Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Көпчүлүк эл көрө бербеген тоонун ээлерин күбөлөр видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖааган кар Торугарттын кырка тоолорунан текелердин үйүрүн ылдый көздөй түшүүгө аргасыз кылды. Алар менен капыстан «бетме-бет» кезигишкен күбөлөр видеого тартып алышты.

«Тоо текелердин үйүрү тоодон ортоңку ойдуңга түшүп келген. Тик мүйүздүү текелердин жанында улактары бар эчкилер жайылып жүргөнү көрүнүп турду», — деп билдиришти күбөлөр.

Тоо эчкилери боюнча эколог Александр Сосновскийдин төмөнкүлөргө токтолду.

«Жапайы жаратылыштагы тоо эчкилери — Кыргызстандын эң сулуу жана асыл туяктуу жаныбарларынын бири. Жаз жана жай мезгилдеринде эркектери менен ургаачылары бири-биринен өздөрүн бөлөк кармашат. Күз жана кыш мезгилдеринде Сибирь эчкилери чогулат. Алар чогуу оттоп, эс алышат, сугат жерлерге барышат, чогуу кыштан чыгуу оңой», — деди ал.

Аталган жаныбар кыска буттары менен бир аз толмоч көрүнөт. Аска, жарларга оңой чыгат, шамдагай. Жайында тоонун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Ургаачылары улагы менен таштарга жашынууга аракет кылышса, эркектери жашыл чөптөрдү жегени төмөн түшүп келишет. Алар 2-3 жашында үйүргө кошулат. 5 ай көтөрүп, май-июнь айында 1-2 улагын тууйт. Тоо эчкилери өмүр бою узара турган мүйүздөрү менен белгилүү. Мүйүздүн өсүшү жаш өткөн сайын басаңдайт. Тоо эчкилердин салмагы 100-120 килограммга чейин жетиши мүмкүн. Ал эми бийиктиги 1 жарым метрден ашат. Бакма эчки тоо эчкилерден келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE