Пример HTML-страницы

Кайыңды шаарындагы ички көчөлөргө жол сызыктары сызылып, коопсуздук белгилери коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу жана эрежелерин так сактоо максатында Чүй облусунун Кайыңды шаарында ички көчөлөргө жол сызыктары сызылып, жол белгилери коюлду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Кайыңды шаары Панфилов районунун борборунда жайгашкан.

«Шаардын ички көчөлөрүнүн боюнда мектеп, бала бакча жана мекеме-уюмдардын имараттары жайгашкан. Ошондуктан, ал жайларда эл каттамы көп болот. Мындай шарттарды эске алуу менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жол сызыктары сызылды. Ал эми жаңы жол белгилери коюлуп, алар тууралуу балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол белгилери жана сызыктары шаардык мэрия менен ЖКККБнын биргелешкен иш-аракетинен жүзөгө ашырылды. Эми жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар үчүн да бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE