Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ 11- бөлүм

 

 

Кудум ушул эле куну Талгат да, абака атасына кезигууго келген. Озунун байланыштарын ортого салып, аран уюштурду бул кездешууну. «Мурун кызматташкан компаниядан окул келиптир» — дегенди уккан Султанаалы конулсуз жеке жолугушуулар отуучу жайга кирди. Капкара кийинген, сакалын бир аз остуруп алган жаш жигит кутуп туруптур. Алып кирген кызматкер Султанаалынын колун чечип сыртка чыкканда гана жанагы жигит чуркап келип кучактап алды.

-Аттаа!

«Эмне дейт? Ата дейби? Бул менин уулумбу?»

-Эмне Медер? Медерсинби?

Эки колу менен баласынын жузуно карап коздоруно тигилип жатты.

-Атаке мен уулунмун!

-Оо кудай тируу экен! Озуно шугур жараткан. Уулум тируу экен.

Кудайга жалынып да уулун кучактап жузунон опкулоп да жатты.

-Ата, ата. Мен келдим. Эми баары жакшы болот, сени алып чыгамын бул жайдан!

Бири биринин далысына таптап бир топко чейин кучакташып турган ата уул кыйлада гана кое беришип, болмодогу столго мандайлаш олтура кетишти.

-Ата кантип жатасын бул жакта. Кечир эртерек келе албадым. Убакыт керек болду. Бирок сен жонундо угуп, дайындап жаттым.

-Уулум, кримдуйнодо бир аз болсо да ордум бар эле. Бул жакта кереги тийди. Сыйымды ордуна эле коюшкан.

-Талгат Бейсинбеков!

-Азамат уулум!

-Ата мен Ханайымды да издеп табуум керек. Зыян келтиришпесе болгону…

Султанаалы бир азга ойлоно тушту да, кайра уулуна карады.

— Ханайым Алинин колунда, оз атасында. Ага зыян келтире албайт.

-Кандайча оз атасында?

-Талгат, Ханайымды багып алганбыз.

-Бирок ата…

-Биздин кыз торолгондо эле олуу торолду. Анан дарыгер апасы баш тарткан ымыркайды сунуштап. Аны сен эмес, апан да билбейт болчу. Бир гана мен, анан ошол дарыгер…

Талгат ордунан туруп ары бери басып журду.

-Баары бир табамын.

-Али жонундо эч кандай маалыматка ээ эмеспиз. Балким алар бул олкодо жок чыгаар…

***

Апасынын базардан кечигип жатканына тынчсызданып сыртка чыккан Жылдыз менен Арген оздорунун уйунун алдына кара машина келип токтогонун коро утурлай басышты. Коптон бери бул уйго машина келе элек болчу. Эшик ачылып биринчи апасы анын колун кармап дагы бир кыз тушту. Жылдыз коргондо эле анын ким экенин болжооду.

-Апаа?

-Жылдыз коноктор келди кызым.

-Саламатсыздарбы? — деген Жылдыз булар менен негедир супсак корушту. Аяра таптаза болгон айылдын абасынан терен дем алды.

-Айлана ушунча да тынч болобу?

Ар дайым ызы-чуу тушкон шаардан тажаган ал бул созду кантип айтып жибергенин билбей калды.

Уйго кирип баары дасторконго жайланып олтурушканда Нурпери жанында олтурган Аяранын колдорун бекем кармап:

-Жылдыз, Арген бул силердин эженер болот.

Ортодо жымжырттык. Арген али эч нерсени тушунбогондой бирде апасын бирде кабагы бурколо олтурган Жылдызды карап олтурат.

Алмаз Жылдыздын реакциясынан бул жонундо мурун эле укканын тушунду. Анткени анын жузундо, Аргендей болуп тан калуу жок эле. Тескерисинче жек коруу ызаа турган. Кудум Бекжандын коздорундогудой. Аяра менен Жылдыз бири бирине окшош. Жада калса жузундогу уячалары да. Бир гана озгочолук коздорундо. Аяранын козу Алмазга окшош, ал эми Жылдыздын козу Бекжанга. Нурпери уулунун атасына окшоп баратканын коруп коркор эле. Жок жанылышкан экен. Корсо Арген сырты гана атасына окшобосо анын ички дуйносу таптакыр башкача экен. Жароокер, айлананы суйуп карайт. Аны мына азыр Аяраны огойлобой бат эле тил табышып кеткенинде корду. Ал эми кызы Жылдыз анын мунозу атасын жазбай алыптыр. Эшике чыгып сыртта турган кызынын жанына келди Нурпери.

-Жылдыз?

Козунон томолонуп кеткен жашын апасына корсотпой суртуп алды.

-Эмне?

-Сага эмне болду? Эмне сыртта турасын?

-Апа баары бир таап келдинби ушул кызынды?

-Жылдыз?!

-Эмне? Канча жылдан бери ушул оору менен жашайсын. Озунду эле эмес, бизди да кошо кыйнап келдин. Бала кезибизде мээриминди корбой оксуп остук. Чонойгондо коз жашындан башкасын коро албадык. Эми болсо бул. Апа сенин андан башка да балдарын бар экени эсиндеп чыгып кеткен.

-Ал сенин эжен!

-Жок,менин бир тууганым ал эмес!

 

 

 

***

Уйдогу ызы-чуудан, атасы менен апасынын кыжылдаган унунон тажаган Асхат эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Кун ара ушул корунуш. Эмнеге экенин билбейт атасы менен апасы жакшынакай олтурушуп эле уруша кетишет. Кун жаны гана уясына кызарып батып бара жаткан, ар дайым келип журчу айыл четиндеги добого келди. Кызарып батып бараткан кунго чагылыша жалгыз караан козуно урунду. Кыз окшойт сыягы. Чачтары шамалга учуп, мойнундагы жука моюн орогучу да желбирейт. Асхатка ушул корунуш ажайып корунду. Суротко тартып алса… Кызга бир нече кадам жетпей артында турду. Аяра батып бара жаткан кундон козун албай жылмайган абалында турат. Качан гана кун батын кеткенде «Кандай кооздук!» — деп алды.

-Туура керемет! — деген ундон артына бурула берип озун тиктеп турган жигитти корду. Жанатан Асхат «жузу кандай болду экен?» — деп ойлоп турган. Топтомолок коздору, анан апакай жузу, жылмайганда он жагында пайда болгон уяча да жарашып турат. Мурун бир жерден коргондой, бирок эстей албай жатты.

-Сизди мен байкабай…

-Асхат!

-Аяра.

-Ысымыныз озгочо экен.

-Рахмат, — деди кыз жылмайып.

-Биздин айылда коноксуз го?

-Ооба, мен тиги Нурпери…

-Аа, Нурпери эженин уйуно келдинерби?

Мына эстеди кызды кайдан коргонун, Жылдыз. Оздорунун уйунон эки уй ылдыйда жашаган Жылдыздын да кулгондо жузуно ушундай уяча чыга калчу.

-Бир жерден коргом деп коем. Жылдызга окшойт турбайсынбы?

-Аа, ооба бир тууган эмеспизби?

-Бир тууган? Кызык Нурпери эженин дагы бир кызы бар экенин билбеген экем.

-Макул мен жоноюн. Жакшы калыныз.

Аяра коштошуп бара жатканда Асхат артынан кыйкырды.

-Бул жактан тандын атканы да кооз корунот!

Бир саамга токтоп калган Аяра артына бурулбастан ууртунда жылмайып койду да, кайра басып кетти.

Тан эрте муздак шамалдын илебинен козун ачкан Аяра терезени карады. Негедир кечеги добого баргысы келип, кайра ойлонуп тошоктон турбай кыйла жатты. Бир убак бутунун учу менен басып сыртка чыкты да, устуно калын жабууну оронуп чуркап жоноду. Ал добого келгенде кун жаны гана уясынан чыгып жаткан. Асхат турган экен. Кун толук чыгып которулгондо колдорун жазып:

-Кутман кун! — деди Асхат.

-Кутман тан!

Артына бурула берип кыздын озун карап жылмайып турганын корду.

-Кундун чыкканы мынчалык кооз болорун билбеген экем.

Экоо жанаша басып кайра уйго кайтышты.

Аяра Алмаздан суранып эки кундон бери Нурперинин уйундо жургон. Апасы менен кенен суйлошуп, бир туугандары менен жакындан таанышып. Арген менен кадимкедей жакын боло тушушкон, бирок Жылдыз. Озу ушундайбы же озунун келгенин жактырбадыбы тушуно алган жок. Суйлобойт, суроо берсе кыска жооп берип Аяранын жанынан тура качат. Бугун шаарга кайтмак. Окууга керектуу документтерди тапшыруу керек. Алмаздын машина жиберем дегенине конбой озум барам деп туруп алды. Жылдыз да тогуздун базасында колледжге тапшырганы жатат. Нурпери Жылдыздын кыйылганына конбой экоону кошо жиберди шаарга. Дарбаза алдында турган Жылдыз апасына тултуюп алды.

-Аяра шаарды билбейт, кошо кетесинер.

-Аппа!

Ангыча ичкериден Арген менен Аяра чыкты.

-Макул Аргентай, келип турамын. Баса мелдешке барганында созсуз мага кабарла колдогону барамын.

-Жакшы барыныз.

Кучакташып коштошкон алар келген таксиге олтурушту. Машинанын ичинде Асхат да бар экен.

-Кандайсыз Асхат байке?

Жана эле кабагынан кар жаап турган Жылдыз жигитти коруп жадырай тушту.

-Сонун мен. Айиий экоон тим эле окшош турбайсынарбы? Бир гана коздорунор болок экен.

Жылдыз кайра мостойо калды.

-Конок кыз шаарга кайтып жатабы?

Асхат Аярага суроо салды.

-Ооба, окууга тапшырмакмын.

-Кайсыга эгер сыр болбосо?

-Дизайнер.

-Оо сурот жакшы тартасынбы?

-Ии,.

-Анда биздин университетти кенеш беремин.

Мен архитектура болумундо окуймун…

Экоо эски тааныштардай кызуу талкууга кирип кетишти. Жанында олтурган Жылдыз озун ашыкча сезип, ансайын кыжыры келе кызарып чыкты. Кичине кунундо алгач Аяра булардын уйуно келген кунун эстеди. Апасы эч качан мээрим бербеген апасы ушул кызды озгочо куса, сагыныч менен кучактап турганы коз алдына тартыла тушту. Ооба анда Жылдыз кичине болчу. Бирок наристе журогунун бир бурчунда куйугуп, кызганып кеткен эле. Ошол кундон баштап, апасынын журок оорусуна айланган бул кыз ушулар менен жашап келет. Мына апасын тартып алганы аз келгенсип эми Асхатты да. Жылдыз Асхаттын карындашы менен тентуш, бирге окушат. Уйуно коп каттачу. Тымызын эч кимге билдирбей жакшы короор эле. Азыр да машинада жигитти коруп жузу тамылжып кубанып кеткен. Бирок тилике каршы муну да Аяра тартып алды. Зымырап бара жаткан машинадан сыртты карап, козуно ирмеле тушкон коз жашын суртуп алды.

 

 

***

-Кандай айыл жактыбы?

-Аябай. Пап тим эле керемет. Билесинби мен канча энергия топтоп келдим. Кундун батканын оз козум менен коруп кубо болбодумбу? Жылдыздар, колун созсон жетчудой.

Аяра кечки тамака олтурганда атасына айылдын кереметин божурап берип жатты.

-Жылдызды коноко чакырбадынбы? Ал да шаарга келдиби?

-Чакырдым, анын чон энеси шаарда турушат экен, ошол жака кетти.

-Мына документтерди да тапшырдык кызым.

-Ооба, анан пап сага кенешчу маселем бар.

-Ии айта бер.

Кызынын олуттуу боло калганын коруп тамактанганын токтотуп суролуу карады.

-Атамдан кабар алганы барайын дегем.

-Аяра?

-Билем, пап кооптуу. Бирок жок дебечи…

-Макул.

Алмаз аргасыз эле. Анткени азыр каршы болсо кызы озун жек коруп алыстап кетишинен коркот.

Султанаалыны жолугушчу болмого алып келишти. Капкара коз айнек тагынып турган жаш кыз. Аяра атасына тигилди. Акыркы жолу уйунон орган кызматкерлери алып кеткенде коргон эле. «мен бат эле кайтамын, анан сурот ийримине озум алып барамын!» — деген созун эстеп кетти.

-Аттаа!

Чуркап келип мойнуна асылган кызды же кучактаарын билбей, шок абалында калды Султанаалы.

-Ханайым!

-Аттоов,

Ондуурак соз суйлой албай солуктап ыйлап жатты кызы.

-Мени карачы?

Султанаалы кызынын жуздоруно тигилди. Баягы секелек шок кызы жок. Бойлору осуп супсулуу кыз болуптур.

-Чонойгонунду кара ханышам!

Аяра атасынын колдорун бекем кармап, кайра кайра ооп жатты. Чачтарын ак басып, ошол кичине элесиндеги дайым чыкыя костюм шым кийип жургон атасынын бул кебетесин коруп журогу ооруп кетти. Бырыш басып каарыган жузунон агып жаткан жаштарын колу менен суртту.

-Ханыша кызым менин! Атанды кечир!

-Ата унчукпачы! Мен… Мен баарын билемин. Эч кимди куноолой албаймын. Сен менин атамсын. Ошол бойдон каласын.

Боорукер, мээримдуулугу Жибекти тартыптыр. Ал да ушундай озгочо жан эмес беле… Берилген кыска убакытта, бирин бири жалдырап карап олтурган булар ондуу деле суйлошо алышпады. Убакыт бутту дегенде кыйылып чыгып бараткан Аяра,атасын дагы бир жолу кучактап:

-Мен дагы келемин, — деп чыгып кетти.

Колдоруна артына болуп камерага кайра келе жаткан Султанаалы куп этип кулап тушту.

 

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE