Пример HTML-страницы

Кадамжайда бала бакчанын 5 кызматкери салатка ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын абалы кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда салатка ууланган 5 адамдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу райондук ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, үч бейтаптын абалы абдан оор деп бааланууда. Алар жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Эки бейтап өзү дем алып жатат, бирок алар да жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Буга чейин чейин Turmush 22-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда бала бакчанын 5 кызматкери оор абалда ооруканага түшкөнүн жазган.

Кадамжай райондук ооруканасынын маалыматы боюнча, окуя Абдыкадыр Орозбеков айылындагы «Баластан» бала бакчасында болгон.

«Бешөө тең жандандыруу бөлүмүндө. Үчөө өтө оор, экөө орто оор абалда. Туздалган бадыраң, помидор, капуста, калемпир кошулган салат жешкен. Булар кесиптештер болуп жатат. Окуя «Баластан» бала бакчасында болгон. Үчөө ашпозчу, бирөө кампа кызматкери, бирөө бөлүм башчысы. Салатты алардын бири үйүнөн алып барган. 21-ноябрда түштө жеп, 22-ноябрда кечке маал бизге түштү. Балдар жеген эмес, жаш балдарга тиешеси жок», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери уулануу болгон жерге барып, салатты жок кылышты. Мындан тышкары салатты алып келген кызматкердин үйүнө барып, калган салатты төгүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE