Пример HTML-страницы

Чубак ажыдан ким коркчу ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=14806&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Чубак ажыдан кимдер коркчу?

 

Чындыгында Кыргызстанда Чубак ажы эң таасирдүү адам эле. Анын өзгөчөлүгү дааватты жандуу кылат эле. Жандуу дегеним — эл арасында, мамлекетте, дүйнөдө эмне маселе актуалдуу болсо, ошол маселеге карата сүйлөп, темирди ысыгында чап дегендей шарияттын көз карашын тайманбастан дароо баяндап тураар эле. Даават иштерин теле-радио, гезиттерде, мечиттерде, ар кандай иш-чараларда тынбай жүргүзүп эл менен тыгыз байланышта болуп, элдин көйгөйүн жакшы билээр эле. Жөн эле билип койбостон, ал адамдарга шарияттан чечим берип, бактылуу жашоого багыттап турчу. Ошентип үзгүлтүксүз кылган дааваты аркылуу эл арасында, саясатчылар арасында, окумуштуулар, артисттер, спортсмендер арасында кадыр баркка жетишти. Исламга суусап турган коомго өз дааватынын жандуулугу менен кирип кетти.

 

Чубак ажы муфтиятта иштеп турган учурунда да бир топ реформаларга барып, бир топ иштерди жасаганга жетишти. Муфтияттын бир топ иштерин сынга да алып, чынчылдыкты сүйгөн адам эле. Ал тургай бийлик адамдарынын да Исламга тескери кылган кадамдарын, жүргүзгөн саясатына, чыгарган мыйзамдарына катуу сындарды айтып, элди өз акысын жедирбөөгө үндөөр эле. Ушундан улам да саясатчылар динге каршы сүйлөөдөн, динге каршы мыйзам чыгаруудан чоочулап тураар эле. Чоңдордун көбү көп маселени айтканга батына албай, мусулман коомчулугунан тайсалдап турушар эле. Анткени эртең эле шайлоо келгенде мусулмандардын добушунан кур калып калаарын жакшы билишчү. Керек болсо шайлоого аттанган саясатчылар Чубак ажыны партиясына кошуп алгысы келип, айрым саясатчылар батасын болсо да алып калганга ынтызар эле. Ошентип Чубак ажыдан эң эле көп корккон — бул Исламдан башка баалуулуктарды көтөргөн адамдар, тактап айтканда диндин мамлекетке аралашып кетишинен чоочуган демократтар эле. Коомдо эмне маселе акатулдуу болуп, талаш-тартыш болуп жатканда, көпчүлүк «Чубак ажы эмне дейт экен» — деп анын пикирин укканга ынтызар эле.

 

Ушунтип элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Чубак ажы арабыздан кеткенине бир жылдын жүзү болуптур. Бул адамды аалым, молдо, устаз эле эмес, саясатчы десек да жаңылбайбыз. Анткени анын бир топ пикирлери саясий маселелерге да байланат эле. Көп деген саясатчылар, журналисттер менен жалпы элдин проблемасы туурасында, мамлекеттик башкаруу туурасында, айтор саясий багыттагы пикирлерди да көтөрүп, элге кандайдыр бир багыт берээр эле.

 

Ажыкенен дагы бир эң чоң өзгөчөлүгү мусулмандардын ынтымагына катуу көңүл бураар эле. Өтө калыс адам эле. Сынды да кабыл ала билчү жана кемчиликти ачык айтып сындай да билчү. Дал ушул себептен улум көптөрү ар кандай жамаатта болушуна карабастан Чубак ажыга урмат көрсөтүп мамиле кылышчу. Көрсө динсиздер мына дал ушундай үммөттүн башын бириктирип, жалпы журтка таасири өткөн адамдан коркуп, сестенип турушат тура. Мындай адамды ар ким, өзгөчө саясатчылар упай топтоо үчүн пайдаланып калууга аракет көрөт тура.

 

Аллахым ажыкенен күнөөлөрүн кечирсин, өз ырайымына алсын. Аллахым бизге үммөт үчүн күйгөн, Исламды тайманбай көтөрүп чыккан миңдеген аалымдарды насип эт. Чындыкты жашырбаган имам, дамыларды көбөйт. Аллахумма аамиин ?

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE