Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кан жыттанган бакыт 1 бөлүм

 

Алмаздын уйдун короосунан чыкпай жургонуно коп болду. Болгон эрмеги чакан бакчасындагы гулдору жана китептер. Тамекини кере тартып асманга тигилди. Абактан чыгып оз жашоосун улап жатканына жетишерлик убакыт болсо да, эркиндиктеги бул жашоого коно албай жаткандай. Кызык э? Темир тор артында олтурганда, андагы сыз жыттанган болмолордо жатып ушул жашыл шиберди, жаркырап чыккан кунду, кокмок асманды самап, бир коруп олсом арманым жок эле деп жашабады беле? Эми болсо бул эркиндикке коно албай жатканы эмнеси? Эркиндик деген аты эле болбосо чынында ошондой эле жашоосу. Ар дайым козомолдо, башка олко тургай жашап жаткан шаарынан болок аймакка да уруксат менен чыгат. Олкодо кандай кылмыш катталса, оорбу, женилби биринчилерден болуп кумонго алынып суракка суйроп кетишет. Бир чондун таанышы же уулу бир аз бейбаштык кылса да майда кылмыштарын жон эле мойнуна илип коюсу турган иш. «Абакта тартип темирдей бекем, кылмышкерлер ар дайым козомолдо! » — деп кокурок кагып мактанып суйлошкону менен, чын чынына келгенде абактын озунун мыйзам тартиптери болоорун жашырып эле коюшат. Жада калса ал мыйзамдар, абак башчысынын же укук коргоо кызматкерлери тарабынан эмес, дал ошол абактын ичинде жатып керек болсо бир канча чиновник, атка минерлерге буйрук берген кримдуйно окулу же абактын тили менен айткан ЗЕК тарабынан белгиленген мыйзамдар. Темир тор артында жатып олкодогу прокурор, депутатынан бери башкарып, толгон токой маселелерди чечкен, жада калса буйрук берип койгондор бар экени жонокой элдин тушуно да кирбейт. Абактын ичинде, ар бир абактын озунун башчысы болоорун ошол жака барып билди го. Алар оз ара суйлошуулорду жургузуп,ал суйлошуулор эл аралык денгээлде да откондор бар. Ар кандай мушташ мелдештерин уюштуруп, аны корууго бийликтен да келишээрин коруп оозу ачылган. Бийлик менен турмодо жаткандардын оз ара саясий оюндары бар экенин кийин билген. Алмаз оюнун ушул жерине келгенде башын чулгуп алды… Андан аркысын ойлогусу келген жок, ал жактан чыгып «кайра эстебейм» — деп эчен ирет озуно соз бергени менен, кайра эле ойлоруна турмонун карангы дубалдары тартылып, шарактакаган камера эшиктеринин жабылган ундору кулагына угулуп, тушунон бери кирип, чочуп ойгонот.

Козун жумуп, жубайын эстеди. Ар дайым конулу кирдеп, жарыктык издегенде жубайын эстеп алат. Ал эсине тушо калса, демейки ойлорун каптап, дуйносун тооруган кара булут сурулуп, жаркырап кун чыга келген сыяктуу. Ооба озу да ошондой жан эмес беле?! Суйлошкон адамынын журогуно жарык берген озгочо жароокер болчу. Булганыч жашоодон алыстап, «башкача жашайм» — деп жургондо жолуккан периштеси. Алмазды жакшылыкка, таза суйууго, таза жашоого уйроткон ошол эмес беле? Омур бою мээримге суусап, анан муз болуп тонгон журогун ээритип, ал жака адамгерчиликтин уроонун сепкен да жубайы. Канатсыз периште. Балдар уйундо чонойгон Алмаз боорукерлик, мээрим, уй булоо дегенди тушунчу эмес. Нурпериге жоолугуп, ал менен жашап чыныгы бакытты сезип, даамын таткан. «Аны табуум керек!» — деп кайталап койду. Алмаз турмого кесилгенде жубайы кош бойлуу эле. Ошол бойдон кабары жок кетпедиби? Турмодон чыгып, сураштыраар кишиси жок кол куушуруп олтуруп калды.

Нурперинин апасы ал бала чагында эле козу отуп, огой эненин колунда оскон. Алмаз экоо уйлонгондо атасы да каршы болуп, ошол бойдон кабарлашпай калышкан. Неси болсо да деп издеп барган Алмаз келинчегин ал жактан да таба албай аргасы кетип жургон чагы.

Кун кечтеп калганда уйунон чыгып кайжакадыр бараткан Алмаздын журогу тупойул. Абактан сууруп чыгып жатканда, ошол келишим боюнча ишти кынтыксыз бутурсо жайына коерун убада берген байкеси кече чалып жолугууга чакырган. Шаардан анча алыс эмес, обочо жерде жайгашкан ресторанга кирип, озунчо болмодон орун алышты.

-Алмаз, жашоо кандай?-деди тамекисин тутантып жатып мандайлаш олтурган адам.

-Болот,акырындан.

Алмаз кыска унчукту. Анткени оюнда дагы кандай кыныр иш башталганы турат деп тынчсызданып жаткан. Жон эле жашоосун билуу учун атайын шаарындын четине, кымбат ресторанга чакырып маек курбасы белгилуу да. Убактысын ушунча болуп, жолугууга чакырса демек маанилуу соз бар.

-Алмаз, сага сунушум бар.

-Байке, мен бул чойродон бутундой алыстабадымбы? Ошол акыркы ишти бутургондо.

Алмаз чын журоктон айтты.

Тамагын кырып кайра Баратов созун улады:

-Жок, Алмаз бул сен ойлогон иш эмес. Мен жон гана жумуш сунуштайын деп жатам. Озуно деле керек да жумуш.

-Ооба, бирок мен алгач келинчегимди издеп табуум керек.

-Иним жумушка орношсон, жашоонду бир жолго салып алсан анан келинчегинди тапканга балким мен деле жардамдашам.

Алмазга башкасы башка ушул акыркы созу умут берип жандана кетти. Анткени Баратов табам десе, жердин астына кирген адамды да сууруп чыга алат.

-Эмне жумуш?

-Бул башка кеп, мына бул суроттогу адамга айдоочу болуп жумушка киресин,-деп алдына суротту таштады. Суротту колуна алган Алмаз олкого белгилуу чиновник экенин тааныды:

-Бул Султанаалы Борубаевич да.

-Ооба дал озу. Документтеринди кеч жасатып, даяр кылып жиберем жигиттерден. Айдоочусу болуп жумушка орношосун. Бирок…

Ушул жерине келгенде Алмаз ойлоно калды. Ооба бул «бироктун» артында дагы кандай кандуу тапшырма айтылаар экен?

-Бирок, уй-булоосу жонундо, жашоосундагы, жумушундагы жанылыктарын баарын мага жеткирип, кабардар кылып туруун керек. Сенин милдетин ушул гана. Ар бир кыймылын, ишин ийне жибине чейин билип туруум керек. Ал эми бул акча жон гана жумуштун башталуусу учун. Калганы мындан 10 эсе коп болот,-деп алдына доллар акчаны пачкасы менен туртуп койду.

-Жообун кеч айтамын, — деген Алмаз акчаны алып чыгып кетти. Жол катар оюна эмнелер гана келбеди. Бир жагынан баш тартып, тынч жашоодо оз тиричилигин жасоону кааласа. Экинчи жактан алдына коюлган акча азгырып, анан да «келинчегинди тапканга жардамдашам» — дегени акылын алып ичинен макул болуп баратты. «Эмне экен айдоочу гана болуп иштейм, анан да анын кайда барып жургону жонундо чалып айтып турам, баш оорутуп ойлонтчу кыйын деле иш эмес. Анын устуно сунуштап жаткан акчасы да оной акча эмес»-деп ойлоду. Озунун азыркы абалына караганда сунушту кабыл алып иштоо туурадай сезилди. Анткени азыр колунда же жумушу жок, мамлекеттик жумуштарга соттолгон деген наам менен албайт. Анан да бул жумушка консо бир жагынан Баратов бут документтерин жанылап, бутуруп берет. Балким бул озуно жашоосун жаны барактан баштоо учун берилген мумкунчулук болуп журбосун? Алмаз Нурпериге берген убадасын эстеди «Жаным, соз берем ушул акыркы сапарым. Ушул сапардан келсем анан бул чойродон биротоло кутулам. Анан сен каалагандай айылдан уй алып, ошол жакта бактылуу жашайбыз» — деген. «Нурпери соз берем, мен сени табамын. Биз кыялдангандай бактылуу жашайбыз! » — деп суйлонуп алды ичинен. Кайра эле ошол байлык, акча оз ченгээлине тартып Алмаз бул чойрого чырмалып байланып баратты. Бир жумадан сон капкара костюм шым кийип, кара коз айнек тагып Султаналы Борубаевичтин уйунун алдында машинанын жанында турду.

 

***»»

 

 

Тан эрте ойгонуп балдарына тамак жасап мектепке узаткан сон, жолдошу менен тамактанып олтурган Нурпери бугун негедир ойлуу. Аялынын суз маанайын коргон Бекжан жузуно колун тийгизди.

-Жаным баары жакшыбы?

Суз жылмайган келин, башын ийкеп койду. Озу бул жерде болгону менен ойлору, тээ артта калып, мезгилдерди суруп унутта калып кеткен откон жашоосуна алып учуп баратты. Башкасын баарын унутуп, кол шилтеп деле койгон. Болгону жан этинен жаралган наристесин, алгач суйуусунун момосу болгон кызын таштап кеткенин унута албады. Тагдырга шылтап, алсыздыгын бет кылып озунон болуп таштап баса берсе да. Акылынан, журогунон, ойлорунан ажырата албай койду. Канча айлар отуп, жылдар алмашса да, уулдуу, кыздуу болуп эне болсо да, тун кызын эн алгач колуна алган, эн алгач апа деген наамга ээ болуусуна себепчи болгон ымыркайын унута албай койду. Бекжан жумушуна кетери менен уктоочу болмодогу керебетине бук тушуп ыйлап жатты. Артта калган армандуу элестерге кайрылып барууга аргасыз болду.

 

-Нурпери? Жаным тушунсон, бул менин жумушум да.

-Алмаз, эмне болгон жумуш ушул сеники? Кундоп, тундоп деле чакыртып алса. Деги ушул жургонунду качан коесун? Же мага баарын айтпайсын.

-Жаным мен деле баарын биз учун жасап жатамын. Сени менин жумушумду билуундун кереги жок, соз берем ушул акыркысы. Ушул сапардан сон айылга кетебиз.

Жолдошунун создоруно бир аз тынчтана тушту. Бирок конулунун тубундо ушул сапарга жибергиси келбей турду. Уйдон чыгып баратканда да мойнунан катуу кучактап, жыттап алып копко турган. Ошол бойдон Алмаз бир жума жоголду. Демейде 3 кундо белегин которуп, жадырап кирип келчу жолдошу улам кечигип жатты. 8 — кун дегенде милиция болумунон чалып, жолдошу ошол жакта экенин кабарлашты. Эч нерсе козуно корунбой учуп барды келин. Кутуу болумуно киргизишип, жолдошун азыр алып келишерин айтышты. Журогу коркконунан кынынан чыгып кеткидей лакылдап согуп, ушул мунот бир кылымдай сезилип, убакыт отпой туруп алды. Бир убакта коздору алайып ичкери кирип кеткен, усту да бир абалда болуп жудогон кейпи менен Алмаз чыкты. Нурпери кучактап алды. Эч нерсе дебестен кучактаган боюнча ыйлап жатты. Солкулдап ыйлаган келинчегинин ийинен кармап Алмаз озуно каратты:

-Нури, ыйлаба. Сен кучтуу бол! Баары жакшы болот, ишенип кой. Мени бул жактан тез эле алып чыгып кетишет.

-Уксан, эмнеге мындай жолго бардын? Мен сага ишенет болчум Алмаз? Менден жумушунду жаап жашырсан да, макул мен мынчалыкты кутпогом. Эми кантебиз? Биз, мен, ичимдеги балабыз кандай кун коробуз?

-Сен мага ишен, жон гана кут суранам. Мен созсуз чыгамын.

Нурпери акылы жетпеген, али тушунбогон коп суроолору бар болчу. Жолугушуу убактысын токтотуп Алмазды ичкер алып кирип кетишти.

Чек арадан ири олчомдо наркотик откоруп бара жаткан жеринен кармалышты. Ошол жерде кармоо учурунда каршылык коргозуп, ок атышуу орун алып андан оздорунон эки жигит каза болсо, бир милиция кызматкерине да ок тийип ооруканага жетпей каза болгон. Сот отурумунда негизги далил болгон куралдан Алмаздын бармак издери табылып, негизги куноолуу катары эн коп моонот алып турмого кесилип кете берди.

Нурпери ошол боюнча абака да барбай, уйдон чыкпай 3 ай жатып калды. Колундагы акчасы бала торолгонго чейин гана жетсе жетет. Бирок андан ары эмне кылат? Кандай жол тутат? Жада калса жашап жаткан уйу да башка бироонун атына катталган экен. Алмаз абака олтурган кундон коп узабай белгисиз бироолор келип, уйду бошотуп коесун айтып кетишкен. Ошондон бери бир болмолуу уйду ижарага алып чыгып кетип ушул жакта жашап жатат. Акыры ойлонуп, оз атасынын алдына барууну чечти. Эмнеси болсо да ата балким кечирип кабыл алат? Кокмок болуп сырдалган чон дарбазанын тубундо турган Нурпери, копко туруп анан конгуроону басты.

-Ой баратпаймынбы мынакей.

Ичкериден огой энесинин чанкылдаган зар уну угулду. Нурпери денеси муздап чыйрыга тушту. Эшикти ачкан энеси кызды коруп чоочуп кетти.

-Ай кокуй сен кайдан?

-Кандайсыздар эже? Нурпери огой энесин апа дебей эже деп кайрылчу. Ушул созунун айынан «кызын мага боор бербейт, мени жаман корот» — деп далай жолу жанжал чыгарып атасы менен уруштурган.

-Кир ботом, — деп ичкериге жол корсотту. Нурпери кирип баратканда энеси мурдунун учу менен тенсинбей сынап карап койду.

Мына озу чоноюп оскон ырыскылуу коргон. Козуно ушунчалык жакын, ушунчалык жылуу корунду. Кенен, таза болмодо атасы экоо жайылган дасторкондун чекесинде олтурушту. Ортодогу тунжураган тынчтыкты буза Нурпери:

-Ата? — деди уну каргылданып. Анткени атасын ушунчалык сагынган. Бала кунундо башынан сылап ооп койгонуна мына азыр ушунчалык зар болуп турат.

-Ата дебе! Сенден кечкемин. Менин жузумду жер каратып, кудалап койгон куйоону чанып, тиги селсаягынды ээрчип кеткенинде менин кызым олгон!

Атасы каардуу суйлоду. Нурперинин козунон жашы тогулуп кетти.

-Атаке мени кечир?! Жанылып келдим алдына ата?! Кызынды кечире кор атаке?!

-Козумо корунбой кет?!

-Атааа?!

Бутуна жармаша чырылдап ыйлаган кызын туртуп басып кетти. Ошол жерге обоктоп ыйлаган калыбында канча жатты белгисиз, огой энеси жанына келгенде башын которду.

-Мынакей, таштап кетет, ишенбе десе конбой кеткенсин. Керек болсо оз атанды чанып кеткенсин. Боозутуп гана жолуна салыптыр го? Абройлуу жерге куда болуп, той жакын калганда биздин жузубузго тукуруп кетпединби?

Нурпери озун табалап турган Канышайды тике карады.

-Эми коонун толдубу?! Мына сен каалагандай болду?! Максатына жеттинби?! Атамды менден туболук тартып алдын?!

-Муну карасан, озу кайдагы бир селсаяк менен кетип, анан боозуп келип, торумдо дагы мага кыйкырганын эмнеси,?! Керек болсо сага окшогон, сенден артык болгон уул, кызды атана тууп берип койгом. Андыктан жогол бул уйдон!

Ызы-чууга ансыз да тоюп турган Нурпери унчукпай уйдон чыгып кетти. Атайын кеткенин корбоюн деп атасы тээ суу бойлоп басып кетип калган болчу.

 

 

Толгоонун ачуу азабын которуп, сай соогу сыздап Нурпери торотканын узун каридорунда басып журду. Толгонуп, толукшуп олум менен омурдун ортосунда алышып кыз тороду. Баланы ороосуна ороп медайым колуна карматты.

-Карачы озуно окшоп, татынакай экен. Кокурогунду сал оозуна, кызын эмчек издеп жатат.

-Эже мен баладан баш тартамын… Ыйламсырап колундагы кызынын жузуно да карабай медайымга кармата салып ары карады.

Пример HTML-страницы

-Эмне дейт?! Бул кандай соз болду? Омурунду тобокелге салып торогон кызындан кантип баш тартасын? Сен азыр жаш эмессинби, бир аз акылынды жыйып жакшылап ойлонуп корчу.

Кызын которуп медайым чыгып кетти. Буркурап ыйлаган Нурпери ошол бойдон кызын албай койду. Эмчеги сутко толуп, ийип турса да эмизбей жатты. Торотуно чейин эле баш тартамын деп кагазга жазып берген болчу. Дарыгер аял «балким торосо мээрими тушуп оюнан кайтаар» — деп умут кылган. Жок андай болбоду. Жада калса ийилип бир жузун корбой кетип калган кыздын артынан баш чайкап кала берген. Аттин, дагы бир куноосуз наристе торолоору менен тируулой жетим болуп кала берди. Озунун иш тажрыйбасында буга окшогон коп кырдаалга туш болгон, ташталган ар бир баланы коруп, ар бири учун журогу ушундай тилинип отчу. Озуно эне болуу бактысы буйрубай калган учун, эне болуп энеликтен баш тарткан жаш кыздарга капа боло, жаны гана жарык дуйного келип апасынан ажырап жатканын тушунбой эмчек издеп чукуранган бул куноосуз периштелерге боору ооруп кокурогуно кысып кала берет.

-Гулжан Оморбековна сизди телефонго, — деген ундон чочуган дарыгер аял трубканы алды. Бул жумушуна кошумача дагы жеке клиникада да иштечу, ошол жактан шашылыш чакыруу келип тушту. Жетип келген Гулжан оор абалда кош бойлуу аялды алып келишкендиги, кан басымы которулуп оперцаияга даярдап жатышканын билдиришти. Шашыла кийимин которуп операцияга кирип кетти. Аябай оор отту, тан суруп калганда гана чекесиндеги суу болуп аккан терин колу менен сурто сыртка чыкты. Сыртта озун умуттуу коздору менен тиктеген аялдын жолдошу тосуп алды.

-Журунуз кабинетке кирип суйлошолу, — деди чарчаган унун пас чыгарып.

-Гулжан Оморбековна. .. деп келе жаткан кишини токтотту. Оор ушкуруп ордуна олтурган Гулжан соз баштады.

-Биз сиздерди эскерткенбиз, жубайынызды да. Ага тороого мумкун эмес экенин ото жакшы билет болчубуз. Биз колубуздан келгенин жасадык. Наристе олуу торолду. Аялыныздын абалы туруктуу…

Башын мыкчып олтуруп калды мандайындагы киши.

-Кантип?! Мен Жибекке кандай айтамын? Ал муну которо албайт!

Айласыз калып, башын жерге салып олтурган бул мансаптуу бай адамды тиктеп:

«Дуйнонун кемдигин карачы?! Бир жактан жарык дуйного келе элек жатып жетим калган кыз, бир тараптан…» — деп келе жатып Гулжандын оюна бир нерсе келе тушкондой тиги кишиге суйлоду.

-Эгер каалсаныз 2 кун мурун торолгон кыз бар, апасы баш тартып кетти.

-Ыя?! Чын элеби?

Коздоруно кандайдыр бир умуттун учкуну жанып кубанып алды киши.

Экоонун бул жасаган жоругу сыр сакталып, жада калса жубайына айтпай озу менен кошо алып кетем деп ант ичти.

Гулжан болсо бактысыз болуп, балдар уйундо мээримге зар болуп осуудон сактап калдым деп ойлоду дагы бир наристени.

***

Нурпери нарситеден кутулса эле бут азабы женилдечудой сезилген эле. Жок, кучогондон кучоп, ага кошулуп баланын ыйлаганы угулуп ансайын чунчуп кетти. Жашоосун жаныдан баштагысы келгени менен андан майнап чыкпай чайналып, кундон кунго абалы оорлошуп бара берди. Ушунчалык чарчап кетти жашоодон. «Менин жашоого акым жок! Мендей коркок адам жашоого татыктуу эмес! Кызым кечире алсан кечир, акылсыз эненди?! Коркоктук кылдым, озумду ойлодум. Сени, киичинекей колдорунду, коргоосу жок болгон муздак жерге таштап келе бердим!» Нурпери шаркырап аккан чон каналга келип боюн таштоого даярданып турду. Жаны гана секирерде арт жактан карылуу кол кариап калды.

-Эмне жинди болдунбу?!

Кызды которуп суудан алыс жерге алып келген Бекжан кыйкырды.

-Ооба мен жинди болдум?! Кое бергиле мени? Жок дегенде жон олуп калуума тоскоол болбогулачы? !

Ыйлап жаткан кызды коруп, бир жыл мурун сот залында дал ушинтип чачы жузун жаап ыйлаган келинди эстеди. Ооба дал озу?! Жолдошу коп жылга кесилип кеткенде чыркырап кудум ушинтип ыйлап калбады беле?! Бекжан ошондо карап конулу тушкон болчу. Устундогу курмосун кызга жаап, машинага алып келип салды. Чакан болгон тамактануучу жайга келип, ысык тамак алып алдына койду. Кыз кайдыгер эле тамакты колу менен туртуп койду.

-Ушуп калыпсын, ичип ал женилдейсин, — деди кызга боору ооруй.

-Рахмат сизге байке. Мумкун болсо мени уйумо жеткирип кое аласызбы?

-Албетте, — деген Бекжан ордунан козголду.

Кыз айткан дареке алып келип, уйуно чейин киргизип барды.

-Рахмат сизге.

Кыз курмосун берип жатып суйлоду.

-Эч нерсе эмес карындашым, мындан кийин мындай жолго барбай эмес, бул жолду ойлобой жургун макулбу? Жардам керек болсо айт, даярмын, — деди чындап жардам бергиси келип.

-Рахмат, — деп уйуно кирип бараткан кызга:

-Айтмакчы атым Бекжан, — деди.

Кыз болор болбос жылмайып:

-Нурпери, — деди да кирип кетти.

 

 

 

***Султаналы

 

Борубаевич — жашы кырктан ашып калган, жеке ишкер. Чынында коптогон соода туйундору, фирмалары болгону менен анын бардык мал-мулкунун так эсебин эч ким билбейт. Дуйнонун башка олколорундо да коптогон, ресторан, соода туйундору бар деген да кептер тараган. Олконун эн даражалуу, мансаптуу адамы. Айрым жерлерде кримдуйно менен да байланышы бар деген маалыматтар бар. Бирок анын мыйзамсыз жасалган бир да иши ачыкталган эмес. Коптогон кайрымдуулук иштерин жасап, айыл кыштак жерлерине мектеп, бала бакча салып берген, суу чыгарып, жолдорду ондогон сыяктуу калктын муктаждыктарын аткарган берешен адам катары да таанымал. Аялы Жибек да балдар уйу, карылар уйу, мумкунчулугу чектелген адамдарга жардам колун сунуп коптогон корунуктуу иштерди жасаган айым. Ортолорунда 1 уул гана бар.

Жибек андан бери кош бойлуу боло албай копко журду. Же боюндагысы улам тушуп, бир уул менен эле калып кетишкен жубайлар тагдырдын жазганына моюн сунгандан башка арга таппай калышты. Бала десе так эткен Жибек корунбогон дарыгери да калбады. Султаналы жубайын сооротуп, акыры келин бул жазмышка деле конуп калгандай тим болду. Бирок арадан жылдар отуп Жибек жашы откондо кош бойлуу болду. Кан басымы жогору, бир тараптан журогу ооругандыктан текшеруудон откондо дарыгер тороого болбосун эскертишти. Ошого карабай куйоосун кондуруп жеке клиникада катуу козомол менен торойм деп туруп алды. Коптон куткон бул бакыттан, энсетип келген бул наристеден эч качан баш тартпайт эле аял. Анткени кыздуу болом деген каалоосу женип, ал ниетине жетууго мына аз гана убакыт калды.

-Эже буйруса кызыныз жакшы.

УЗИ аппараты менен туйулдукту корсотуп жаткан дарыгер аял суйлоду.

-Озунузду жакшы эле сезип жатасызбы? Тамакты да аябай карап, этият жениз буйруса аз калды, кан басымызды да олчотуп туруунуз керек.

-Гулжан Оморбековна, абалым жакшы. Озумду алда канча женил сезип журом.-деди курсагын сылап бактылуу жылмайган Жибек.

Сыртка чыккан ал кутуп турган жолдошун колтуктап, унааны коздой баратышты.

-Мен менен чогуу эле уйго кетесинби?

-Ошентем го, чарчагандаймын. Келе колунду бер, — деген Султаналы аялын унаага олтургузуп, озу да кошо олтурду. Айдоочуга карап «уйго» — деп кыска гана буйрук бере бурк этти.

Кечинде баары дасторконго чогулушуп конулдуу тамактанышты. Баласы оз болмосуно чыгып кетип, чон залдагы жумшак эмеректе Султаналы менен Жибек кучакташып олтурду.

-Убакыттын отконун карасан, кече эле тун перзентибизди кутуп жатканда кудум ушинтип олтурганбыз, — деди Жибек жолдошунун желкесине башын жолоп.

-Ооба, бирок анда мындай зангыраган уй эмес, кепедей болгон жер тамда турчубуз. Эсиндеби?

Жибек кулуп алды. Чын эле экоо таанышканда, Султаналынын колунда эч нерсеси жок эмес беле. Экоо уйлонуп чогуу жашап жургондо деле кара курсагын аран тойгозуп, кунумдук майда иштерге жалданып иштеген арык жигит болчу. Кээ кундору ач деле жатып алышчу. Анан эле алыс жака жук ташыган адамдарга шерик болуп каттап, кундоп тундоп жоголуп иштеп журуп, акырындан жашоо шарттары ондоло баштаган. Ошол кездеги илмейген арык жигит, бугун мына минтип зынкыйган, олкого белгилуу бизнесменге айланып олтурат.

Тан атпай жумушуна кеткен Султаналыга кечке жуук уйдон чалышты. Жибек тепкичтен жыгылып кетип, тез жардам алып кетти дешти.

Ооруканага жетип барганда аялын качан эле операцияга алып кирип кетишкен болчу.

-Баары жакшы болот, буйруса баары жакшы болот! — деп кубуронуп суйлонуп бир жерде тынч тура албай ары-бери басып журду. Улам колундагы саатын карап узун коридордо капаска тушкон чымчыктай тыбырчылап жатты. Кеч киргенде башталган операция, танга жуук гана бутту. Ичкериден чыккан ах халатчанды коро утурлай жетип барды.

-Эмне болду? Жакшыбы? Жибек тируубу?

-Журунуз кабинеттен суйлошолу, — деди дарыгер.

-Бала ооруканага жетпей эле ичинде каза болуптур. Биз колдон келгенди жасадык. Султаналы башын мыкчый калды.

«Эми кантет? Жибеке кантип тушундуруп, кантип айтат? Ал муну которо алабы? Ушул кызды канчалык кубаныч менен кутту эле? Керек болсо омурун тобокелге салып, ушул кыз учун жашоосун кечкенге даяр болуп жатты эле го? Кантип тушундуром? » — башы ысып чыкты.

-Мындан эки кун мурун торолгон кыз бар, апасы баш тартып кетти, — деген дарыгерди жалт карады.

-Макулмун! — деди ойлонбой. Анткени ал учун азыр аялынын абалы биринчи орунда болчу. Баласы олуу торолгонун которо алмак эмес. Ал эми Султаналы учун Жибек бутундой дуйно. Ал учун баарын жасап, ал учун жашап журот. Дарыгер экоо келишип, ишти бутурушту. Бул туурасында экоо тен, эч качан, эч кимге айтпоону ант ичишти. Операцияга катышкан башка медайым, дарыгерлерге да акча карматып ооздорун жаап койду.

Оперциядан кийин, 2 кундо озуно келип козун ачкан Жибектин колдорун ооп алды.

-Жаным!

-Балам аманбы? — аран оозун кыбыратып сурады.

-Куттуктайм жаным! Кызыбыз аман.

Султаналы аялын мандайынан ооп койду. Жибек озуно келип палатага которулганда кызын колуна алды. «Кичинекейим! » жыттап алып копко турду. Кокурогун наристенин оозуна туштап алып барып салып мемиреп, балкып эмизип жатты. Озундогу, журогундогу болгон суйууну, мээримди сут менен балага берип жатты. Жибек бул бакытты канча куткон. Коз жаш тогуп, бала тилеп дуба кылган уйкусуз тундор, умутко толгон жылдар ушунун баарын колунда бейкапар эмип жаткан кызы унуттуруп салды. Болгон азабын ушул периштенин бейиш жыты жууп кеткендей. Султаналы аялын тиктеп бактылуу жылмайып алды. Анын коздорундогу ушул бакытты, кубанычты омур бою сактап, жоготпоо учун баарына даяр. Чопулдата эмчек соруп жаткан бул наристе оз атасы темир тор артында, кызын ойлоп айласы кетип, аргасыз калганын сезбей бейкапар мемиреп жатты.

 

Уландысы бар :

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE