Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 14 бөлүм

 

 

 

-Жок, — деди Талгат унун пас чыгара аргасыз.

Тамекисин очуруп, папкасынан кагаздарды алып чыкты Асыл.

-Бул жерде Бекжан Акимович жонундо маалымат. Мен сага берем, бирок шарт менен.

-Кандай?

Талгат ичинен озуно кулкусу келип турду. Бул жака муну чакырганда «мен шарт коем» — деп келбеди беле? Эми мынтип бул кары тулкунун алдында бужуройуп, шартын тыншап олтурганын карасан.

-Мени компанияга ишке аласын, жана жоготкон дуйномду кайтарып бересин. Атандын арты менен коп эле нерсемден ажырадым. Биринчиси карьерамдан.

-Кызык, ошол тапкан дуйнонду атамдан алсан керек, же сен бекер иштеп журдун беле?

-Балакай создорунду абайлап суйло, менде бардык далил бар сенин ким экенинди айтып берууго. Органдагыдар да, кримдуйно да сени кутуп жургон чагы. Анан да мен иштегем атана, таза иштеп бергем!

-Макул,-деди Талгат. Макул дебегенден башка чарасы да жок экенин тушунду. Баары бир муну жумушка алам деп келген да.

-Мына булар атан менен Бекжандын иштери. Атанды саткан документ мына болот. Муну Бекжан уюштурган. Белгисиз бироо аркылуу милиция болумуно тапшырып берген. Себеби бул документтер жалгыз гана Бекжанда болгон.

-Ал озун олтургону чынбы?

-Жок, ошондой айтылат. Атандын буйругу менен олтурушкон. Бирок атан улгурбой калган ондуу, алдын ала бироого документ тапшырып салыптыр.

-Асыл Токторович мага Бекжандын уй-булоосу жонундо маалымат керек. Балдары бар чыгаар, балким атасынын калган ишин улантышат?

-Антип ойлобойм. Жалгыз кызы менен уулу. Баласы али кичине, кызы болсо студент. Атасынын бул иштеринен менимче алардын кабары жок.

-Аялычы?

-Аялы Бекжандын олумунон сон, акылынан ажырап калган бир аз деген кептер бар.

-Мага Ханайым менен Али керек. Алар бул жакта.

-Издештиребиз.

Талгат уйго кайтып келе жатып, озу биле элек дагы канча иштер бар экенине тан калды. Ал оюнда Кыргызстанга келип эле, баарын озунун планы менен бутуро салам деп ойлогон болчу. Жада калса атасын турмого салган адамдан оч алам дегеничи. Озун ушунча адам кутуп жатканын эсепке албаган экен. Же Асыл Токторович айткандай али тажрыйбасы жокпу? Анын «кримдуйно адамдары сени кутуп жатышат» — дегенин эстеп журогу бир опкоолжуп алды.

 

***

-Апа мынакей келдик, бул биздин уй!

Чакан короого майыптар арабасында олтурган апасын суйроп кирген Аяра суйлоду. Короо кооз экен, бакча анан бир кабаттуу кооз уй. Алмаз мурун дал ушундай уйду кыялданчу. Ал «жаным элдерге окшоп, зангыратып уч кабат особняк салбайбыз, андан коро бир кабаттуу бирок кооз соонун уйубуз болот» — дечу. Кудум ошондой уйдун алдында азыр озу турат, мына кыялындагы жашоосу. Алмаз, ошол уй анан кызы. Бирок…

-Апа сага жактыбы? — деген Аяра апасынын козунон жаштар агып жатканын коруп чочуп кетти.

-Сага эмне болду апа? Бир жерин ооруп турабы?

-Жок, кызым жок. Мен журогум ооруп жатат, кызым мени кечир!

Нурпери алдында чоголоп олтуруп озуно жалооруп мээрим тогуп турган кызын кучактай калды. Балким бул тагдыр оюну. Бир кездерде озу баш тартып кеткен куйоосу менен кызынын колуна мынтип бир жагы иштебей арабага кадалып калганда келип олтурат. Балким бул куноосунун жазасы болгондур…

-Апа ыйлабачы, баары артта калбадыбы?

-Кечир мени кызым, коркок алсыз апанды.

-Апам менин, сен ыйлабачы. Чын айтам мен капа эмесмин. Мен бактылуумун, жанымда сен барсын!

Нурпери ооруканада жатканда Жылдыз бир келип койгон жок. Чалса албай да койду. Бироонун кароосуна муктаж болуп кызына клзу чачырап турганда мынтип баш тартып кеткенине катуу ызаа болду. Таарынды, озуно таарынды. Озун жек корду. Жылдыздын ошончолук мээримсиз болуп кетуусуно тек гана озун куноолоп кала берди. Алгач Алмаз «уйго чыгарып кетем» — дегенде каршы болду. Бирок Аяра жалооруп суранып туруп албадыбы? Анын устуно бараар жери да жок, айылга кетсе муну караар кишиси болбогон сон, булар менен айласыз келууго туура келди. Уй ушунчалык жайлуу экен. Болмолор кен аппак, анан жарык. Аяранын атайын сурот тартчу болмосуно кирип экоо сурот тартышат. Ашканда тамак жасашат. Нурперинин мундуу жузу ачылып, оо бир кездердегидей нур тогуло сулуу болуп кетти. Корсо адамдын тышкы сулуулугу да ички жан дуйнонун тынчтыгынан, анын бейкуттугу жана бактылуулугунан коз каранды турбайбы? Ошон учун айтылса керек «бакыттын койногу бардык адамды сулуу кылып корсотот» — деп.

 

 

 

***

Кун уясына кызарып батып баратканын карап олтурушкан Асхат менен Аяра.

-Нурпери эже жакшы болуп калдыбы?

-Ооба апам жакшы.

Ортодо тынчтык. Бир убакта гана Асхат акырын ун катты.

-Аяра?

-Ооу

-Бир нерсе сурасам капа болбойсунбу?

-Жок, айта бер.

Кыз коздорун жумуп жузун салкын соккон желге тосуп турган калыбында жооп берди.

-Кандайча Нурпери эже апан? Сенин папан…

-Аа булбу?

Коздорун ачкан кыз Асхатты бир нече мунотко карап турду да, кайра ийинине башын жолоп созун улантты.

-Апам менен менин папам бирге жашашкан, кийин белгилуу себептер менен папам камалып кеткен экен. Апам мени тороп, бирок албай кетип Жылдыздын атасына турмушка чыгып бул жактардан кочуп кетишкен. Сыягы кыйналса керек бул жерлерде. Мени аябай жакшы уй-булоо багып чонойтушкан. Анан папам турмодон чыгып мени издеп таап алып кеткен.

-Тиги уй-булоончу?

Аяра бир аз унсуз олтурду да, оор ушкуруп:

-Алар каза болуп калышкан, — деди.

Бирок алардын ким экенин айткан жок. Анткени Алмаз «эч кимге, эч бир жанга озундун мурун ким болгонунду айтпа» — деп абдан эскерткен болчу.

-Кечирип койчу, мен байкабай эле.

Асхат кыздын маанайы тушуп кеткенин коруп шашып калды.

-Жоок, баары жакшы. Байкем бар, дайынсыз кеттик кабарлашпай. Жада калса унутуп да калгам. Элестете албайм кандай коруноорун.

-Аяра, анан апанды кечирдинби?

-Эмнеге кечирбейм айтчы Асхат? Апам ошол убакта мажбур болгон. Анан эми эмне айырмасы бар, баары бир болоор иш болду го? Кек сактап эмнеге жетишмек элем. Анын устуно апам ар дайым озунун абийиринин алдында озун жеп, соттоп жашап келди. Жада калса азыр деле мени караганда коздорун ала качып, озун куноолу сезе берет.

-Эх менин боорукерим, журогу кен алтыным! Кайдан журуп мындай жароокер болуп калдын экен?

Асхат Аяраны кучагына алып бекем кысып олтурду.

-Жылдыз да сага окшоп боорукер болсо! Канча айтсам да когоруп апасына таарынып журот.

-Ооба, менимче менден апасын кызганат. Ал сени да кызганат го менден?

-Койсон?

-Озунду калп эле билбегенге ала бербечи? Ал сени жакшы короорун кантип билбейсин?

-Билем, байкеси катары.

-Жоок Асхат, ал сени андан да жакын жакшы корот, мен билем го.

-Иий ушул менин бардыкты билгичимден го…

Асхат Аяранын жузунон эркелет чымып алды да эрдинен ооп койду. Аяра коздорун жумган калыбында назик шыбырып жатты.

-Мен сени суйом!

-Аярам! Сени суйом!

 

Эрте менен ойгонгон Аяра сурот тартып олтурганда телефонуна билдируу келип тушту.

Жат номер экен ачып караса «кутман тан ширин кыз! Бизди унуткан жоксузбу?» — деп туруптур. Дароо эсине Талгат Бейсинбекович тушту. «бирге болсун байке» — деп гана кыска жооп берип номерди «Талгат Бейсинбекович» — деп сактап койду. Бир аз отпой чалуу келди.

-Алло?

-Кандайсын? Сени ойготуп жиберген жокмунбу?

-Жоок, ойгоо болчум.

-Эрте турупсун го?

-Ооба, суроттор менен.

-Аа, эргуулор уктатпай дебейсинби?

-Ооба, ошондой десе да болот.

-Аяра мен сени кечки тамака чакырайын дегем, эгер каршы болбосон.

Кыз эмне деп жооп айтууну билбей бир аз унсуз туруп калды. Кайра Талгат :

-Тушкон сунуштар менен кенешууго, анан менин да компанияма сендей таланттуу адистер керек. Жакында мода уйун ачканы жатамын ошого…

-Макул байке, — дей салды кыз.

-Рахмат, мен кечинде машина жеберемин анда.

-Жок,убара болбой эле коюнуз, мен озумдун унаамда эле.

-Эч нерсе эмес, кеч байланышам, -деп телефонду очуруп салды.

Аяра ошол турган калыбында телефонду ээгине коюп «кызык бул менин дарегимди да билбейт, кантип машина жиберет?» — деп ойлогуча болбой сырттан конгуроо чалынды. Дарбазаны ачкан Аяра чоктой кызарган бир кучак роза кармап турган курьерди корду.

-Саламатсызбы?

-Саламатчылык.

-Аяра Алмазбековна сизби?

-Ооба

-Бул жерге кол коюп бересизби?

-Макул, — деген кыз кол коюп гулдорду алып калды. Сынактан сон уйуно гул, белек жибергендер кобоюп конул деле бурбай калган. Чекесинде турган киичинекей конвертти коруп окуду «ушул гулдордой сулуу, анан ширин кызга» — деген жазуу бар экен.

 

 

 

Мыкты жасалгаланган чакан ресторан. Аяра Талгат жиберген машина менен келди. Ичкериден да сылык суйлоюп тосуп алган официант кыз Аяраны озунчо болмого баштап жоноду. Ал болмодо Талгат Бейсинбекивич тосуп алды. Келбеттуу боюна кийген койногу ансайын жарашып укмуш сулуу корунду кыз. Коз албай тиктей берчу, таланты менен сырткы сулуулугу топ келген керемет жан!

-Саламатсызбы

-Саламатчылык, — деп сылык корушкон Талгат стулду тартып кыз олтурганга жардамдашты.

-Рахмат.

-Кандайсын? Ден соолук, окууларын?

Талгат негедир создорун аптыгып айтып сурдоп турду. Ушул жашка чыгып, биринчи жолу кыздын алдында сурдоп шашып атканына озу тангалып кетти.

-Рахмат агай, баары жакшы.

Аяра назик кулуп койду эле жузундогу уяча чыгып ансайын ажарлуу корунду.

«Ушунчалык тааныш коздор!» — деди дагы бир жолу ичинде Талгат.

Аяра келгенден сон аз отпой, официанттар столдун устун жайнатып жиберишти. Жемиш ширесинен жасалган суусундуктан ичишип маек уланып жатты.

-Коп сунуштар тушту болуу керек сага?

-Ооба, коп эле.

-Чет жактан да келип жатат. Кобунчосу мода уйлору.

-Мен да ошол сунуш менен сени чакырдым.

«Угуп жатам» — дегендей кыз коздорун ирмебей карап турду. Бир да адамдын козуно кароодон жалтанбаган Талгат, биринчи жолу ушул алдында олтурган жаш кыздан тайсалдап коздорун тартып алды.

-Мен курулуш компаниясына кошуп, мода уйун да ачканы жатамын. Албетте сен мени менен иштешууго макулдугунду берсен.

-Мен агай…

-Ооба мындай сунушту менден кутпосон керек. Менде мода уйу туптолгон, тагыраагы даяр. Ошого сени стилист, дизайнер катары жумушка чакырып жатамын. Анткени сенин тиги сынактагы кийимдеринди коруп, абдан таасирлендим. Кыргыздын ойууларын жаны заманбап кылып кийимге айкаштыруу баарынын колунан келе бербейт да.

-Мен, ойлонуп коройун агай.

-Албетте ойлонуп кор.

Ушул менен булардын маеги токтогондой болду. Андан ары кунумдук создор уланып, Аяра кетууго кам урду. Алып келген машина менен жеткирип койду айдоочусу.

Кеч келген кызын уктабай кутуп олтурган экен Нурпери.

-Апа сен уктай элексинби?

Бутунун учу менен бараткан кыз чон залда олтурган апасын коруп кайтты.

-Кандай отту?

-Жакшыы, жумуш сунуштап жатат. Мода уйкн ачат экен.

Апасынын тизесине башын коюп жата кетти.

-Сен окуунду бутуун керек.

-Ооба, бирок бул жакшы сунуш апа. Белгилуу компания, келечектуу. Кала берсе Асхат иштейт. Папам менен, Асхат менен кенешип анан жообун айтамын.

-Озуно жаккан жумушту жаса кызым, жан дуйнон эс алат.

-Апа, сен эмнеге сурот тартпай калгансын?

Улутунуп алды Нурпери. Жооп жок. Жон гана сол колу менен Аяранын чачтарын сылап жатты.

-Чачтарын менин чачымдай.

-Ооба, мамам жибектей деп мактайт болчу.

-Эс ал кызым, чарчагандырсын.

-Апа?

-Оу

-Бугун сени менен уктайынчы.

-Макул.

Апасын кучактап жанына жатты.

-Кандай соонун жыт! Мен ушул калыпта уктоону канча кыялданып жашадым апа. Жылдызга суктанамын. Ал дайым сенин жанында болгон. Каалаганда сени кучагына баса алган.

Божурап суйлоп уйкуга мемиреп бараткан кызын чачтарынан сылап жаткан Нурпери унсуз ыйлап жатты.

-Жылдызым. Жанымда журуп огой кылып алдым. Бир ирет байкуштун кучактап уктабаган экем. Уктаганды кой, мээрим бердимби? Унчукпай синирип, коз жумган алтыным!

Нурперинин бул создорун Аяра уккан жок. Ал качан эле коошулуп уйкуга кеткен болчу.

-Эки кызымды эки жакта оксутуп таштаган мендей энеге кечирим бар бекен? Аргеним мени сагынган чыгаар…

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE