Пример HTML-страницы

Депутат менен болгон ажайып түндөр

https://kyrgyzcha.site/?p=15247&preview=true Кызыктуу окуялар.

Депутат менен болгон ажайып тундор.

Мезгил, убакыт бирде уу берип, бирде бал берип, тагдыр өзү каалагандай калчап келет. Тагдырдын далай сыноолоруна кабылып, далай жакшы көз ирмемдерин мен да өткөрүп келем. Адам баласынын өмүрүндө байлык, бакыт, сүйүүнү 3 жолудан берилет экен. Жашым отузду чамалап калса дагы башыман бир чоң махабат өттү. Махабат эмей эмине, баары мен ойлогондон да башкача болду. Атым Жазира. Койчунун кара кызы болом. Кичинекей кезимде чоң атам менен чоң апамдын колунда тарбияландым. Сегиз бир туугандын ортончусумун. Мен мектепке кирээримде чоң апам атам менен апамдын колуна тапшырып берген. Союз таркаган маал биздин үй-бүлөөгө да чоң кедергисин тийгизди. Себеби, атам да, апам да жумуштарынан бошоп үйдө отуруп калышты. Атам чоң ЗИЛ машинеси менен бизди багып жүргөн күндөрдүн биринде авария болуп машинеси күкүм болуп калды. Ал учурда баарыбыз атамдын көзүн карап жашачубуз. Дагы жакшы атамдын эч бир жери эч нерсе болбой аман калды. Ошол жылдары бардык малыбызды сатып атам кайрадан жаңы Зил курап чыгам деп болбой тырышып туруп алды. Ал машинесин бир жарым жыл дегенде курап бүттү окшойт. Ага чейин байкуш апам бизди базарга чай сатып, тамак сатып атып бешөөбүздү кийинтип, окутуп жатты. Азыр беш бала эмес бир баласын балдар бакчасына бере албай жатышат, апам болсо бешөөбүздү мектептен окутуп, колунан келген кийимдерди алып берди. 8-9-класс болгучакты эжем, мен, сиңдим үчөөбүз бири-бирибиздин кийимдерибизди кийип мектепке барчубуз. Биздин окшош кийингенибизди көрүп калган кластташтарыбыз, «Булардын кийимдери жок, баары бир кийимди кийишет, атасы буларга кийим алып бербейт», — деп көп шылдыңдачу. Ошол шылдың сөздөр азыркыга чейин кулагыма угулуп, эстегенде итатайым тутулуп кетет. Албетте, алар да бала да, биздин үйдө анчалык чоң кризис болуп жатканын алар кайдан билмек эле? Кийимдин айынан чоңойгучакты баарыбыз басынып жүрдүк. Айрыкча кышкысын чокой жыртылып калган чоң көйгөй болчу. Жогорку класска келгенде байкем университеттеги окуусун таштап Россияга барып иштеп келип карыздардан кутулткан эле. Ошондон кийин апамдар мал менен эле сарайга жашайбыз деп кетип калышкан. А биз болсо мектепти жакшы окуп бүтүп баарыбыз өз күчүбүз менен университетке тапшырдык. Мен англис тилин мектептин базасында абдан жакшы окуп чыктым. Шаарга келип англис тилинен котормочуга тапшырсам контракка өтүп, бюджетке өтпөй калдым. Контрактты атамдар төлөй албайт болчу да. Тырышып атып журналистикага бюджетке тапшырып өтүп кеттим. Журналистикага көп кызыкпагандыктан 2-курстан кийин которулуп кетем деген үмүт менен бюджетте окуп калдым. Ошондогу атамдардын сүйүнгөнүн сураба.

Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.

Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.

Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.

Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү.

Күндөрдүн биринде шеф Кыргызстандын үлкөн саясатчыларынын бири Тынайбек Абдыбековичтен интервью ал деп калды. Чынын айтсам ал кишинин бир көз карашы эле жерге киргизип коет, ошончолук сүрдүү киши. Макул деп коюп, ал кишиге суроо берип жатканда жанагындай көз карашы менен карап салса аптыгып келмемди таппай калбасам экен, — деп коем. Кудай жалгап бир журналисттен анын телефон номерин сурасам жардамчысынын номерин берди. Жардамчысына телефон чалып Тынайбек мырзадан интервью алайын дедим эле десем, — Ал киши интернет менен эле байланышат, ушул дарекке суроолорду жөнөт, — деп калды. Суроолорумду жөнөтүп, коюп 2 күн күттүм.

Тынайбек мырза мага 3 күндө жооп берип, интервьюсу гезитке чыкты. Андан кийинки 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык санды чыгарып редакцияда отурганбыз. Түнкү саат ондон өтүп калса керек эле. Агентте ар ким менен жазышып отурсам, Тынайбек Абдыбековичтин агенти да күйүп калды:

— Саламатсызбы Тынайбек Абдыбекович! Өткөндөгү интервью чыккан эле, жардамчынызга айткан болчумун. Окудуңузбу?

— Окудум, рахмат, майрамга карата жолугабыз да?..

— Кудай буюрса. Эс албай иштеп отурасызбы дагы деле?

— Ооба, эртеңки мероприятиялар боюнча отурам. Келе жаткан майрамың менен!

— Рахмат! Сизди да куттуктайм! Майрамдык маанайыңыз жакшыбы?

— Жакшы эле, бирок түйшүк көп болуп жатат.

— Менден эмне жардам керек? Айтыңыз, жардам берейин?

— Тавай, только не знаю как?..

— Мээңиз абдан чарчаса керек, анекдот айтып берейин?

— Анекдот болот, угам ат души эле…

— Сиз точно Тынайбек байкесизби же ал байке кеткенде компун мине калдыңызбы?

— Самневайся болуп жатасыңбы? Как доказать?..

— Конечно сомневаюсь, приколдор менен сүйлөп атсаңыз таптакыр эле таң калып атам да.

— Аа десең, эми эмне кылайын деги, кантип далилдейм билбейм да.

— Мага телефон чалыңыз, үнүңүздү угам анан ишенем!

— Чуть позже, азыр над текстом сижу, надо успеть просмотреть, макулбу, кайсы телефонго?

— 0777423ххх

— Жакшы, чалам…А ты почему так поздно, же эртең гезит чыгабы?

— Азыр чыгып атат.

— Канчага чейин чалсам болот, үйдөн таяк жеп жүрбө (тамаша)?

— Чала бериңиз каалаган убакта. Просто мен ишенгим келип атат аябай, эркелеген кыз экен деп капа болбоңуз.

— Макул, бошоп калганда чалам. А атың эмнеге Жазика? Ким койду эле?

— Чоң энем да, тамашалап коюп салыптыр.

— Жакшы эле, бирок өзүңө кандай жарашат билбейм…

— Ошо да, өзүм узунмун, анан атым Жазика. Мага деле жакпайт. Эмне кылам анан баарыле Жазика деп атышса. Сиз менин атымды толугун окуган эмес белениз интервьюнуздун астынан?

— Окугам, кыргызча жакшы эле ат. Боюң узун болгондо канча метр?

— 170 см така менен175ке барам го.

— Оуу, жаныңа бассак кыбырап эле калат турбайлыбы. ..

— Ой господи! 150смдай болбоңузчу. Боюмун айынан өзүмдү и так деле жаман сезе берем.

— Мен 175 болом го, по крайней мере жаш кезде ошондой болучу. Жазира жакшы ат, Жөжөшка деп эркелетсе да болот берет да?

— Сиз ошентип эркелетиңиз.

— Уруксаат болсо мейли, Жөжөшка. Жөжөшка дейин анда?

— Уруксаат берем, албетте.

— Текстиңизди оңдоп бүттүңүзбү же мен шайтанкадай болуп алаксытып атамбы сизди?

— Жарыш иштеп жатам, компто, анекдотту унутуп калдыңбы, же анан телефондон айтып бересиңби?

— Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит: — Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радио түйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? — Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем?- Мисалы, менин аялым ак жумал, бою узун, сулуу болчу.- А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим коюп, андан көрө сеникин издейличи,- дептир абышка.

— Абышкага не жок, бирдеме артат деп үмүт кылып жатат го байкуш…

— Эт жебесе да шорпо ичкиси келди да.

— Тынай байке, чарчабай иштеңиз, мен үйгө кеттим.

— Жок, почтаны карап, жазгандарга жооп берейин деп отургам, өзүң иштеп жатасыңбы?

— Иштеп бүттүм, эми мен да почтамды текшерейин деп аткам.

— У меня дурная привычка всем отвечать, многие знакомые просто по почте пишут и получают ответ, такое вот виртуальное общение…

— Мен эле тентектик кылып агентиңизге жазат турбаймынбы анда ээ?

— Я рад, честно сказать ты понравилась, жаш болсом наверно влюбился бы (тамаша), Думаю что у тебя характер хороший… Журналистика жагабы? Почему не стала тележурналисткой, а пошла в газету?

— Негизи журналист болом деп тапшырган эмесмин. Бир подругам ыр жазчу, журналистикага абдан кызыгаар эле. Анан айылдан жаңы келдик. шаарды билбейбиз, бул жакта университеттерди кыдырып жүрүп бир Жусуп Баласагынга келдик. Анан ал жакта Журналистика бар экен. Асел сен да мени менен тапшырчы деп болбой туруп алды. Мен көп деле көңүлдөнгөн жокмун. Болбой атып мени да тапшыртып салды. 3 экзамен болду үчөөнөн өттүм, курбум болсо өтпөй калды.

— Мне так кажется, что я начал ухаживать за тобой… Тебе не кажется?

— А мен унутуп да калдым. Как ухаживают джигиты? Ну если вы так считаете то по вашему да.

— С удовольствием буду ухаживать… Только мен деле унутуп калдым да кантип кылыш керек экенин…

— Но вы же пишете об этом что за мной уже начали ухаживать.

— Да, пишу же «кажется» деп… Эстей баштадым да, валнавайс болуп, муундарым титиреп дегендей… Ишенбейсиңби. .. Ошондой болуп жатпайымбы. ..

— Кантип ишенем?

— Ты не против Жөжөшка? Ат душа эле аракет кылайын да…

— Өзүңүз терең ойлонуп, кабыргаларыңыз менен кеңешип көрүңүз…

Агент менен отуруп ар нерсени жазышып отуруп үйгө түнкү он экиде келдим. Уктап калыптырмын, турсам түнкү саат бирде Тынайдан «Бүгүн кеч болуп калды, эртең сүйлөшөлү» , — деген СМС келиптир. Андан ары уйкуга кеттим.

Эртең менен жумушка келип компьютеримди күйгүзүп, ошол замат агентти ачтым. Тынайдан билдирүү келиптир:

— Кабыргаларым менен кеңештим уже, тавай дейт кабыргалар, полный вперед дешти… Азыр жумушта эмне менен алек болуп отурасың?

— Иштеп жатам, жумуштагы бир байке өлө жинге тийип жүрөт. Азыр да маанайымды түшүрүп кетти.

— Бир нерсе каалап аткандайбы не?

— Билбейм.

— Бардык эркектер ошондойбуз, ага таарынбай деле койсоң болот. Татынакай бийкечти көргөндө баарын унутуп калмайыбыз бар да, гормондор ойноп.

— Баса, сиз менин түшүмө кирдиңиз.

— Эне кылып жүрүптүрмүн, деги уят кылган жокмунбу?

— Жок, сиз андай адам эмессиз да. Болгону кагаздарды көтөрүп жүрүптүрсүз. Мен жакты бир карадыңыз, көздөрүбүз чагылышып кеткенде сиз көзүңүздү менден ала качып кетип калдыңыз.

— Иий, анда өзүм уят болгон турбаймынбы. Ошондой да болчу беле? Жок дегенде түштө колуңан кармасам болот экен…

— Ал деген түш да болгону.

— Жөжөшка-а-а- а, сени кантип чакырыш керек свиданиеге, кандай ишараттарды кылуу керек? Кандайы жагат, кандайы жакпайт? Бул жакта жигиттер сурап жатышат жанды койбой.

— Шарттарды айтайынбы? Экөөбүздүн жазышканыбызды карап отурушабы ал «жигиттер» ? Кызык.

— Ошентсең, мен да тигилердин өпкөсүн басайын да… Алыңар жетпейт экен деп, шарттарды көрсөтүп…

— Жардамчыңызбы?

— Баары эле…Толтура, билип алышыптыр, тааныштырып койбойсузбу, жолдугун жасайлы дегендер да көбөйдү.

— Анда точно гезитке чыкканы калыптырбыз да, жолуксак Уou tubeга чыгабыз го?

— Аа десең, коркосуңбу чыккандан? Анда не кылабыз?

— Эл көрүнгөн жерден жолугалы эгер жолуккуңуз келсе.

— Эл көрүнгөн деген кандай? Площадданбы?

— Ошончолук жолуккуңуз келип атабы? Же тааныштыргыңыз келип атабы?

— Ошол жигиттин бирөөнө тааныштырсамбы дейм да…

— Эгер сиз жолуккунуз келсе макул жолугам. андан качпайм. Бирок, сиз айткан жигит менен жолукпайм кечирип коюңуз.

— Ал жигит мен болчумун деп кантип айтам, билбейм. Сени менен абдан эле жолугушкум келип жатат. Эмне кылалы, мен Көлдөгү иштеримди бүтүп келгенден кийин жолукпайлыбы кандай дейсиң?

— Бул сунушуңузга бул жолу макул болоюн, — деп агенттен жазышып отурдук.

Андан кийин ал өз иштери менен, мен өз иштерим менен алек болуп кеттим. Иштеп отурсам шеф бир депутаттар интервью алып келе кал деп ЖКга жиберген, ошол маалда Тынай мага телефон чалып калды: Ак Үйгө баратам десем, менин кабинетиме кирип кетчи, — деп калды. Арадан жарым саат өткөндө жардамчысы байланышка чыгып мени Тынайдын кабинетине алып кирди. Мени көрүп бир башкача боло түшкөнү жүзүнөн байкалып турду. Учурашып бүтөөрүбүз менен теңештиңиз, мен сизден кичирээк болуп калдым, ага сүйүндүңүз. Сыягы боюңуздан тартынып жүргөн окшойсуз. Ал-жай сурашып, менин көзүмдү кечке караганыңыз азыркыга чейин эсимде. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдаганга аз убакыт калган эле, сиз мага бул сага майрамга карата белек деп конверт сундуңуз. Мен ошол жерден эле «Мен мындай белек эмес, чыныгы белекти күткөм бул конвертти албайм», — десем болбой сумкама салып койдуңуз. Чыгып баратканымда мойнуман өбөйүн дедиңиз эле, мойнумду акырын тартып, күлүп кабинетиңизден чыгып кеттим. Тиги депутаттан маек алып чыгып, ишке келип сумкамдагы конвертти ачып карасам 300 доллар экен. Бир чети кубансам бир чети жиним келди. Мейли деп эртеси сиз берген акчага Нетбук сатып алдым. Ошол күндөн тарта сиз мага бат-баттан СМС жазып, телефон чалчу болуп алдыңыз. Экөөбүз 20-сентябрды жолугушуу күнү деп болжогон элек. Бирок, 16-сентябрда ЖКда бир депутат менен катуу уруштуңуз. Интернеттен окуп мен да капа болдум. Ал күнү курбу кызым Анара бир жигит менен тааныштырып ошол жигитке жолукмакмын. Ал мени Пекин ресторанынан кечки саат сегизде күтмөк. Жумуштан чыгып кечки жолугушууга даярданып жаткам, бир маалда сиз телефон чалып калдыңыз. — Алтышка, 20сын күтпөй бүгүн эле жолуга береличи, көргүм келип жатат, — дедиңиз. Мен бара турган жолугушуумдан баш тартып ага эмес сизге бармак болдум. Адресимди СМС менен жөнөттүм. Бир маалда жан сакчыңыз окшойт бейтааныш жигит телефон чалып биз келдик деп калды.

Курбум Шахида да мени менен чогуу чыгып калды, мен болсо курбумдун жакшы көйнөгү бар эле, ошону сурап кийип жасанып алып чыктым.

Подьезддин алдында ак көйнөк кара костюм кийген, галстук тагынган бир жигит туруптур. Мени көрүп эле сылык учурашып жүрүңүз деп Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны көрсөттү. Мени менен чыккан Шахида бизди көрүп абдан таң калды. Ал болсо кир жууганга самын алганы дүкөнгө чыккан. Биз узап кеткиче эс талма болуп карап турду.

Лексус шаардын борборун көздөй зымылдады. Айдоочуңуз күзгүдөн мени улам карап коет, ал дагы, жан сакчыңыз дагы сүйкүмдүү жигиттер экен. Бир маалда келдик деп калышты. Карасам бир чоң мейманкананын алдында туруптурбуз. Жан сакчыңыз мени сиз турган номерге жеткирип коюп чыгып кетти. Кирсем сиз эки досуңуз менен отуруптурсуз. Алар ордуларынан тура калып, сылык учурашышты. Дасторконду жайнатып алып ошол күнкү сиздин түшкөн маанайыңызды көтөрүп шарап ичип атыпсыздар. Мен кирип, досторуңуз менен таанышып отуруп калдым. Бир маалда эт келди, анан бешбармак. Досторуңуз болсо бешбармактан ооз тийип, тост айтып алып ишибиз бар демиш болуп кетип калышты. Кечки саат онго аз калган эле. Досторуңуз кеткенден кийин жакшы таанышалы деп шербет ичип отурдук. Ар нерсени сүйлөштүк. Көрсө сиз мыкты сөзмөр экенсиз. Адамдын тилин бат таап, өзүңүзгө бат тартып алдыңыз. Ошон үчүн өмүр бою мыкты кызматтарда жүрсөңүз керек деп боолгоп калдым. Анан албетте кесипкөйлүгүңүз да артыкчылык болуп кетет эмеспи. Көп нерселерди сүйлөштүк. Бир маалда «Мага жакыныраак отурчу», деп мени өзүңүз жакка имердиңиз, ошондо эриндерибиз кантип чапталыша түшкөнүн экөөбүз тең байкабай калдык. Сиз мыкты өбүшөт экенсиз, мага абдан жакты. Жарым саат ошол диванда өбүшүп отурдук. «Бир маалда бүгүн бул жакта эле калалычы» , дегениңизден макул болуп калып калдым. Себеби, сиз менен өбүшкөн мага абдан жакты. Ал эми кучактаганыңызда болсо өзүмдү жоготуп коюп аттым. Ал түнү ич кийимчен эле жаттык. Колуңуз менин денемди толук бойдон сылап чыкты. Сизди төшөктө да мыкты го деп койдум. Таң аткычакты эриндер бири-бири менен чапталышып чыкты. Мен болсо секске даяр болуп калдым. Кичине онтоп койдум, сиздин ар бир кыймылыңыз мени ушунчалык дүүлүктүрүп турду. Жан жеримен ысык суюктук кичинеден чыга баштады. Кыздык белгиси барлар дагы ушунча дүүлүгөт экен деп өзүмө абдан таң калдым. Сиз менин үстүмө чыктыңыз, бирок кашайып сиздики такыр турбай койду. Бир чети ага сүйүндүм, эгер турган болсо ошончо дүүлүгүп турганда кыздыгыман айрылып калмак экенмин. Кучакташып жатып уктап калдык.

Таң атпай такси менен үйгө барып жуунуп-таранып алып жумушка келдим. Жумуш күнүм жакшы уланды.

***

Ошентип ал кишиге жолуккан күндөн тарта менде кандайдыр бир башкача сезимдер пайда боло баштады. Жумушум да негедир жакшы жүрүшүп, акча жаатында буга чейин көп көйгөйлөр жаралып келген болсо, эми ал жаатта ойлонбой да калдым. Үйдө болсо кыздар менен батирде турам. Ал кыздарга мен олигарх менен сүйлөшүп жатам десем такыр эле ишенбей коюшкан. Кийин Шахида көргөнүн айтып келгенде гана ишенимиш болуп калышты окшойт. Мен болсо интернеттен ал киши туурасында болгон маалыматтарды чогултуп, издей баштадым. Анан эле биографиясын карасам менден туптуура 30 жашка улуу киши экен. шумдугуң кургурдуку десе. Мурун мен кичине кезимде бир китеп окуп, анда 16 жаштагы кыз 46 жаштагы кишини сүйүп калып кыздыгын ал кишиге тартуулаганын окуп алып, ошол кызды абдан сөккөн элем. Көрсө эч бир кишиге сын такпаш керек тура. Айланып келип өзүмдүн башыма тийип отурат. Мамлекеттик кызматта иштеген үлкөн чиновникти баш отум менен сүйүп калам деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Тагдырың деген ар кандай бурулуштарды даярдап коет тура көрсө. Мен болсо ал кишисиз жашай албай кала тургансып, ар бир он мүнөт сайын СМС же болбосо коңгуроо күтөм. Мен качан ойлонуп аткан болсом, дал ошол учурда ал киши телефон чалып калчу болду.

Жумушумда эч ким деле билбейт, бирок семизинен келген кара тору байке дайыма менин кылып жаткан ишиме, ким менен мамиле куруп жатканыма чейин изилдеп жүрчү. Ошол киши тийише берип, акыры менден катуу кагуу жегенден кийин анын суук көзүнөн кутулдум окшойт.

Тынай дагы мага көбүрөөк жакындай баштады. Кайсы күнү бош боло калса мени менен жолугуп бир чыны чай ичсе да ошого канаат алат. Албетте, менин өзүмө тең, «кийин ушул жигитке турмушка чыгам» деген жигиттер бар. Аларды да Тынай толук билет. Ичинен кызганса да сыртына чыгарбайт, тескерисинче мага кеңешин айтып, эркекти эркелетип койсоң эле жаш баладай болот, каалаганың орундалат деп күлүп калат.

Тынай үчүн күндө жасанып, күн сайын сулуу болгум келчү. Бирок а киши менен тымызын жолугушуп, сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөнүмдү берки артыман чуркап жүргөн жигиттерге такыр билгизген жокмун. Жогоруда айтпадымбы мурун акча жаатында бир топ кыйналгам деп. Ошол кыйналып жүрүп телефон деле жаңырта алган жокмун.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE