Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ» 10-бөлүм 

 

Нью-Йорктун асман тиреген имараттарынан анда санда гана корунуп жаны эле уясынан чыгып келе жаткан кунду тиктеп турган Аяраны(Ханайымдын жаны ысымы, документ алганда Аяра болуп озгоргон) Алмаздын уну чоочутту.

-Аяр…

-Аа, сенби папа?

Тобосуно байланган чачынын бир талы мандайына тушуп, бетинин он жагы боек боло жалт озун тиктеген кызын коруп эрксизден Нурперини эстеди. Аны да алгач ушинтип бетине боек шыбала сурот тартып олтурганда коргон. Кызы чоноюп бой жеткен сайын апасынын кочурмосу болуп бара жатат. Айрыкча жузундогу уячалары…

-Бугун тарта алдынбы?

-Билбеймин папа, мобу бийик уйлор жок болсо балким сонун корунмок.

Ушкурунуп алган кыз колундагы боекторду жерге койду. Аяра канча кундон бер чакан устаканасында кундун чыгуусун тарта албай убара. Ооба тарткан коп жолу. Бирок аны кузотуп олтуруп тарткан озгочо керемет туюлаарын, суротчу адам гана сезбесе.. Алмаз кызынын жанына келип бетиндеги боегун колу менен суртуп, мандайынан суйду.

-Туулган кунун менен кичинекейим! 18 жашын кут болсун ханышам!

-Рахмаат!

-Бугун экообуз кечке сейилдейбиз.

-Чынбы?

-Ооба, азыр экообуз тамактанабыз. Жур…

 

Алмаз кызды Кыргызстандан алып чыгып кеткенине да 7 жылдын жузу болуптур. Бугун Аяра 18ге толду. Алмазды бул жака келгенден «папа» — деп алган. Султанаалы камалып, Жибек коз жумуп, байкеси дайынсыз жоголгондон кийинки эн жакын, эн кымбат адамы Алмаз. Андан ашыкча эч нерсе деле сураган эмес, балким суроого али жаш болсо керек эле. Балким сурагысы келбегендир. Болгону «биз кайда баратабыз, неге менин атым Аяра?» — деп сураган. Алмаздын «мен сени таштабайм, жанында болом ар дайым» — деген жообу гана канааттандырып, ошол нерсеге гана ишенип алган. Жакындарынан бир убакта айрылып калган, наристе дилине балким ошол нерсе гана жетиштуу болгон чыгаар ал убакта.

Экоо кечке айланды, кымбат ресторандан тамактанышып, анан оздору жакшы коргон бийик имарттын тамына чыгып олтурушту. Шаардын жаркылдаган чырактары, коктон шаарды козомол кылып жургон вертолёт, анан бийик имарттар менен тен боло коюлган жарнактар асмандан жылдыздарды корууго такыр мумкунчулук бербейт. Бирок ошентсе деле экоо ушинтип чыгып кокту тиктегенди жакшы корушчу. Алмаз кыялында Кыргызстандын жылдыздуу асманын элестетип, айтып берчу, аны кыткылыктап жатып алып тындаганды жакшы короор эле Аяра.

-Тиги саманчынын жолу. Кордунбу?

-Канакей?

-Тигинде турбайбы?

-Ии, — деп улутунуп алды кызы.

-Папа?

-Оов?

-Кыргызстанга баргым келет.

Алмаз кызына карады, жузу олуттуу болуп озун суроолуу карап турган экен. Дал ушул турганы азыр озунун жаш маалын эстетти. Жок, «Аяра Нурперинин» — кочурмосу деп жанылган экен, корсо ал озуно да окшош турбайбы. Жаркылдап кулгондо апасына, ал эми мынтип олуттуу боло калганда атасына окшоп калат. «Учуру келди» — деди ичинде Алмаз. «Баарын айтып беруум керек, баары бир бир куну сурамак» Алмаз жылдар бою ушул кунго даярданып келген. Ар дайым кызы менен чын журоктон эзиле суйлошуп калганда тил учунда турган бир чындыкты айткысы келип, бирок эрки жетпей калып кетчу. Аярадан да ошондой бир эрксиздикти туяр эле. Ал дагы сурайын деп барып, Алмазды аяп, балким озун аяп эрдин тиштеп калып кетет.

-Ойлонуп кордунбу? — деди ортодогу тунжураган тынчтыкты буза Алмаз.

Экоонун жузундогу эмелки кубанычтары кубуло сустайып олтуруп калышты.

-Ооба папа. Мен омур бою мынтип озумдон, отконумдон качып журо албайм го.

Оохх, кызы кандай акылдуу. Эми гана 18 ге толсо да акылы терен, суйлогону да ордунда. Нурпери менен Алмазга караганда алда канча кучтуу, эрктуу да. Мына азыр да атасы кутпогон созду айтты. Болбосо Алмаз ушунча жылдан бери озу озунон, откон кундорунон качып журот, бирок мынтип бир да жолу озуно назар салып суроо берип корбоптур.

-Аяра, мен сага бир чындыкты айтуум керек.

-Папа, даярмын. Кандай чындык болсо да. Байкемдин дайыны билиндиби? Ал да абака туштубу?

«Кызым сен оюна да келбеген бул чындыкты кантип кабыл алаар экенсин» — деп жатты чачыраган ойлору.

-Жо-жоок. Кеп биз тууралуу. Сен, мен анан апан.

-Апам, сен?

-Аяра, сен менин кызымсын! Ооба оз кызымсын. Канымдан жаралган.

Мончоктой тоголок коздорун ирмегилеп алды кыз. Анын бул коз карашында ишенбоочулук, анан тан калуу жаткан.

-Сен менен мамамбы?

-Жок, Аяра. Жибек сенин апан эмес. Туура эмес айтып алдым. Жибек апан, сени бополоп, карегиндей асыраган апан, анын ордун эч ким ээлей албайт. Бирок сени тогуз ай курсагында которуп, жарык дуйного алып келген аял…

-Ким?!

Ошол убакта кыздын коздору жашка толуп турду. Муундары калчылдап, буулуккан ун менен кантип кыйкырып жибергенин да сезбей калды.

-Киим дейм?!

-Укчу мени кызым.

-Анан сен мага ушул нерсени эми айтып жатасынбы? Бул нерсени синире албаймын мен тушуносунбу папа?!

Алынып кыйкырып жаткан кызын куч менен кучагына басты. Кичинекей, назик муштуму менен атасын ургулап жатып, бир убакта барып басылды. Алмаз титиреген колдору менен кызынын чачтарынан сылап да, суйлоп да жатты.

-Ханышам, байлыгым, барым менин. Кызым жалгызым. Сени канчалык жакшы коромун!

-Папа негее?!…

 

-Ал кезде мен жаш болчумун, — деп соз баштады Алмаз, бир топ убакыттан кийин экоонун тен коодону бошоп ыйлап, буктарын чыгара шалдырап олтуруп калганда.

-Орт кезим, акчаны уучтап тапчумун. Анан сенин апана жолуктум. Жашоомдогу периште. Мени жакшы, туз жол менен жашоого, уй-булоо бакыт болоорун апан сездирип уйротту. Бактылуу болчубуз, сени аябай кутконбуз… Анан мен кокустук болуп, балким тагдыр жазасы камалып кеттим…

Апан жалгыз калды. Айласыз. Мен камалып кеткенде сен апандын курсагында болчусун…

Алмаз андан аркы жашоосун бирин калтырбай айтып берип жатты. Нурперинин баш тартып кеткенин айтты. Бирок ошол эле убакта актап да жатты.

-Аяра, апандын аргасы жок болчу. Ал кандай азап менен жашаганын эч ким тушунбойт. Азыр деле ошондой оор кундордо. Анан сени издеп, сурап таап бардым. Сенин жанында иштедим. Анан мынтип…

Алмаз дагы жашырып койду. Султанаалыны каматып жибергенин айта албай калды. Анткени коркту, азыр озун коздору жашылдана карап турган кызы омур бою озунон баш тартып кетуусунон коркуп кетти.

-Апам ким?

-Нурпери.

-Хм Нурпери. Демек ал аял да билген.

-Жок, ал кеч билди. Мен сени бул жака алып келе бердим.

Аяранын эми гана откон кундору коз алдына тартыла баштады. Ушул кунго чейин эстоодон коркуп келген, качып келген бактылуу кездери бирден чууруп келе баштады. Ордунан тенселе турган кызын жоломокчу болгон Алмазга кол шилтеп койду.

-Мен… Мен жалгыз болгум келет.

-Аяра?

-Кыжаалат болбо, озумо кол салбаймын.

 

 

Кыйма чийме болуп, кымгуут тушкон Нью-Йорктун кочолорундо бара жатты Аяра. «Кантип ушундай болсун?» мээсинде айланган бир гана ушул суроо. Тасмадай тартылган эски элестерди аралап жатып, мурун ата апасынан озуно карата бир да огойлук сезим туйбаганын корду. Ооба, алар кандай жакшы корушчу эле кызын. Атасычы, чуркап алдынан чыкса асманга учура которуп жиберип, шуулдата жыттап алчу. Апасы Жибек ар дайым кареги менен тен айлана уйрулуп тушоор эле. «Кандай адамдар эле алар? Огой, жат бироонун баласын да ушунча жакшы корушобу?» Анан Алмаздын биринчи уйуно келгенин эстеди. Озуно эзиле карап турган коздорун, бирге ойногонун… Нурпери. Аны алгач коргонундо «абдан сулуу аял экен» — дегени эсинде. Эми андап жатат, эмнеге эле ал аялга жакын болуп, боор тарта бергенинин себебин. Башы ооруп чыкты. Жок азыр бул ойлордон арылбаса тызылдап ачышып жаткан журогу жарылып кетиши мумкун. Канча басты билбейт. Бир убакта Алмаз экоо дайым келип, шишкебек жасап жечу кен эс алуучу жайга келиптир. Жапжашыл чоп. Устундогу курмосун чечип алып чуркап баратты кыз. Качан гана энтигип, кокурогу кысыла баштаганда жашыл шиберге чалкасынан тушуп жата кетти. Коздорун жумуп ошол калыбында копко кыймылсыз жатты. Мемиреген тынчтыкта, журогун дукулдоп соккону анан терен, терен дем алып жатканы угулуп турду. Жумшак айдарым жел саамайын сылап откондо гана коздорун ачты.

Бирок дале тургусу келбеди. Дагы оюна Алмаз келди. Бул жолу таарыныч эмес, жон гана мээрим менен эстеп жатты. «айтып бербедиби эмне болуп ажырап калганын, демек ал мени атайы таштап кетпеди да.» Дилинин бир бурчунан чыккан бул создор заматта мээсине жетип денесин жагымдуу сезим аралап тынчтана тушту. Атугул журогунун тупкурундо Алмаз оз атасы экенине кубанып да алгандай. Анткени кандай камкор, кандай жакшы адам?! Ордунан козголо уйун коздой шашып жоноду. «Папама ачуу устундо катуу суйлоп алдым го, таарынып калды» — деп тынчсыздана кетти. Уйго келип озунун ачкычы менен ачып ичкер кирди. Тунжураган тынчтык. Акырын Алмаздын болмосун такылдатып, жооп болбогон сон туртуп кирди. Жок экен! Тундосу эч ким жатпагандай керебети жыйналуу. Журогу болк этип кетти. Чуркап озунун сурот тартчу устаканасына барды, ал жерде да жок. Аяра коркуп кетти. Биринчи жолу Алмаз таштап кетти деген коркунуч журогун ээледи. Корсо, бул сезимди мурун сезбеген экен. Папасы ар дайым жанында болуп, колдоп жургонго…

Эмне ойлоорун билбей саамга шалдырай олтуруп калды да, бир убакта тамдын башына чуркап жоноду. Тундосу озу кеткенде папасы ошол жакта калбады беле? Журогуно умут жылт эте чуркап чыгып, бирок ал жерде да таппай шаабайы сууп олтура кетти. «Эми эмне кыламын?» -деп ыйламсырап жиберди. Акылына келген биринчи суроо ушул болду. Алмаздын ушул жерде досу бар, ошону капысынан эсине тушо калып, «телефон чалуу керек» — деген кыз кайра уйуно шашып кирди. Кирип эле ашкана тараптан, мурдуна жагымдуу тамактын даамы урунду. Папасыбы? Ашкана тарапка откон Аяра ары карап бирдемкелерди туурап жаткан Алмазды коруп кыйкырып жиберди.

-Пааапаа?!

Кандай экенин билбейт чуркап келип эле артынан кучактай калды.

-Мен коркуп кетпедимби? ! Сени таштап кетти деп,-кызы токтоосуз суйлоп жатты.

-Аярым менин!

Бери бурулган Алмаз, кызынын коздорунон ооп алды.

-Сени таштабай калайын, анда мен жашай албайм.

-Папа, кечирчи мени, сага катуу суйлодум.

-Кызым менин, акылдуум! Сен мени кечир.

Экоо кайра кучакташып копко турушту.

-Папа кел бугун сага мен жасап беремин тамак.

Коз жашын жени менен сурто Аяра фартукту мойнуна илип, атасынын колунан бычакты алды.

-Макул, менин эрке кызым тамак жасай алабы?

-Ооба жасаганда да кандай?

Аяра тамак жасап, атасы мандайында олтурду. Жана эле тунжурап турган уйдун ичин кайра эле каткырык каптап, шанга болоно тушту.

-Аяра? — тамактанган сон атасы соз баштады.

-Ооу папа?

-Уч кундон сон Кыргызстанга учабыз, билет алдырып койдум. Москва менен.

-Чын элеби?

-Чыпачын!

-Уррааа! Папа мен сени жакшы коромун!

Аяра кубангандан атасынын мойнуна асыла бетинен ооп алды. Кызынын ушинтип кубанганына эле ыраазы Алмаз. Чындыгында бул чечимге келуу да, Нурперини кечируу да оор болду. Жок, кечириптир аны. Ошондо эле, алгач коргонундо журогу кайра солк этип талпынганда эле кечирген. Болгону аны моюнга алуу ушунча убакытты талап кылды.

 

 

***

-Болду эми ушунча азап тартып кыйналганын жетер.

-Жок, менимче бул азаптар аз окшойт мага.

-Озунду ойлобосон да, эки баланды ойлочу бай болгур!

Нурпери ооруп тошоко жыгылганда чуркап келген курбусу, боор ооруп суйлоп жатты.

-Менин мына бул жеримдеги айыккыс дартымды эч ким тушунбойт! -деген Нурпери журок тушун кармап алды.

-Кызымдын кече туулган куну болчу. Кантип жатты экен э? Билесинби ушунчалык орттонуп жатат коодонум, тимеле ал орт бут денемди куйкалап жаткандай. Азыр «баа» — деп эле бакырсам оозумдан чыккан жалын мына бул турган таш боор дуйнону жалмап кеткенге да жетет.

-Нурпери?!

-Эки жалдыраган кара козду тиктеп, ушуларды караан тутуп, келе жатпаймынбы?

-Курбум ай, курбум…

Бир кездеги эчен жигиттерди коз талдыра каратып, артынан ээрчиткен бул сулуунун азыркы абалын кор!

Убакыт, корсо убакыт ото берет экен. Ал бизден адамдардан, «сенин максаттарын орундалбай калдыбы? Же болбосо макул кутуп турам» — деп сурап олтурбайт экен. Биз бири-бирибизге мага «убакыт бер, убакыт керек» — деп сураганыбыз менен мезгил ага конбойт окшобойбу. Нурпери да бул кыйноолор менен кун откоруп, акыры конуп деле бутту. Болгону ар жыл сайын жоголуп дайынсыз кеткен кызынын туулган кунундо дагы бир ирет боздоп, ушинтип жер кучактап могдоп жатып калмайы бар. Бекжандын олумунон сон, анын канча деген мыйзамсыз иш аракеттери ачыка чыгарылды. Биздин олкодо ушундайбы же дегиле эле саясаттын башка дуйносу барбы тушунуксуз. Бир аз корунгон, туз иштеген адамды буттан чалып жыгытып, жеп ичип, мансап дуйно учун баарына даяр паракорду которуп алат окшойбуз. Бекжан да балким ошондой тандоого туш болуп, анан жыгылып калып курошууну эмес, женил жол менен мансапты тандаган болсо керек. Саясаттан кеткен адамды созсуз чукуп бир нерсесин таап чыгаруу адатка айланган го. Ошол сынары, Бекжандын да ал олгондон сон, жылдар артында комускодо калган былыктары жайнап чыга баштаган. Катар турган уйун, уулуна откоргон мулкун кошо тартып алышты. Бир гана ушул кол тараптагы айылдардын бириндеги уйун сактап кала алышкан. Бир убактары колуна муздак сууну тийгизбей, ханышалардай кун кечирген Нурпери оздору жашаган райондун борборунда базарда иштеп калды. Анан кантмек, тиричилик откоруу керек го. Кызы Жылдыз да бой жеткени сабактан сон келип апасына кол кабыш кылат. Ал эми уулу Арген, 13 жашта. Жаш болгонуна карабай залга барып, курош бокс менен тынымсыз машыгып журот. Жакында эле жаш оспурумдор арасында болгон райондук мелдеште баш байгени утуп келип апасын кубанычка бологон. Эми республикалык мелдешке даярданып жаткан чагы. Нурпери канчалык башын чулгубасын уулу бой жеткен сайын Бекжанга окшоп бараткан. Кээде апасына уйруло тушо калып жасаган камкордугунан да Бекжанды корот. «Ылайым эле, тагдырын менен мунозун атанды тартпаса экен — деп алчу. Канчалык Бекжандан конулу муздап, эстоону каалабай жатканы менен балдарына атасы жонундо бир ооз жаман кеп айта албады. Баарын убакыт корсотот, же убакыт тараза деп коюп гана кун коруп келе жатат.

 

 

***

Москва — Бишкек каттамы менен учкан рейс Бишкекке кун батаарда конду. Кундун кызарып айланага тегиз нурун чачып батвп баратканын коргон Аяранын кубанганын айт.

-Папа карачы, кандай кооздук. Каап фотоаппарат багажда калып кеткенин кара…

Окунуп суйлонуп алган кызы кол телефонуна тартып жатты.

-Муну деген тартса билесинби кандай шедевр жаралат пап?

-Билем кызым, кундун мынтип батканын, дагы коп коросун. Жада калса тандып агарып атышы да керемет бул жерде.

-Эхх папа!

Аяра дагы бир жолу папасын чоп эттире бетинен ооп алды.

Тагдырдын тамашасы дейбизби же оюну, ушул эле рейс менен Москвадан Медер да келди. Ооба Султанаалы Борубаевичтин уулу Медер. Дайынсыз изин жашырып жоголгон уулу мынтип кайра, эчен жылдардан оз мекенине кайтууну чечти. Болгону озуно издоо жарыялангандыктан бул да оз ысымын озгортуп, жада калса сырткы корунушу да таптакыр башка адам болуп келди. Талгат Бейсинбеков(Медердин жаны ысымы) аттуу казак олигархы, Кыргызстанга жаны долбоор менен кызматташууга келе жаткан. Бир нече олколордо мунун курулуш компаниялары бир катар имараттарды тургузушкан. Аэропортто Алмаз жукторду тушуруп жатканда, Аяра суу алмакчы болуп ары карай басып кетти. Дал ошол тапта Талгат да кофе алып жаны гана бери бурулган. Колундагы ыссык кофе кыздын устуно тогулуп кете жаздады.

-Кечиресиз.

-Баары жакшы деген, — деген кыз жерге тушкон телефонун алып жылмайган бойдон узап кетти. «Не деген коздор?» Талгат ошол калыбында бир нече секундга дел болуп катып турду. Качан гана бул жактан тосуп алчу алам утурлай басып келе жатканда ордунан козголду.

-Абдан тааныш жуз, жылуу каректер!

-Кандай дейсиз Талгат Бейсенбекович?

Ролдо бара жаткан жардамчысы суроо салганда гана озунун ички ою сыртка чыгып кеткенин байкады.

-Жоок, мен жон эле. Кыргызстан сагыныптырмын.

Машинанын атайын карангылатылган терезесин бир аз ылдый тушуруп зымырап бараткан жолду карап кетти. Эсинде деле жок бул шаар. Мектепти бутоору менен эле чет жака кетпеди беле? Жада калса каникул алып деле келген жок. Анткени ошол жактагы атасынын иштерин улантып жаткан. Анан эле каргаша басып… Карындашы кайда болду экен? Ал торолгондо озу 15 жашта болчу. Дайым видео аркылуу суйлошуп турушчу. Эсинде карындашы 8 жашка толгондо Америкага атасы, апасы менен барганда коргон экен акыркы жолу. Андан бери канча жыл отуп кетиптир. Азыр 18 ге чыгып калыптыр. «Мен сени табамын!» — деди.

 

 

 

***

Алуучусунан сатуучусу коп, аламан тушуп эл жыкжыйма толгон базар. Бири оор сумкасын судуроп, чыгып келе жатса дагы бири эми кирип кетип жатат. Базардын ичине жетпей эле жол боюна товарын жая коюп сатканы ошончо. Чонтокчусу менен тилемчиси андан коп. Азык тулук саткан катардагы Нурпери да жаны гана бироону узатып, ары жактагы кичинекей стулга олтура тамагын ичип жаткан.

-Тамагынар даамдуу болсун! — деген ундон чоочуй идишин жерге коюп чуркап келди.

-Эмне керек эле, келиниз?

-Нурпери кандайсын?

Жанатан назар салбаган экен эми башын которуп жакшылап карады. Нурпери деги эле келген алуучулардын жузуно тигилбейт эле. Башын жерге салган калыбында сураганын тартып берип койчу. Мандайында классикалык стилде кийинген, чачын бир аз ак аралап кара коз айнек тагынган адам турду. Корунушунон, чон кызматта иштеген же жеке ишкер сыяктуу.

-Жакшыы, — деп акырын жооп берди дагы эле тааный албай.

Тиги адам да аны тушунгондой коз айнегин чечип колуна кармап, кайра Нурперини кулумсуроп туруп калды. Алмаз! Бир убакта барып аялдын мээсине ушул ысым чагылгандай жарк этип отту. Озгоруптур, бирок коздору анан мынтип кулумсуроп турганы ошол бойдон.

-Сен, сенби?

Тан калып кубанууну да же ыйлап жиберууну да билбей шок абалда калды.

 

Шарпылдаган толкундар жээке жетпей кайра артка тартылып, салкын шамал согуп жаткан колдун боюнда экоо турду. Алмаз Нурпериге тигилди. Мезгилдер аны картайтып жибериптир. Жок, мезгил эмес санаа. Айтпаса деле мундуу тиктеген коздорунон баары маалым болуп турбайбы. Бир кездери кулпуруп турчу жибек чачы агарып, жоолуктун чекесинен чыгып турат. Алмаздын тигилип турганынан, бир чети озунун азыркы абалынан уяла Нурпери чыгып калган чачтарын жоолугуна кымтып койду.

-Кечир Нурпери! — деди дили сыйрыла. Ооба кечирим сурады Алмаз. Мына азыр Нурперинин абалын коруп туура эмес жолго барганын, кызды алып кетип корсотпой журуп эн чон жанылыш кетиргенин тушунду.

-Сен, эмне кечирим сурайсын? Баарына озум куноолу болсом…

-Менин акым жок эле, кызды сенден жашырганга. ..

Нурпери Алмазды карады. Чын эле окунуп ыйлап жаткандай. Атугул коздору жашылданып жылтырап чыкты.

-Жоок, жоок. — деди аял башын чайкап.

-Сен туура кылдын. Мени жазалап туура кылдын Алмаз. Болбосо сенин, кызымдын алдындагы куноомдун ордугун которо албай озумду бир нерсе кылып алмакмын.

-Сен кучтуу аялсын.

-Койсончу Алмаз. Сени куто албаган, кызымды таштап артын карабай коркуп качкан мендеги кайсы кучтуулукту айтып жатасын?

Алмаз жооп бергендин ордуна жол жака тигилди. Алыстан кара машина келип токтоп, ичинен бир караан тушуп буларды коздой келе жаткандай. Караан улам жакындаган сайын Нурперинин журогу дукулдоп коодонун жарып чыкчудай согуп жатты. Мына он кадам, жети, торт, дагы эки кадам калганда токтоду. Ханайым! Жок жанылган жок, чын эле ошол. Бойлору осуп тимеле созулган кыз болгонун кара?!

-Кызым?!

Нурперинин уну каргылданып чыкты. Коз жашын сыртка чыгарбайм деп жатып, ичине жута берип ал тамагын бууп уну сыртка чыкпай кетиптир.

-Апа сени сагындым!

Нурпери бул создорду даана уктубу же жанырып угулдубу андай албай, коз алды тунарып баратты. Жанагы мандайында турган караан бозоруп корунбой бараткандай. «Жоок! Жок!» — деп жатты ичинде. Азыр коздорун жумса эле тиги караан жоголуп кетчудой. Ушунун баары тушу болуп кала тургандай коздорун кайра кайра ирмегилеп, ага болбой эле жумулуп, улам чапталып оор тартып бараткан коздорун зордоп ачып жатты.

-Нурпериии?!

-Аппаа?!

Бул создор кулагына алыстан жанырып жатты. Озу болсо каалгый учуп бир тупсуздукко кулап бараткандай. Анан ошол учурда муздак себелеп жааган нерсе селт эттире шалдыраган денесин чыйралтты. Денесин дирт эттире коздорун ачты.

-Пап озуно келди, — деди жанагы караан.

-Кудайга шугур тушум эмес экен, — деп жиберди шыбырап.

-Нурпери?

Баш жагына отуп жузуно колун тийгизген Алмазды коруп кайра эле коз жаштары мончок, мончок болуп тоголонуп кетти.

-Болду эми ыйлай бербе, сенин мындай коркутаарынды билгенимде. .. Уххх журогум тушуп калбадыбы…

Чонтогунон жур аарчысын алып чыга чекесинен куюлган терин аарчып машинанын алдынкы орундугуна олтура кетти Алмаз. Дагы эле шок абалында жаткан Нурпери Аяранын тизесинде аран эле жылмайып жатты. Аяраны коргондо ыйлап жатып, коз жаштарына ээ боло албай кызына колун созгон бойдон кулап тушкон эле. Анан Алмаз которуп келип машинага салып, Аяра тизесине апасынын башын коюп жузуно суу сээп жибергенде озуно келип жаткан убагы азыр. Жакын жердеги ооруканага алып барышып кан басымын олчотуп, тынчтандыруучу укол жасатып анан эми уйуно алып бара жатышты.

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE