Пример HTML-страницы

«КӨЙГӨЙЛӨРҮМДҮ НЕЛЯГА АЙТПАЙ УРМАТ ЭКӨӨБҮЗ ЭЛЕ ЧЕЧИП КОЁБУЗ» 

https://kyrgyzcha.site/?p=13999&preview=true Кызыктуу окуялар.

Нелянын апасы Кошалиева Алиман: «КӨЙГӨЙЛӨРҮМДҮ НЕЛЯГА АЙТПАЙ УРМАТ ЭКӨӨБҮЗ ЭЛЕ ЧЕЧИП КОЁБУЗ»

Нелянын “ырчы Неля” деген кадырга жетишине апасынын салымы абдан зор экенине кубанып кайттым. Жүзүнөн энелик мээрими төгүлгөн Алиман эже кызы тууралуу сыймыктануу менен маек куруп берди. Ырчынын сизди ойлондурган сырларынын жоопторун апасы айтып берет.

 

– Алиман эже, кызыңыз Нелянын жарык дүйнөгө келген күнү эсиңизде бол¬со керек?

– Албетте. Негизи мен Неляны жайдын август айында эле төрөмөкмүн. Ошол айда айылга ата-энемдин үйүнө баргам. Бирок, канча күтсөк да толгоо келбеди, апам болсо «сен айынан адашып жаңылыш эсептеп алсаң керек» дейт. Айымдан адашсам деле жок дегенде сентябрда төрөмөкмүн деп күтүп жүрдүм. Ошентип жүрүп декабрь айы болуп калды. Жакындарым «сен төөнүн этин жеп алсаң керек» дешет. Мен мурда андай сөздөргө көп маани бере берчү эмесмин. Бирок, ошондон кийин ишенип калдым. Анткени, мен ошол кош бойлуу кезимде жумшак деп төөнүн этин жактырып, сатып алып куурдак жасап жеп жүрчүмүн. Анын таасири тийди окшойт, Неляны курсакта он бир айдай көтөрүп анан төрөдүм. Төрөтүм абдан кыйын болду, кызым 4 кило 600 грамм салмакта, бою 56 см болуп төрөлгөн. Эсимде, айынан өтүп кеткенге чачтары, тырмактары өсүп, чекелери тырышып кетиптир. Дарыгерлер айынан өтүп төрөлгөнгө оорукчан болуп калышы мүмкүн деп коркутушту эле. Кудайга шүгүр, алардын айтканындай болгон жок, ден соолугу чың болуп, оорубай чоңойду.

 

– Кичинесинде кандай кыз эле?

– Мектепке чейин орус бакчага баргандыктан, кыргызча сүйлөгөндү такыр билчү эмес. Айылга жиберсек чоң энеси кыргызча сүйлөсө түшүнбөй койгон экен, кайненем «кыргызча үйрөткүлө» деп бизди урушкан. Ошондон улам биз аны кыргызча үйрөнсүн деп кыргыз мектепке бергенбиз. Мектепте абдан жакшы окуду. Ал окуган мектеп математика багытында болгондуктан, ал сабакты жакшы окучу, негизи эле Неля так илимдерге жакын болчу.

 

– Кызыңыздын кичине кезин эстегенде кайсы окуя эсиңизге түшөт?

– Мен эле эмес, Неля теледен чыгып калса мурда 3-кичирайондо жашаган кошуналарыбыз дагы анын кичине кезиндеги бир окуясын айтып күлүп калышат. Неля кичине кезинде өзүнө окшогон Мээрим деген курбу кызын кошуп алып, майрамдарда дайыма кошуналарга билет таратышып, подъездге концерт коюшчу. Алардын концертин көрөбүз деп кошуналар жыйылып калышчу.

 

– Чыгармачылыкка болгон шыгын кайсы убактан баштап байкадыңыз?

– Бала бакчада жүргөндө эле чыгармачылыкка шыгы бар экени байкалган. Ошол учурда жалаң орус тилиндеги ырларды ырдачу. Эң алгач телеге ошол бакчада жүргөн кезинде ырдап чыккан. Мектепте болсо бардык маданий ишчараларды Неля уюштуруп жүрүп чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кетти. Бирок, анын чыгармачыл адам болушуна атасы «бир үйгө бир эле артист жетишет» деп каршы болчу. Анткени, мен журналистиканы бүтүргөм, ырдачумун. Жакшылыктарда ырдап отуруштун жылдызы болуп кетчүмүн. Анымды жолдошум жактырбай «элдин аялдары ырдабай эле олтурушат, сен эле ырдай бересиң» деп калчу. Өзү деле жакшы ырдачу, бирок, айрым учурларда эле ырдабаса ырдачу эмес. Мен болсо ырларды бир эле угуп жаттап алып, тамак жасап жатып деле, үй жыйнап жатып деле ырдай берчүмүн. Кызыма анын таасири болду. Неля мектепти аяктаганда атасы «айыл чарба институтуна оку» деп сунуш кылды. Бирок, Неля ал окуу жайга окуганга көңүлдөнбөй экология тармагын тандап алып, экологдун окуусун окуп калды. Окуу жайда 2-курста окуп жүргөнүндө атасы күтүүсүздөн каза болуп калды. Ошондон кийин Неля «апа, консерваторияга окууга тапшырсамбы» деп калды, «кой, кызым, атаңдын арбагы нааразы болот, окууңду толук бүтүр» дедим. Ал макул болуп окуп аны менен бирге жайкы эс алуу убагында кафелердин биринде ырдап жүрдү. Университетте болгон кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырды. Андан телеге чакырып тартып жүрүшүп, чыгармачылыкка биротоло кирип кетти.

 

– Сиздин көз карашыңыз кандай болду?

– Кызым ырдап чоң сахнага чыгып калгандан кийин «мен жетпеген максаттарга кызым жетти» деп кубандым. Нелянын атасы өтө кызганчаак, искусствону көп жактыра бербеген адам болчу. Мен биринчи курста окуп жүргөнүмдө ырчы болом деп университеттеги «Күмүш кылдар» деген ансамблде ырдап, алгач Эсенбек Мааданбековдун «Таң чолпонум» деген ыры менен телеге чыккам. Анан экинчи курста окуп жүргөнүмдө турмушка чыгып кетип Нуркул ырдатпай койгон. Теледе дикторлордун сынагы болуп, андан өтүп кетип Асылбек Өзүбеков, Болот Макетаевдер менен иштешип, телекөрсөтүүлөрдү алып барып калсам, ал мени кызганып телеге да чыгарбай койгон. Андан кийин өзүм биринчи ээ болгон кесибим боюнча университетте чет тилден мугалим болуп иштеп калгам. Азыр улуттук университеттин юридикалык институтунда студенттерге сабак берем.

 

– Бир туугандары тууралуу айтып берсеңиз?

– Нелянын бир эжеси, бир сиңдиси бар. Эжесинин аты Венера, ал учурда Ысык-Көлдө жашайт, отуз алты жашта. Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы. Неберелеримдин уулусу он беш жашта. Өзү атасынын кесибин улантып айыл чарба институтунун жер кыртыштарын изилдөөчү факультетин бүтүргөн. Мурда көлдө мамлекеттик каттоо кызматында иштечү, азыр балдары менен үйдө. Өзүлөрүнүн дүкөнү бар, ошону иштетет. Үчүнчү кызым Алтынай учурда он сегиз жашта, мектепте 11-класста окуйт. Алтынай мектепке бараар жылы атасы каза болуп калып, ал бир жыл кеч окуп калган.

 

– Неля атасынын кандай сапаттарын тарткан?

– Көп сүйлөбөгөн, өз ишин мыкты билген адам эле. Нелянын көп сүйлөбөгөн оор басырыктуу кыялы атасына окшоп кетет.

 

– А атасынан эмне болуп ажырап калдыңыздар эле?

– Атасы мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп иштечү. Анан бир күнү өзбек-кыргыздардын чек арасын тактаганы Ошко учуп кеткен. Ал жактан кан басымы көтөрүлүп келип «башым ооруп жатат» деп жатып уктап калган. Ошол бойдон турбай бизди таштап бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ошондо азыркы жашап жаткан үйүбүздү жаңы салып бүтүп той берели деп турган элек. Ал турсун жакындарыбызга чакыруу билеттеринен бери таратып койгонбуз. Анан эле жолдошум күтүүсүз каза болуп Таласка кетип калдык. Анын каза болгонун укпай той белгиленген күнү тойго келип алгандар дагы болгон. Нелянын атасы каза болгон учурунда 49 гана жашта эле. Андан бери он жыл убакыт өттү.

 

– Урмат Усенов сизге күйөө бала болоорун алгач качан билдиңиз?

– Неля менен сахнада бирге ырдап жүргөн ырчылар үйгө келип жүрүшчү. Алар менен катар Урмат дагы келип калчу. Ошондуктан, аны жанынан, сахнадан көрүп жүргөм да. Анан бир күнү кызым Урмат менен кыз-жигит болуп жүрүп жатканын айтып «сиз менен тааныштырам» деди эле мен «Урмат үйгө келип эле жүрбөйбү, тааныйм» десем, «каршы болбойсузбу?» деп сурады. «Урмат жакшы бала, эмнеге каршы болмок элем. Сага ылайык» дегем. Негизи эле мен кыздарыма эч кандай чектөө кылбайм. Өзүлөрүнүн каалоосуна коём. Анткени, мени ата-энем өмүр бою чектеп жүрүп чоңойтушуп, ал чектөө менен көп ийгиликтерге жетишпей калгам.

 

– Турмушка узатканда көзүңүзгө жаш алдыңызбы?

– Урматтар жаңы жылдын алдында алдыбызга келип, салт-санааларын кылышты. Мен дагы болгон сыйымды көрсөтүп той кылып узаттым. Неля үйдөн кетип жат канда абдан жаман абалда болдум. Андан мурда бирөө мага “кызың кетип жатканда артынан чыкпа, этегиңе ташты басып олтуруп кал» деп айткан эле. Анын айтуусу боюнча жакындарым этегиме чоң ташты бастырып олтургузуп коюшту. Ошондо олтуруп алып өңгүрөп ыйладым. Ыйлап олтурсам кудагыйым келип «кудагый, андай салт жок» дейт. Анан эшикке чыгып аларды узатып кала бердим. Алгач туугандар үйдө болуп Нелянын жогу көп билинбей жаткан. Жаңы Жыл күнү баары үйлөрүнө тарап кетишип, майрамды кичүү кызым Алтынай экөөбүз эле тостук. Үйдүн ичи аңгырап, биринчи ирет Жаңы Жылды Нелясыз тосуп, жаман болдук.

 

– Урмат сизге кандай күйөө бала?

– Кудайга шүгүр кылам, Урмат менин оюмдагыдай күйөө бала. Айрым көйгөйлөрүмдү Неляга айтпай Урмат экөөбүз эле чечип коёбуз. Мен рулда жүрүп айрым учурларда бирөөлөрдүн машиналарын уруп алам же машинам бузулуп калат. Кыскасы, менин эркек кишиге таандык жумуштарымдын баарын Урмат чечип берет. Бул жагынан алганда Урмат менин күйөө балам эмес, балам.

 

– Ар бир үйдө көйгөй болот эмеспи, кызыңыз үйүндө болгон көйгөйлөрүн сизге айтабы?

– Алардын көйгөйлөрү деле жок. Эгерде ортолорунда пикир келишпестик болсо балдарынын айынан болот. Негизи Урмат абдан баласаак, балдары кичине ооруп калса эле «эмнеге ооруп калды?» деп тынчсызданып калат. Балдарынын айтканын аткарат. Неля болсо балдарын катуураак кармайт.

 

– Эки жээн небереңиздин кимисин кызыңызга окшоштурасыз?

– Улуу баласы Нурэл кызыма көбүрөөк окшош. Анын токтоолугу, бир суроо берсең ойлонуп жооп бергенин Неляга окшоштурам.

 

– Кызыңыз балдары менен сизге канча убакытта бир келип турат?

– Жайында бат-бат келип турушат. Биздин үйдө бакча бар, анда жер-жемиш көп өсөт, келип жыргап калышат. Ал эми кыш мезгилинде көп келишпейт, мен барып турам. Эгерде алар концертке барыш керек болуп калса балдарын караганга бизди чакырышат, анда кубанып барабыз. Неберелеримди жумасына бир жолу көрбөсөм ооруп калам. Нурэл экөөбүз күн сайын ВатсАптан (WhatsApp) сүйлөшүп турабыз. Неля болсо бир күндө бир нече ирет чалып ал-абалымды, үйдөгү акыбалды, суу чыгып жатабы, от жагылып жатабы, көмүр барбы, айтор, баарын сурап турат. Абдан күйүмдүү кыз. Кызымдын сахнадан дагы, жеке жашоодон дагы ордун тапканына ыраазымын. Урмат менен Нелянын чыгармачылыгын эки жактан тең колдоп турабыз. Кудагыйым болсо аларды «эмнеге жаңы ырларыңар чыкпай калды» деп урушуп турат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE