Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Гусл (толук жуунуу) 

https://kyrgyzcha.site/?p=10667&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?? **ГУСЛ** ( Толук жуунуу)??

 

Намаздын туура болушу үчүн даарат менен гусулдун туура болуусу абзел. Жунуп болгон ар бир аял менен эркектин, ошондой эле, хайздан (этек кир) жана нифастан (төрөттөн кийинки эң көп кырк күн улана турган кан) тазаланган аялдардын намаз маалынын акырында, ал намазды окуй тургудай мөөнөт калганда гусул алуусу фарз болот. Жунуптук жима (никелүү эркек менен аялдын жыныстык катнашы) же ихтилам (уйкуда жунуп болуу) менен болот. __Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” хадиси шарифте мындай дейт:_ *«Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан (б.а., абдан көп) көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу* .

_Аллаху таала_ периштелерге: « *Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим», — деп айтат»* . Башка бир хадиси шарифте: « *Кирдегенде дароо гусул алгыла! Анткени, Кирамен катибин периштелери жунуп жүргөн адамга таарынышат»,* — деп айтылат.

Имам Газали “рахметуллахи алейх”: *«Түшүмдө бирөө келип ушундай деди: «Бир нече мезгил жунуп бойдон жүрдүм. Ал эми азыр үстүмө оттон көйнөк кийгизишти. Алиге дейре жалын ичиндемин»* — дейт».

Дагы бир хадиси шарифте: » *Жандуу сүрөт,ит жана жунуп адам бар үйгө рахмат периштелери кирбейт* «, — деп айтылган. Намаз окуган же окубаган адам бир намаз маалын жунуп бойдон өткөрсө, абдан оор азап тартат. Суу менен жуунуга мүмкүнчүлүгү жок болсо таяммум алуусу керек.

Жунуп болгон адам төмөнкү нерселерди аткара албайт:

* 1. Эч бир намазды окуй албайт.

* 2. Курани карим жана аяттарына кол тийгизе албайт.

* 3. Каабаны таваф кыла албайт.

*4. Мечитке кире албайт.

 

?? *Гусул кантип алынат?*??

 

Сүннөткө ылайык гусул мындайча алынат:

*1. Адегенде таза болсо дагы эки колду, жыныстык мүчөлөрүн жана денедеги кирдүү жерлерди жуу керек.

* 2. Андан соң толугу менен даарат алып, бетти жууп жатканда гусулга да ниет кылуу керек. Буттун астында суу чогулбаса бутту да жууш керек.

*3. Денеге баштан аяк суу төгүү шарт. Алгач үч жолу башка, кийин оң ийинге, кийин сол ийинге төгүү керек. Ар суу төгүштө ошол тарап толугу менен сууланыш керек. Сууну биринчи төгүшүндө жышынуу зарыл. Гусулда бир мүчөгө куюлган суу башка мүчөлөргө да акса, ал жак да тазаланат. Анткени гусулда дене толугу менен бир мүчө катары саналат. Даарат алып жатканда бир мүчөгө төгүлгөн суу менен башка мүчө сууланса, ал мүчө жуулган болуп эсептелбейт. Гусул бүткөндө кайрадан даарат алуу макрух, бирок, гусул алып жатканда даарат бузулса, жаңыдан алыш керек болот.

 

? *Гусулдун фарздары* ?

 

Ханафи мазхабында гусулдун үч фарзы бар:

*1. Ооздун ичин жуу. Ооздун ичинде ийненин учундай да сууланбай калган жер калган болсо, тиштин үстү же тиштин тешиги сууланбай калса гусул алынган болуп эсептелбейт.

*2. Мурунду жуу. Мурундагы кургак кирдин астына же ооздогу чайналган нандын астына суу кирбесе гусул кабыл болбойт. Ханбали мазхабында ооз менен мурунду жуу дааратта да, гусулда да фарз. Ал эми Шаафи мазхабында гусулда ниет кылуу фарз.

*3. Дененин бардык жагын жуу. Киндиктин ичин, мурут, каш, сакалды жана алдындагы терини, чачты жуу фарз. Тырмак, эрин, көз сурмасы же дененин кайсы бир бөлүгүндө суу өткөрбөгөн заттар болсо (тырмактагы лак), гусул алынган болуп эсептелбейт.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE