Пример HTML-страницы

Кайыңдыда эки ички көчөгө асфальт төшөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кайыңды шаарында жалпы узундугу 1 чакырым 200 метр болгон эки ички көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу шаардын мэри Элнур Жумабаев билдирди.

Шаарда 10700дөн ашуун көп улуттуу калк жашайт.

«Шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу жана калктын социалдык маселелерин чечүү боюнча бир топ иш-аракеттер жумшалууда. Тактап айтканда, 64 ички көчөнүн дээрлик көпчүлүгүндө асфальт төшөлүп, жарыктандырылган жана калк таза суу менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө Дорожная жана Чапаев ички көчөлөрүнүн узундугу 1 чакырым 200 метр жерине асфальт төшөлүп, ага жергиликтүү бюджеттен 5 млн 788 миң сом жумшалды.

Ал эми шаардын карамагындагы көп кабаттуу А.Казаченко атындагы лицей-мектебине жергиликтүү бюджеттен 4 млн 500 миң сом каражат жумшалып, жаңы үлгүдөгү пластик түрүндөгү терезелер коюлган. Ошону менен бирге кош кабаттуу №3 Кайыңды орто мектебине 3 млн 600 миң сомдон ашуун акча каражаты каралып, ага да пластик түрүндөгү терезелер коюлуп жатат», — деди шаар мэри.

Ал өз сөзүндө билим берүү системасында мектептерди жаңы кадрлар менен толуктоо максатында жаш адистер үчүн көп кабаттуу үйлөрдөн 3 батир даяр экендигин да кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE