Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чүйдө 60 чакырымдан ашык аралыктан каттап иштеген сүрөтчү Анарханга үй берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАралыгы 60 чакырымдан ашуун жолдо Бишкек шаарынан Чүй облусунун Панфилов районуна каттап иштеген балдардын чыгармачылык билим берүү мекемесинин ийрим жетекчиси, сүрөтчү 28 жаштагы Анархан Осмоналиева үйдүү болду.

Анын таш бетине улуу инсандарды тарткан сүрөттөрү, пейзаж жана башка чыгармачылык таланттары, күндөлүк жашоосу жана турмуш көйгөйлөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Маданият, искусствого жаш кезимден жан дүйнөм сиңип калганданбы, же жараткан тарттуулаган таланттанбы, айтор жашоомду көркөм өнөрсүз элестете албайм. Ооба, ыраматылык атам Осмоналы кол өнөрчүлүк менен алектенип, терилерге түркүн сүрөттөрдү тартканда өтө кызыгуу менен карап, жанында көпкө отурчу элем. Кээде эч кимге билгизбей сөөмөйүм менен жер бетине жаратылыштын кубулуштарын, жаныбарлардын сүрөттөрүн тарта берчүмүн. Ал эми үй ичинде карандаш менен ак баракка чиймелеп, терезеге да ар түрдүү нерселерди тарта берчүмүн. Анда атам менен апам жөн-жайыма коюп, менин сынчым, көрөрманым эле. Эми ойлосом ошондо эле жүрөгүмдө сүрөтчүлүк өнөрдүн эң алгачкы бүчүрү түйүлө баштаган тура. Атам кол өнөрчү, сүрөтчү болгон. Ал менин жер бетине тартылган сүрөттөрүмдү карап, мыйыгынан акырын күлүп, так көтөрүп эркелетип койчу. Ушундай кубанычтуу күнүм көпкө узабай, 8 жашымда байкуш атам тиги дүйнөгө кете бербедиби. Ошентип, 7 жаштагы сиңдим, апам болуп, турмуштун татаал жолдорун, жашоонун көйгөйлөрүн көрүп, балалыкты, жаштыкты өткөрдүк. Сыртта эркек, үйдө аял болуп, бизди жылуу кийинтип, түркүн тамактарды дасторконго жайнаткан алтын апама миң ирет ийилип, таазим кылып келем. Алардын сүрөтүн да тарткам. Кандай сүрөт тартсам да, апамдын ак сүтүн, төккөн мээримин, эмгегин актоо мен үчүн парз. Баса, атам менен кээде түшүмдө сүйлөшөм. Ага өз колум менен тартылган пейзаж, портрет жана башка сүрөттөрүмдү көргөзөм. Ал баягыдай эле мыйыгынан күлүп коёт да, шашыла башка жактарга жөнөп кетет. Чочуп ойгонуп кетип, көзүмдү ачсам, түшүм болуп, атамдын элесин кайра көрүүгө көзүмдү кайра-кайра жумам. Чын, ошенткен күндөрүм көп болду. Көрсө, мен атамды өтө сагынып калыптырмын», — деди сүрөтчү.

Ал өмүр жолу, сүрөтчүлүк өнөрү, үйлүү болгонундагы кубанычы жөнүндө төмөндөгүдөй баяндады.

Пример HTML-страницы

«Мен 1994-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында туулгам. Мектептен билим алган соң, академик Т.Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясына караштуу көркөм сүрөт колледжин аяктадым. Учурда Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу «Башат» балдардын чыгармачылык билим берүү мекемесинде эмгектенип келем. Албетте, бул жакта турак жайым, же жакын туугандарым болбогон соң, күндө Бишкек шаарынан каттап иштедим. Туура, аралыгы 60 чакырымдан ашуун жолдо эрте-кеч унаа тосуп, караңгыда, кыштагы кычыраган суукта турганымды айтпаңыз. Ушундай күндөр көп жолу кайталанды. Сиңдим Россияда, апам 1 жаш 3 ай уулумду карап үйдө, мен күндө Бишкек— Кайыңды жолунда күн кечирдик. Ырас, турмушка чыгып, айрым бир себептерден улам жолдошум экөөбүз ажырым жолго түштүк.

Кыскасы, турмушту жакшы түшүнө элек жаным, сүрөтчүлүк дүйнөсүндө күн кечирип, таң атырып келем. Ооба, сүрөт менин каным менен кошо айлангандай. Негизи таш бетине да улуу инсандардын сүрөтүн түшүрөм. Республикалык «Шахмат сүрөтчүнүн көзү менен» сынакта да байгелүү орунду ээлегем. Ал эми өткөн айларда Чуңкурчак жайлоосунда өткөн Байтик баатырдын 200 жылдыгында да этнобазарда өз чыгармаларымды көргөзмөгө койгом. Жергиликтүүлөр, өзгөчө чет өлкөдөн келгендер өтө кызыгуу менен карап, чыканактай кыз болуп турсам, таң кала: «Бул сүрөттөрдү сен тарттыңбы?» дешип сурап жатышты. Эми мындай эмгектеримди баалагандан, же алыскы жолдон каттап иштегенимденби, эмгек жамаатымдын колдоосу менен райондун жетекчилеринин көмөктөшүүсү аркылуу демөөрчүлөр тарабынан Кайыңды шаарында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир бөлмөлүү жайга ээ болдум. Кубанычымды эч нерсеге теңей албайм. Райондун акими Маил Алияскаров үйдүн ачкысын тапшырып жатып: «Таланттыңа, өнөрүңө баракелде, кызым. Чындыгында көчөлөрдөгү көрнөк- жарнактарга «жан» киргизүүдө эмгегиң зор. Өткөндө жолдон өтүп бара жатсам, суукта да сүрөт тартып жатыпсың. Үшүп, суук өтүп калат, кызым. Сендей таланттарды колдоо биздин атуулдук да парзыбыз» деп аталык мээримин төккөндө көзүмөн жаш алдым. Ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Ашыкеев, жетекчим Нүрбек агайым, кесиптешим Мыскал эжей менин чыныгы устатым жана насаатчым. Алар менен сыймыктанып, түрдүү сүрөттөрдү тартып, жашай берем», — деди 28 жаштагы Анархан Осмоналыева.

Ал «Лирика» адабий-маданий клубунун мүчөсү экенин, жакында республикалык «Алыкулду окуйбуз» аттуу сынакка сүрөттөрү менен катышуу үчүн зор даярдык көрүлүп жатканын айтып, калемдештери чет өлкөдөгү Чолпонай, Нурэл, Жалал-Абаддагы Сумая, Сайкал, Бишкектеги студент Байыштар менен кубанычын бөлүшүп жатканын ачыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE