Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ 12 бөлүм

 

 

Ооруканага жетип келген Талгат, кайра жандандыруу болумунун алдында турду. «Кандайча журогу кармап калат? Мен коргонумдо бир жакшы болчу!» — деген ойлор мээсинде айланып, колдору менен ээгин кармалап басып журду. Ичкериден чыккан дарыгер Талгатты чакырды. Тийтилдеген аппаратка уланып купкуу болуп жаткан атасынын колдорун кармап жанына олтурду.

-Султанаалы Борубаевич. ..

Жанында турган врачтын козунчо ата дей албады. Султанаалы алсыз колдорун которуп врачка карады.

-Талгат Бейсинбеков, копко кармалбаныз, — деген врач экоону жалгыз калтырып чыгып кетти.

-Уулум, — деди энтигип.

-Ата, жакшы болот баары.

-Ханайым, Бишкекте.

-Эмне? Сага келдиби? Качан?

-Кече келген. Садагам чоноюптур.

-Эми менин конулум тынч балам, сен да тынч…

Создорун толук айта албай узул-кесил суйлоп жотолуп баштады эле, уланып жаткан аппараттын уну катуулап сырттан врач кирип келди.

-Чыгыныз, болду.

Сыртка чыгып тенселе тушкон Талгат дубалды сойоно калды. Ичкери дагы тапырап 4, 5 врач кирип кетишти. Арадан жарым саат убакыт отуп, Султанаалы узулуп кетти. Бир кездери олкого таанымал миллионер Султанаалы Борубаевич журогу кармап каза болду. Бул маалымат тараар замат саясатта да, кримдуйно ичинде да бир дурболон боло тушту. Аны жерге беруу зыйнатына алыс туугандары менен Талгат Бейсинбеков гана катышты. Талгат ата деп ыйлай албады, жон гана бир убактары шериктеш болуп иш алып барган жакын адамы гана болуп турду.

 

Эрте менен устаканасында сурот тартып олтурган Аяра эшик оозунда озун карап турган Алмазды корду.

-Папа,

-Соонун кызым.

-Тиги айылда кордум, кундун батканы.

-Аяра.

Жанына жакын келип кызынын боек шыбалган жузунон сылады.

-Султанаалы Борубаевич каза болуптур.

Аяранын колундагы боектору жерге тушту.

-Атам! Кантип?

— Журогу кармап дешти.

-Мен, мен барышым керек паап!

-Билесин го Аяра сени жибере албайм!

-Атттаааа?!

Ыйлап жатты кызы коз жашы жамгырдай тогулуп, албуутана ыйлап жатты. Кече эле мээрим менен озун карап узатпады беле? Окунуп кетти. Эртерек жанына келип, кобуроок жанында болбогонуна.

Кундор биринин артынан бири кубалашып ото берди. Аяра сурот да тартпай, озу менен озу тунжурап олтуруп калды. Акыркы кундору откондогу бала кезин, атасын Жибекти коп ойлончу болду. Мойнундагы атасы кичинесинде белек кылган чынжырчаны кармалап терезеди ойлуу олтурган. Телефонго келип тушкон билдирууну окуп конулсуз жылмайды.

 

Жаны окуу жылы башталып, окууларына кайтып келген студенттерден шаар кайра жандана тушконсуду. Аяра да шагыраган балдар кыздар менен аралашып, окуу жай мугалимдер менен таанышып студенттик кундордун таттуу мезгили башталды. «Сулуу сени кутуп турамын!» — деген жазуу менен жылмайган быйтыкчаны окуп шашып сыртка жоноду. Университеттин алдында колуна бажырайган гул алып Асхат турган экен.

-Салам!

-Кандайсын?

-Жакшы, качан келдин?

-Кече, бул гулдор сага.

Колундагы ар кандай гулдордон жасалган букетти кызга кармата салды.

-Сонун, жыты да укмуш!

Аяра коздорун жумуп гулдорду ырахаттана жыттап алды.

-Озубуздун бакчадан.

-Айылдан алып келдинби?

-Ооба, атайын сага деп.

Катарлаш баскан экоо дагы узун маеке кирип баратышты.

 

 

***

Жылдыз да тогуздун базасы менен окууга откон. Мектептен он бирди бутпой так секире окууга тапшырам дегенин себеби да Асхат болчу. Жылдыз да кудум Нурперидей суротту мыкты тартат. Анын бирден бир кыялы олкого деги эле дуйного белгилуу, дизайнер болуу. Анан албетте жанында Асхатты корот. Озунчо кийимдердин эскиздерин да ойлоп таап сызып кала турган. Бир жолу Асхат экоо кол жээгинде сурот тартып олтурушканда жигит сунуштаган болчу. «Тогузду бутуп деле тапшырсан болот, шаардан озум жардам берип турам» — деп. Ошол эле созу дем боло, делбирип ансайын кыялдарга чомуло мынтип окууга тапшырып алды. Бирок озу кутконундой Асхат менен жолуга албады. Кыялында шаарга окууга келсе жигит озу издеп келет, анан экоо шаар кезип… Балким чын эле ошондой болмок, эгер ортодон Асхат Аярага жолукпаганында. Курбуса Махабаттан Асхаттын жатаканасын сурап таап келди. Канча олтурду белгисиз, улам откон жигиттер тийишип отушот. Акылы «жинди болбой кет, кыз бала башын менен жигитти издеп келгенин кандай?» — урушуп жатты. Акыры ордунан туруп жаны эле жоноордо Асхат менен мандайлаш келе калышты.

-Жылдызка?

-Асхат байке, кандайсыз?

-Сен кайдан?

-Мен тиги…

Уялганынан бети кызарып чымырай тушту. «кетип кал десе конбойсун» -деп озун ичинен жемелеп да алды. Асхат Жылдыздын уялып кеткенин коруп онтойсуз абалга салып алганын тушунду.

-Сулуу кыз элен, шаарга келип андан да сулуу болуп кетипсин го? — деди созду буруп жайдары суйлоп.

-Койсонуз, сизге бир чиймени корсоткону келгем. Жакшы тушуно албай.

-Ии, жур тиги сейил бакта жай суйлошуп карап беремин.

-Макул!

Жылдыздын коздору жайнап кетти. Чын эле Аяра менен окшош экен. Айрыкча кулгондо…

Экоо сейил бактын жашыл шиберинде олтурушту. Асхат кыздын колундагы чиймелерин алып, карап олтуруп тушундуруп берип жатты. Ал эми Жылдыз, озу, козу кагаздарда болгону менен ой-кыялы коколоп учуп тээ асмандын жетинчи кабатына которуло булуттарды аралап журду. Асхаттын суйлоп жатканын карап олтурганы менен эмне жонундо суйлоп жатат тушунбой эле жалдырап олтурат.

-Буга ылайык атайы карандаштар болот, эртен мен устаканамдан алып келип коемун. Менде бар болчу. Жылдыыыз?

-Ыя?

Кызды кыялдардан сууруп чыккан Асхаттын созу болду.

-Угуп жатасынбы?

-Ии ооба Асхат байке, тушундум.

-Бир жерин ооруп жатабы? Апандар жакшыбы?

-Ооба, оорубай элемин.

-Баса жатаканадасынбы? Кечирип кой, сенден кабар ала албай калдым.

Асхат чын эле уяла тушту. Мындан 3 кун мурун карындашы чалып Жылдыз сураганын айтып, «жардам керек болсо карап, кабардар болуп журун» — деп эскертпеди беле? Озу деле жардам берип турам дечу эле го.

-Жок, чон энем шаарда го, ошол жактамын. Сиздин да убактынызды алдым э рахмат сизге. Мен барайын Асхат байке.

Жылдыз ордунан козголду.

-Макул, сен учун убактымды аябайм го,-деген жигит кыздын чачтарынан уйпалап сылап койду.

-Качан болсо келе бер, баса берчи номеринди. Озум эле чалып сурап турайын…

Жылдыз ичинен канчалык кубанып турса да сыртына чыгарбай, номерин берип кудундап жолуна тушту. Сурап келген темасына жакшы тушунбой, анысына деле кайыл болуп Асхаттын жылуу созуно жылынып, андан кубат алып кайра маанайы которуло баратты. Эхх суйуу… Адамды не деген кыялдарга батырып, не деген иштерге турпойт бул суйуу дегенин. Акындардын бутпос казалына, ырчылардын тугонбос дастанына, обончунун кайталангыс кайрыгына айланган бул суйуу пенделерди тандап олтурбай келет экен го. Сенден уруксат сурап кимди суйоорунду таразалап, талдап олтурбай келет бул суйуу. Бири-бирине мончоктой чубуртуп байлаган да, баатырды алсыз кылып тизелеткен, алсызды баатыр кылып кучтонткон да бул суйуу! Асхат Жылдызды карындашындай боор тартып жакшы корсо, Жылдыз Асхатты ансайын куч алып суйуп баратты. Бул секелек алдыда ушул сокур суйуусунун айынан не деген иштерге бараарын али тушуно элек…

 

 

Аяра менен Асхаттын дуйносу озунчо. Эч ким тушуно алгыс, эч бир инсан сезе алгыс озгочо сезимдер менен бири-бирине арбалып, козго корунбос жиптер менен чырмалышып байланып баратышты.

-Алло?

-Асхаат? Уктап жатасынбы? Ойгонсон!

-Мына ойгондум.

-Ооф уйкучу. Тур менин сага белегим бар. Соонун!

-Аяра, ошончолук маанилуубу? Тун бир убак болду.

-Жатаканана барамын азыр.

-Тентек, устаканада калгам мен…

-Туут-туут-туут, — деген ун угулуп коюп салды кыз.

Уйку соонун арасында эч нерсеге тушунбогон Асхат, коздорун ушалап саатты караса 2:57 деп турат. «Бул кыз эмне уктабай журот?» — деп суйлоно кайра тошоко баш койду.

Арадан жарым саат отпой сыртта машинанын ачуу сигналы угулду. Чакан эки болмолуу жер тамды Асхат менен дагы эки досу кошулуп арендага алышып оздоруно устакана жасап алышкан. Тынбай басылган сигналдын унунон терезени карап Аяранын машинасын коруп чочуп кетти. «Чын эле келип алган го бул тентек.» Жарыкты жандырып сыртка чыкты.

-Уйкучуу! Кандайсын?

Аяра жанына келип чоп этире бетинен ооп алды.

-Сен кыз эмне журосун тун жамынып. Бетин да боек?

Колу менен кыздын боек болгон жузун аарчып жатып суйлоду.

-Папама окшойсун.

-Эмне?

-Папам да жаныма келип биринчи бетимди тазалайт.

-Анда бетине шыбап албай сурот тарт да.

-Кантейин озум да билбей каламын.

Озун карап жылмайып турган кызга журогу эзиле бооруна кысып алды.

-Сени сагындым тентегим десе! — деди кулагына шыбырап.

-Ошол сенин сагынганынды сезип келбедимби?

-Жур ичкери кирели.

-Токтой тур, мен азыр.

Аяра машинанын арткы орундугунан бети ак кебез менен тосулган чон картина алып чыкты.

-Бул эмне? — деди тан калган Асхат.

-Бул белек, сага.

Экоо жетелешип ичкери кирип, Асхат кофе жасап Аяранын жанына олтурду.

-Ии анан эмне шедевр жараттын?

Апакай кебезди сыйрып алды кыз. Чон картинада кызарып батып бара жаткан кун, жалгыз дарак, анан самолёттун учканы, дагы бийик имараттар да чагылдырылып турат. Анан эки караан.

-Асхат, бул суротту тартып жатып бут жашоомду коштум, сени да.

Унчукпай ары басып кеткен жигит да колуна чон картинаны которуп келип Аяранын картинасынын жанына койду. Анда да кызарып батып бараткан кун. Колдун толкундары, жалгыз дарак анан колдорун кайчылаштыра ары карап, чачтары менен жука моюн орогучу шамалга учуп турган кыздын карааны. Экоо бирин бири карап бырс эте кулуп алышты. Катар тизилген эки картинанын тубуно оз аттары менен ошол экоо таанышкан кундун даталарын жазып коюшту. Астын устун боло боектор менен кагаз калемдер чачылып жаткан чакан устаканын ичинде экоо тан аткыча суйлошуп олтурушту. Бирде каткыра кулуп кубалашып калышса, бирде жон гана унсуз кучакташып олтурушат.

 

 

***

Бийик имараттын онунчу кабатындагы кенен, жарык, терезеси дубал менен бир болгон болмодо Асхат мандайындагы адамдан козун албай олтурат. Озунун алып келген резюмесин абдан конул коюп окуп олтурган адам бир убакта башын которуп кагаздарды койду.

-Куттуктайммын Асхат Эркинбекович, биздин компанияга кош келипсиз!

-Рахмат, Талгат Бейсинбекович! — деген Асхат ордунан туруп кол беришти.

-Эртенден баштап, келиниз алгач сыноо мооноту андан сон толук иштей берсениз болот!

-Рахмат, жакшы калыныз.

Асхаттын кубанычында чек жок эле. Канчалаган жаш архитектор дизайнерлер бул белгилуу компанияга ишке орношууну кыялданып келишет. Сынак жарыяланган кундон тартып, аракет кылып акыркы турга чейин келип эми мынтип жумушка орношуп олтурат.

-Алло Аяра кайдасын?

-Окуудан чыктым, кандай отту?

-Сонун! Устаканага баратамын.

-Макул мен да барып каламын.

Чачылган устакананын ичинде экоо пицца жеп олтурушту.

-Кандай сынака даярдыктар?

-Жакшы, буйруса бул апта кийимдеримдин баары тигилип бутот.

-Азаматсын.

Жакында жаш дизайнерлер арасында Университеттер аралык сынак жарыяланып, ага Аяра катышып жаткан. Колледждин атынан болсо Жылдыз.

-Баса Жылдыздын да бугун кийимдери бутот, — деди Асхат суусундук ууртап жатып.

-Асхат, убакыт бат эле отуп кетет турбайбы? Карасан мен мына учунчу курстун студенти болом, сен окууну буттун.

-Ооба да.

 

Мынакей ошол айтылган кун. Дайым концерттер отуучу филармониянын алдында эл укмуш коп. Кудум белгилуу бир легенда ырчынын концертине келишкендей. Колдоруна туркун тустуу гул, шаар, жана жалтырап куйгон ар кандай чырактарды которгон элдин копчулугу жаштар. Баш аягы сегиз катышуучу университет жана колледждердин атынан ат салышат. Сынак башталаарга убакыт жакындаган сайын Жылдыздын толкундоосу кучоп, тыбырчылап жатты. Коп жерде, коп иштерде токтоо болуп эмоциясын оной менен сыртка чыгара бербеген Жылдыз азыр ушул тапта, журогунун дукулдогону катуулап, атугул улам ушалап кармалап жаткан колунун алакандары тердеп чыкты. Кыпкызыл кучак толо роза гул которуп, кирип келген Алмаз алдынкы орундуктан орун алды. Андан бери 4, 5 орундук алыста Нурпери менен Асхат олтурат. Мына залдын жарыктары очурулуп, салтанаттуу музыканын коштоосунда алып баруучулар чыгып кече башталды. Сахнадан тартып келген коруучулордун алдына чейин атайын жасалган подиум менен ар бир катышуучунун кийимдери корсотулуп жатты. Мына ушул сынакта демоорчу катары коноко чакырылган Талгат Бейсинбеков да олтурган. Кыздардын кийимдери корсотулгон сон, ар бирин ысымы фамилиясы менен атап сахнага чакырып жатышты. Аяра Алмазбековна деген ысым жанырып узун кыпкызыл койнокту жараштыра жылмайып чыгып келе жаткан кызды коргон Талгат ордунан бир туруп кайра олтурду. «Ошолбу же окшотуп жатамбы?» — деген кумондо жакшылап карап турду. Сахнанын ортосунда турган кыз, алыстан ар кандай тустогу жарыктар жаркырап турса да, кыздын ошол аэропорттон коргон каректерин тааныды. Аяранын койноктору эн мыкты аталып, жана да улуттук оймолор тушурулуп заманбап, озгочо стили менен баарынын конулун бурду. Экинчи орунга илешкен Жылдыздын ошол жерден ич куйдуулугу куч алып, азыр колунда болсо мына бул зал толо адамдар жок болгондо Аяраны муунтуп салганга даяр эле. Салтанаттуу аземде демоорчу Талгат Бейсинбекович озу баш байгени Аярага тапшырып жатып сурдоп кетти. Колдорун майда калтырак басып, ооз учунда «кут болсун!» — дегенге аран жарады. Негедир тааныш каректер. Кулгону да ушунчалык жагымдуу… Асхат Аяра менен Жылдызга окшош букет гулдорду берди. Алмаз да кучак толо роза менен машинанын ачкычын карматты.

Баары жада калса апасы Нурпери да Аяраны айланчыктап куттуктап жатышканын коргон Жылдыз ызаадан буулугуп кетти. «Жашоомдогу бардыгын тартып алды, апамдын мээримин, Асхатты эми болсо мынтип озунун колундагы акыркы мумкунчулукту да ушул Аяра тартып алды.»

Бул сынакка катышып даярданып жатканда эжейи эскерткен «болгон кучунду, талантынды ишке сал. Анткени бул чон мумкунчулук, ал сынактан озунду корсотуп алсан, мода уйлору менен иштешуу сунуштары тушот. «-деп. Ошол кыял менен озунун дуйного кетчу жолун ушул сынактан коруп жатпады беле?! Чуркап чыгып кеткен анын артынан эч ким карабады, жада калса андабай калышты. Бир убакта гана Нурпери :

-Жылдыз корунбойт, — деп издеп баштады.

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE