Эми Ат-Башы айылынын тургундары кыш бүткүчө таштанды чыгарбашы керек

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ат-Башы айылындагы көчөлөр таштандыга айланды. Кароосуз жүргөн уйлар бул таштандыларды чачып, акыр-чикирлерде оттошууда.

Ат-Башы айылынын тургуну Мээрим Расул кызы тазалыкты сактабай жаткан тургундарга нааразы.

«Бир канча жыл мурун Ат-Башы жаштары таштанды урналарды коюшкан. Ошондон бери ал урналарды жаңыртып койгон эч ким жок. Кээ бирлери түп-тамыры менен жоголду. Анысы аз келгенсип, урнанын жанына таштандыны таштап жатабыз. Аларды уйлар чачып жатат. Айыл өкмөт уй кайтарган милдеттүү адам менен келишимди жакшы түзүш керек. Кээ бир уйлар качып кетет. Бадачыга баары бир. Айдын аягы болуп, акча алсам деп калышты. Мисалы, биздин уй качып келет. Аны деле карабайт. Качып келген малды коорого кармайын десем, эртеле чөп сала башташ керек. Анан айла жок токойго айдайм. Ал жактан деле эрте келип, көчө кыдырат», — деди ал.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан баштап Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы графиктин негизинде көчөлөрдөгү таштандыларды алып кетүүнү токтоткон. Мындан улам Ат-Башы айыл өкмөт башчысы Азим Алиев тургундар таштандыларды кыш мезгили аяктагыча чыгарбай туруу керектигин айтты. Эгерде таштандылар көчөгө чыгарылса, мыйзам чегинде айып пул салынарын эскертти.

«Ат-Башы айылынын борборун аралап, бир нече уйлардын ээн-эркин жүргөнүн көрүүгө болот. Уйлар өткөн жерде кыктары калып, антисанитардык абалды жаратууда. Ат-Башы айылы — райондун борбору. Айылга күн сайын коноктор, туристтер келет. Ээн-эркин жүргөн уйлар айдоочуларга да ынгайсыздык жаратып, кырсыкка дагы алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Ат-Башы айылынын ички тартип эрежелерине ылайык, бодо малды, айрыкча уйларды бадага кошуп же короодон чыгарбоо керек. Кароосуз жүргөн уйларды айыл өкмөтү камакка алып, мыйзамга ылайык айып пул салынарын дагы бир жолу эскертебиз», — деди ал.

Cotosen WW
  • Кароосуз жүргөн уй үчүн жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул салынат.

Turmush басалмасына Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» мунципалдык ишканасы аба ырайынын сууктугуна байланыштуу техникалар тоңуп, жумуш жыл сайын кыш айларында токтотуларын билдирди.

«Таштанды чыгаруучу техникалар суукта жүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок, насостору тоңот, таштандыны көтөрүп төгө албайт. Күн жылыганда кайра ишке кирет», — деп билдиришти ишканадан.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ат-башылыктар кыш мезгилинде таштандыларды чогултуп, өздөрү таштанды таштоочу жайга алып барышат. Ал эми күн жылыганда таштандыларын аталган ишкананын унаалары көчөлөрдөн жыйнап кетет. Ал үчүн элеттиктер 1 түтүн үчүн 1 жылга 100 сомдон төлөшөт.

  • Ат-Башы районунда 46 284 ийри мүйүздүү мал бар. Калктын саны — 56 018 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы