дегем.

-Ошондой дечи. Озундун кумонун барбы бироодон?

-Азырынча жок, байке чынын айтсам ошол кеткен бойдон бул чойрого аралашпадым, деги эле Бекжандын артында кандай кыныр иштери калган кызыкпаган экем. Балким ошол эски жылдардан калган душманыдыр.

-Алмаз, мен Борубаевич абака кеткенден сон кримдуйнодогу оз ордумду бекемдеп алгам. Андан сон канча жылдар журуп, мына жакында гана четтей баштадым. Ордумду озум ишенген, ошол орунга даярдап келген мыкты жигитке тапшырдым. Жок дегенде олоорумдо уй-булоомдун кашында болоюн деп тыгч жашоону тандап кеттим. Же адам жашы откон сайын тынчтыкты самап калабы? Бирок сенин ишинди созсуз бутуруп берем. Буга али кучум да, тиги чойрону бутуна тургузууга созум да жетет…

-Рахмат байке, ыраазымын!

 

Баратов Алмазга соз бергениндей Бекжандын эски иштерин, изилдеп андан отуп кримдуйнодогу ар бир кыбыр эткен кыймылды, саясаттагы жаны жузду, олкодогу ар бир бизнесменди тыкыр изилдеп чыгууну жигиттерине буйруду. Баары бири бирине байланышкан чынжыр сымал крим чойросу да уланып кетет. Колун созуп каалаганын тез эле таап алчу Баратов бул жолу да Талгатты оной эле билип алды. Бир кездери дайынсыз кеткен Султанаалы Борубаевичтин жалгыз уулу баарынын эсинен чыгып деле калган экен. Корсо ал билинбей кирип оз планын ишке ашырууну алда канча эрте баштаган турбайбы. Бугун Бекжандын уй-булоосу болсо, эртеге Баратовтун озун да издоого алаары бышык.

 

 

Биз адамзаты тагдырды башкарып алабыз дегенибиз менен анын алдында алсыз экенибизди эч качан моюндабасак керек. Анткени пенде адам болуп жаралганы тагдыр менен алышып, анын жазмышын озгортууну каалап озу тузуп алган сызык менен басууну болжоп келет эмеспи. Бирок Жараткандын буйругун, анын окумун эч ким буза албасын тушуно албай койдук, же тушунсок деле озубузду тушунбостукко алдык…

Эрте менен ойгонгон Аяра жанында тундосу бир маалга чейин ыйлап сыктап санаага тушуп анан, бири бирине жолонуп уктап жаткан апасы менен Жылдызды карап устуно жуурканды жаап коюп сыртка чыгып турду. Уйдун алдындагы кун чыгыш тараптагы бакчанын тубундо эки колун кайчылаштыра, турмоктолгон булуттардан жаны баш багып чыгып келе жаткан кунду тиктеп турган атасын корду. Дайым аппак болуп агарып атчу тан да бул куну озгочо сурдуу… Артындагы шырп эткен ундон чоочун бурулган Алмаз кызы жанында экенин коруп «оох» — дей тушту. Ун созсуз Аяра Алмаздын кучагына кулады. Жылуу, жумшак, кен мээримге толо кучак…

-Паап?

-Оов?

-Уктап эс ал.

-Эми гана чыктым мен….

Озуно камкорлонгон кызынын конулун ушинтип жайгарды. А чынында андай эмес. Тун бир оокумда Баратовтон келген маалыматты окугандан бери уйкусу качып, артта калган узун, татаал анан таштактуу отмушун бирден тизмектеп чыкты. Бекжанды, Нурперини, Аяраны, Султанаалыны булар менен бириккен жолунун ар бир бурулушун эстеп чыгууга, эскерууго аргасыз болду. Куноолууну таапкысы келди. Бирок ошондогудай жооп жок. Алдында турган маселени чечуунун жолун ойлонду, изденди.

Аяра болсо атасынын кызарып кеткен коздорун карап эле анын туну бою уктабай чыкканын билди. Бирок унчуга албады… Алмаз кучагында турган кызын бекем кучактап улам саамайынан шорулдата жыттап коет. Омурунун бар кубанычы, жашоосунун бар байлыгы ушул кызы экен.

Асхат абака тушкону, Жылдыз да, Аяра да компанияга келбей калышты. Талгат Жылдызды да андытууга адам жиберип ал жашаган чон энесинин уйун сырттан кузоттуруп койду. Арген жоголгону бул уйдун айланасында да машиналар кобоюп, орган кызматкерлери бирин серин журушот. Демек жакын барууга кооптуу. Талгат канчалык «органга чалып кабар бербегиле болбосо балага кыйын болот» — деп эскерткени менен баары бир айтышыптыр. Жылдыз эми оной менен сыртка чыкпайт. Баарынан кызыгы Бекжандын аялы кайда? Эч кимге белгисиз. Талгат озунун бул жасап жаткан жоругу туура эмес экенин, артта калган отмушун, апасын, атасын кайтарып ала албасын эн жакшы тушунуп турса да кайта албай турду. Чачырап кеткен уй булоосунун кегин Бекжандын балдарынан алгысы келди. Кудум жашоосундагы болуп откон коркунучтуу окуяга бир гана Бекжан куноолуудой, ошонун айынан болгондой кокурогундогу бир очогушуу куч алып тынчтык бербей келет. Ушул азыр анын балдарын, аялын кармап алса эле жылдар бою топтолуп келген кандайдыр бир ызаасы тарачудай болуп, моокуму кана женилдечудой сезди озун. Бул эмне? Оч алуубу? Кимден? Озунонбу? Же Бекжан менен озунун атасы, озу аралашып жургон «кара дуйно» — деген ыплас аалам жонундо тушунугу жок наристелерденби? Деги кимден? Башы кайра чыналып ооруп чыкты, олтурган ордунда креслосун чалкалата тамексин жаны гана тутандырып шыпты тиктеп жатканда капыстан эшик ачылып бироо кирип келди. Эч кимге болмосуно уруксаатсыз бастырып кирип келууго жол койчу эмес. Алгач эшик ачылганын сезгенде Жылдыз деп ойлогон. Анткени ошол гана ушинтип кирууго эрки жетчу. Кыйкырайын деп барып, бирок мандайында турган адам менен тиктеше тушту. Классикалык стилде кийинип мандайында турган жашы отуп калган адамга узака чейин унсуз тигилип турду. Бутунан башына чейин сыдыра сынап карап алды.Кийген кийиминен эле жон адам эмес экен белгилуу. Чачын ак аралап калганы менен негедир картайган адамга окшобойт экен. Тескерисинче коздору жалындуу ошол эле убакта кайраттуу да. Колундагы жаны куйгон тамекисин очуруп жатып суйлоду Талгат.

-Кечиресиз сиз кимге?- деди ачуусу келип турса да озун зордоп болушунча жумшак суйлоп.

-Биз сизге.

Тиги адам да эч кандай эмоциясыз жооп берди.

-Кандай кызмат менен,

Талгат бир чиновник го деп ойлоп жиберди, балким курулуш жонундо сунуш менен келдиби деген ойдо.

-Талгат Бейсинбекович! Даа олтурган жерин укмуш!

Болмону айланта карап, дубол бооруна жайгашкан тумбочкада турган озгочо сувинерлерди колдору менен кармалап жатты тиги адам. Ал жерде Талгаттын дуйно жузунун ар кайсы олколорунон которуп келген сувинерлери турчу. Андан сон болмого илинген ар кандай картиналарды сыдыра карап жатты.

-Айтчы сен да искусство адамысынбы?

Тиги адам кундун жаны гана кызарып батып бара жатканын чагылдырган картинан астына келип Талгатка ун катты.

-Ооба, кызыгамын.

-Кызыыык, атан андай эмес болчу…

Талгат коздору чакчая тушту. Экоо мандайлаш келе Алмаз Талгатка колун сунуп:

-Али!-деди.

-Кутподун билем, издеп жатыптырсын мени. Озум келдим.

-Сен…

-Султанаалы Борубаевичтин жалгыз уулу Медер! Эмне болду анча танданып? Бул сырды озун гана билбейсин да чынбы? Бир адам, жоок тагырагыы коп адам билип калды.

-Ка-кандайча?

-Сыр — бул озун гана билген чындык. Ал эми ага бироо шерик болдубу, болду анда ал сыр деп эсептелбейт.

Алмаз шашпай болмонун ортосунда жайгашкан жумшак диванга келип буттарын кайчылаштыра олтурду.

 

-Талгат Бейсинбекович! Чын эле жакшы план тузгонсун. Мен да башында шек албагам сенден. Себеби озун ойлогондой эч ким сени эстебей калган. Тынч жашоодо жашамаксын чын эле эгер атандын иштерин казып, кайра озун аралашпаганда.

-Али, демек сен ошол Алисин. Атамдын он колу.

Талгат шашып кетти. Бул адамды канча жылдар издеди эле. Ушул ысымдан болок маалыматы да жок болчу. Алини тапса эле атасынын катылган, тушунуксуз сырлары, жагдайлары ачыка чыкчудай тытынып издеп таба албай койбоду беле? Анан Ханайым ушунун колунда.

-Ханайым! — деди Талгат.

-Кызым уйдо.

Алмаз ошол калыбынан жазбай токтоо унчукту. Талгат Алмаздын эмне маселеде келгенин билген жок, оюнда озуно «жардам берет балким атамдан кийин мага жардамчы болот» — деди.

-Сен баарын билесин Али! Атамдын жашоосун, анын жургузгон иштерин.

-Билем, аралашып да жургом.

-Бекжан Акимовичти да жакшы билесин чынбы?

-Чын. Бирок сага эмне пайда Талгат? Айтчы Аргенди уурдап алдын анан, же ошолор сага атанды кайрып береби? Же откон жылдарды ордуна коесунбу?

-Али мага керек.

-Эмне керек сага ушул тынчтыктан болок? Атандын жашоосун, иштерин билгенин менен ага ишенуун да кыйын. Сен кутпогон, сен ойлобогон иштер жасалган. Бекжан кандай куноо кылса, Султанаалынын да ошончо кыныр иши жатат.

-Али сен мага жапдам бересин да…

-Талгат, мен сага эмес, мен Арген учун келдим. Асхат учун келдим.

-Асхат?!

-Ооба турмодогу жигит, Аяранын жигити.

-Аяра Алмазбековна. ..

-Туура ошол Ханайым азыр Аяра менин кызым.

Талгаттын башына бироо катуу нерсе менен чапкандай зынк эте тушту. Коз алдына кичинекей Ханайым менен Аяра тартылды. Мына ошол кулмундогон каректерди кайдан коргонун эстеди. Ушунчалык тааныш ошол коздор. Мына турган кишини да алгач Аяра катышкан сынакта корбоду беле? Корсо…

-Мен аны суйом!… — деди шыбырап.

-Бейсинбекович, бир убактары атанды каматууга негиз болгон документтей сени жок кылууга да колумда жетишерлик далилдер бар.

-Сен кантип бизге аралашып калдын? Аяра кандай сенин кызын? Бул окуялардын башы кайда?

Талгат тенселген абалында чарасыз креслого боюн таштады.

-Бул узун анан чиеленишкен тагдыр. Мындан коп жыл мурун мен Бекжанга оч болуп атан менен иштешсем, эми Бекжандын балдарын коргоо учун сени менен тирешип турам. Бул жерде кызымдын тагдыры да жатат.

-Асхат сенин колун менен абакта жатканын билем, сага эрте мененге чейин убакыт берем, Асхат да, Арген да кайтып калсын. Анан экообуз суйлошчу башка жерди болжойбуз.

Алмаз чыгып кетти. Бул азыркы созу коркутуу беле же эскертуу, Талгат андай албай жатты. Азыр озу уккан, кубо болгон чындыктарын мээсинде ирети менен жайгаштырып буто албай убара. Аяра.. Бул жашоонун оюнун, корсоткон тамашасына тан калбай арга жок. Издеп жургон адамдарынын ушунчалык озуно жакын журушконун. Аяра да, Жылдыз да. А баса Жылдыз менен Аяранын окшоштугу да жон жерден эмес го. Жылдыз Аяраны жек коргонун жашырбай айтчу, «апамды тартып алган» — деген. Анан азыр Аяранын атасы Жылдыздардын уй булоосун коргоп келди. «Бул жерде мен билбеген дагы башка сыр бар» — деп ойлоп жатты Талгат. «Азыр эмне кылуу керек? Асхатты чыгаруу керек, Аргендичи? Аны ошол абалында кантип кайтарып бере алат? Бирок эскертип кетпедиби? Айтканын жасабаса далилдер менен тапшырып салаарын. Качып кетсечи? Азыр озун гана ойлочу кун да. Бирок ушунча туптогон компаниясын таштап, бир кундо баш алып кете албайт. Кеткенде деле кайда барат ушул тапта? Алмаз айткандай, сыягы мунун сырын кримдуйнонун жарымы билип буткондой. »

 

 

 

Кеч кирип айлананы жаны карангылык каптай баштаганда эшиктин конгуроосу кагылды. Конгуроо эмес, шырп эткен ундон сактанып олтурушкан булар жапырт эшик тарапты коздой чуркашты. Эшик ачылып анда Асхат жудогон кебетеси менен колунда Аргенди которуп туруптур. Нурпери чанырып жиберди.

-Уулум!

-Мени, мени абактан бошотуп жиберишти. Эми гана жолдун чекесине чыкканымда кайдан экенин билбейм кара машина катары менен келип токтоп, белгисиз адамдар тапырап тушо калыша колума Аргенди карматып кайра зуу коюшту. Могу кагазда ушул жерге алып бар деп жазылган экен.

Асхат энтигип чарчаган демин али баса албай суйлоп жатты.

-Дене табы жогору менимче, кынкыстап келди. Балким ооруканага. .. — деп келе жатканда Арген коздорун ачты.

-Аргеш, уулум кана мени карачы?

Уулу жаткан керебетке чоголой олтура калган Нурпери баласына жалбарып жиберди.

-Аа-аппа?!

Чоктой болуп кызарган эрдин аран кыбыратып суйлогон уулунун коздору кайра антарылып кетти.

-Ач козунду балам, деги сага эмне болду?!

Чын эле денеси от менен жалын болуп жатыптыр.

-Ооруканага! Устун алмаштыр! — деген Алмаз короого машинаны от алдырганы чыгып кетти. Асхатты кучактап турган Аяра, колдору менен оозун жаба ыйлап жаткан Жылдыз. Нурпери жаны гана Аргендин устундогу кийимин чечип жиберип кыйкырып ийди.

-Ааааа?!

Белинде, андан ылдый сабалгандан калган тактар туруптур.

 

Оорукананын операция жасалчу болумунун алдында каршы терши басып журушкон Алмаз менен Асхат. Ал эми Аяра менен Жылдыз апасын эки жагынан жолоп олтурушат.

-Ким жасады?! Жаш балага да ушунча мамиле кылабы?! — деген Асхат муштумун туйуп алды.

-Талгат!

-Ким? — деген Жылдыз ордунан туруп бери басты.

-Талгат Бейсинбекович, атандын эски душманы болгон. Ошонун уулу экен.

Жылдыздын козунон жашы молт этти. «Эмне кылып салдым? Кантип? Ал адамдын жон эмес экенин сезчумун бирок мынчалык! »

-Алмаз байке мен…-деген кыздын сощун Алмаз токтотту. Укпай калды. Жылдыз куноосун айтайын деген, Асхатты озу абака салганын тушундургусу келди. Бирок…

-Жылдыз коркпо, баары артта калды. Апандын алдында болгула мен азыр…

-Асхат журчу сыртка,-деген Алмаз Асхатты далыга таптады.

Асманда ай толуп жайдын жылдыздуу туну. Алмаз кокту тиктеди.

-Асхат, Аяраны сакта. Козундун карегиндей. Ал менин сага тапшырган аманатым болот.

-Алмаз байке

-Созумду болбой ук.

-Ушулар менин болгон байлыгым. Коркпо эч жака кетпей элемин, буйруса силердин тоюнарды жасайбыз.

-Буйруса…

Асхатты ичкери киргизген Алмаз чонток телефонун алып чыгып Баратов менен байланышты да шашыла унаасын от алдырып жоноп кетти. Ошол убакта анын артынан тушкон спорттук женил унааны эч ким байкаган да жок.

 

***

Танкы саат беш. Аэропорт. Катар тизилип учууга кезек куткондордун арасында кара коз айнек тагынып, улам алды артын алдастап каранып аткан Талгаттын шаштысы кетип жатты. Жаны гана каттоого кезеги келгенде кулак тубуно жанырган ундон селт этти.

-Менимче келдин Бейсинбекович!

Бери бурула мандайында жигиттери менен турган Баратовту корду.

***

Туну менен созулган операция танга жуук гана буткон болчу. Жылдыз менен Нурперини уйго жиберип, озу Асхат менен калган Аяра, жигитке жолонуп уктап жаткан. Бир убакта негедир тушунон чоочугандай денеси башкача бир дирт эте козун ачты.

-Аяр, жакшысынбы?

-Папам кайда?

-Кечинде кеткен боюнча кайта элек…

-Кызык, азыр чалайын…

Алмаздын телефонуна байланыш кеткени менен жооп жок болуп жатты. Бир убакта барып гана алды.

-Алло, паап?

-Алло? — деген аялдын жоон унун укканда Аяранын ону бозоро тушту.

-Ким бул? Сиздер кимсиздер?

-Биз моргтон… — дегенди угуп эле телефонду ыргытып жиберген кыз чанырып ийди.

-Аяяр?!

-Асхат папама чалчы?! Мен туура эмес тушуп жатамын, морг деп жатат бир аял!

Ыйлап коз жашына какаган кызды олтургузган Асхат бери басып озунун телефонунан Алмазга чалды. Узака созулган гудоктон сон аял жооп берди.

-Саламатсызбы? Телефондун ээси?

-Эгер телефондун ээси жакынынар болсо морго келип кеткиле тундосу тушту, — деп коюп салды. Асхат чын эле дел болду.

 

***

Колдун жээги. Куздун чыйрыктырган шамалына карабай жалгыз караан кол жээктеп турду. Баягыдай ондон азган, бозгоргон жузу менен алдыны салкын тиктеп турду. «Эми сен жоксун! Таптакыр жоксун эми. Мурун кандайдыр бир умут жашачу. Азыр ошол умут да сени менен кетти. Балким бул сенин мага энчилеген жазандыр Жараткан.» Бул Нурпери болчу. Тагдырдын жиберген лор анан акыркы сыноосун ушинтип кабыл алды. Алмаз туболуко кетти булардан. Тээ бир убакта озу убада кылган ошол кооз анан кенен бакчасы бар уйго Нурперини жайгаштырып кетти. Ошол туну Талгатка бара жаткан жолду кырсыкка кабылды. Бул да кокустук эмес болчу. Талгат атайы артынан койгон адам зымырып бара жаткан Алмаздын машинасынын астына эки жолу ок узду да зуулдап жандап отуп кетти. Ошол бойдон Алмаз жолдон чыгып машинасы эки уч ирет салып сурулуп барып жатып калды. Трасса ээн болгондуктан анан устуно бул каргаша тундосу болгонго адамдар ото кеч келишти жардамга. Бул убакта Алмаздын жаны денесинен болунуп учуп кеткен болчу. Ошентип Алмаз бул жарыктан жок болду. Корсо адамзатынын жаны кыл учунда гана турбайбы. Бир коз ирмемде эмне болоорун билбейбиз. Болбосо Алмаз бакыт учун курошкон. Жон гана тынч жашоону кыялданчу эмес беле? Бирок бул бакыттын баасы ошончо кымбат болоорун билбеген, жада калса кан жыттанарын да.

Ошол бойдон Кыргызстанда белгилуу болуп чыккан «Альфа» курулуш компаниясынын жетекчиси жонундо эч ким эч кандай маалымат биле алышпады. Ал эми компаниянын иштерин Асхат, мода уйун Аяра жургузуп жатты. Арген бир аз бутуна туруп оз алдынча басканга уйронуп калды. Ал жми Жылдыз Аяра менен Асхаттан кечирим сурап окуусун улантам деп чет олкого кетти. Аяранын сунушу менен ал Нью-Йоркто мода боюнча сабак алып журот. Баратов кээде гана Нурпериден кабар алып турганы келет. Анда экоо кол жээктеп копко басып журушот. Баары оз нугуна тушуп жашоо озгоруп, тируулук уланып жатты. Нурперинин гана мезгили ошол жылдарда, Алмаз менен жашаган кыска анан бактылуу кундордо токтоп калган. Андан бери жансыз солокотун гана судуроп омур суруп жаткандай. Ал озун ушул тагдырга даярдар, таптап келгендей. Бирок алдыда аны коптогон жакшы кундор, жаркын муноттор кутуп турганын али билбейт эле. Ал бактылуу ирмемдер кыздарын узатуу, небере жытын жыттоо менен коштолоорун али Нурпери тушуно элек.

 

 

 

 

АЯГЫ….. 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE