Пример HTML-страницы

Чет өлкөдө сулуулук салонунда эмгектенген Чолпонай актёрлордун сүйүктүү чач тарачы болууга жетишкен

Акыркы жанылыктар

Turmush20 жашында элеттен чет өлкөгө барып, соода иштерин жүргүзүүдө орус улутундагы кардарларга А.С.Пушкиндин «К Чаадаеву» аттуу ырын жатка айтып, «У меня уха работает» деп күлдүргөн мекендешибиз — 32 жаштагы Жаббарали кызы Чолпонай учурда Санкт-Петербург шаарында сулуулук салонунда эмгектенип, тасма жылдыздарынын сүйүктүү чач тарач айымы болууга жетишкен.

Анын жаштайынан соода иштерин жүргүзүүдөгү жагдайлары, жашоосу, келечек ой-максаттары менен Turmush басылмасы таанышты.

«Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 1990-жылдын 31-октябрында жарык дүйнөгө келгем. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, ыраматылык атамдын карындаштары, эжемдер эмгектенген Санкт-Петербург шаарына өз каалоом менен сапар алдым. Элеттен чоң шаарга барып, көп кабаттуу бийик-бийик үйлөрдү, жол кыймылында кумурскадай жайнаган көп унааларды, ар түрдүү улуттагы элдерди көрүп, башка планетага келип калгандай эле таңыркап жүрдүм. Ошентип, эң алгачкы жолу Таттыбүбү эжемди ээрчип, базарга чыктым. Чындыгында базар, жашоо, турмуш жөнүндө түшүнүгүм жок болгондуктан, сатылуучу буюмдардын сапатын, баасын деле айырмалай алчу эмесмин. Күндөр өтүп, бир аз болсо да базарга аралаштым. Бир күнү Таттыбүбү эжем: «Эми 2-3 ай өттү. Баштагыдан бир аз такшалып, орус тилин да үйрөнө баштадың. Өз алдыңча соода кыл» деп, базардагылар менен мени тааныштырып кетти. Алар: «Атыңа затың жарашкан татынакай кыз турбайсыңбы? КөктөгүЧолпон менен Айдын ширөөсүнөн бүткөндөй сулуу, кичи пейил да экенсиң. Соода-сатык иштерди жүргүзө бер. Биз жардам беребиз» дешип, жылуу кабыл алышты. Мен соода десе эле акчаны кочуштап, топтоочу жайдай элестетип жүрүптүрмүн. Таң эрте кетип, караңгыда үйгө келип, тим эле кошко салган аттай чарчап калам. Экинчиден, элетте өскөндүктөн орус тилин да жакшы билбей, орустар келсе, так жооп бере албай, өз түшүнүгүмдө бир нерселерди айтып коём. Алар күлүп калышса, мектепте жаттаган А.С.Пушкиндин «К.Чаадаеву» ырын айта салам. Бир жолу бир кардар: «Ты глухая чтоли?» десе, «нет, у меня уха работает» десем, элдер жыгылганча күлгөн. Алар күлгөн сайын намыстанып, үйгө келип, орусча-кыргызча сөздүк түзүп, түнү менен жаттаган учурлар болду. Аптаптуу күндө, кычыраган кышта алгач күнүнө 600 сом тапсам, 100 сомун тамак-ашка сарптап, 500 сомун ата- энеме сактап койчумун. Окшошобу же окшошпойбу, тартынбай эле орусчалап соода жүргүзүп, кардарды, жанымдагыларды, кээде өзүмдү да күлдүрө турган сөздөрдү токуп, такшалуу жолуна түштүм. Эми андан бери 12 жыл өттү. Соодадан чач тарачтыкка «көтөрүлгөм». Азыр орустардын түшүн жооруйм. Сулуулук салонго келгендер менен орусча сүйлөшүп жатканда, Кыргызстандын түштүк диалектисиндеги сейрек кездешүүчү айрым сөздөрдү кошуп койсом, таң кала бири-бирин карашып, күлүп коюшат. Анан адаттагыдай эле «К.Чаадаевуну» баштайм. Бул менин кардар тартуудагы ыкмам. Негизи интеллектуалдуу калктын өкүлдөрү өтө маданияттуу келишет. Бир сөз менен эле баарын түшүнүп, ички оюңду окуп коюшат. Кино актёру Артём деген келип, жакында съемка боло турганын түшүндүрүп, сүрөттөгүдөй чач жасоону сунуштады. Тартынбас мүнөзүм дароо сүрөттү карап, чачын жасалгалай баштадым. Арадан 1 сааттай убакыт өткөндө актёр бармагын күзгүдөн көрсөтүп, күлүп койду. Ошондо коркуп жаткан жаным, тим эле эргүүгө өтүп, манжаларым ылдамдай иштеп, өзүмө-өзүм ишенич артып, чачтарач болгонума сыймыктандым. Ошондон баштап, айрым актёрлордун, Артёмдун үй-бүлөсүнүн сүйүктүү чач тарач айымына айлангам», — деди мекендешибиз Чолпонай.

Ал өз сөзүндө балалык күндөрүн эске салып, айылдагы жашоосун баяндады: «Биз 4 уул, 1 кыз болуп, 5 бир тууган элек. Өткөн жылдарда шум ажал бир агамды, атамды алып кетти. Ошентип, апам 3 агаларым менен калдым. Мен үйдүн эң кенжесимин. Кичинемде агаларым бир жакка жөнөгөндө артынан калбай ээрчип, таяк менен коркутса да этегине жабышып алчумун. Эми ойлосом өжөр экенмин да. Өжөрлүк да айрым учурда жакшы сапат экен. Ал тырышчаактыкка үйрөтүп, өздүк менди калыптайт экен. Бирок, эгоист эмесмин. Колумдан көп нерсе келет. Көңүл сүйгөн, мүнөзүм жактырган адамга төгүлүп, чачылып турам. Дасторконду толтуруп, таазим эте тосуп алам. Бул сапаттарга ата-энем үйрөткөн.

Ыраматылык атамды түшүмдө көп көрөм. Кадимкидей сүйлөшүп, алакан жайып ак батасын берет. Атамды сагынып калдым. Эртеси маанайым көтөрүлүп, өтө шаңдуу жүрөм. Сулуулук салонго келгендерди жакшы кабыл алып, түрдүү чач жасалгаларын тартуулайм. Айрым учурда жеңилдетилген баада да жасап берем. Баса, түшүм жөнүндө бала бакчага бара жатып, 6 жашар кызым Ханбийкеге айтсам, ал күлүп эле коёт. Менимче таятасын жакшы билбей калган окшойт. Шартка байланыштуу жолдошум Кыргызстанда, мен кызым Ханбийке менен Санкт-Петербургда жашап жатабыз. Жашообуз жакшы. Айлык маянам да дурус. Ар айда апамдарга да жөнөтүп турам. Кээде аларга арнап ыр да жазып, онлайн окуп берем. Көзүнөн эле бизди сагынганы байкалып турат. «Жакында барам, апа. Ден соолукта болуңуз. Бизге сизден өткөн асыл, барктуу, нарктуу эч ким жок» дейм. Анан кайра эле балалыгым эске түшөт. Жашымда сот, адвокат же жазуучу, акын болом дечү элем. Ойлогон ойду турмуш жеңип, андай боло албадым. Эми деле кеч эместир. Сырттан болсо да, жогорку окуу жайынан билим алып, апам сүйгөн мугалим болсом деген үзүлбөгөн үмүтүм, таасирленген тилегим бар», — деди мекендешибиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE