Пример HTML-страницы

Чаекте арзан баадагы кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга келгендердин агымы үзүлө элек

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында социалдык баа менен сатылып жаткан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга келгендердин агымы үзүлө элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ар бир жаранга 3 килограммдан ашык сатылбай жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктөр район аймагындагы 3 дүкөндө сатылып жатат. Жалпы 10 тонна кумшекер жана 5 тонна өсүмдүк майы алынып кеген. Учурда кумшекер 72 сомдон, ал эми өсүмдүк майы 132 сомдон сатылууда. 5 литрлик өсүмдүк майынын баасы 670 сом болду.

Соодагерлердин айтымында, азык-түлүктөр болгону 1 жума же 10 күндө эле түгөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE