Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чүй өрөөнүндө кыргоолдордун жумурткаларынын саны эки эсеге көбөйдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда кыргоолдордун жумурткаларынын көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу фермерлер, балыкчылар жана туристтер, Чүй облусунун аймагында кокусунан кыргоолдун уясына жолуккандар билдирүүдө.

«Өткөн жылы кыргоолдун уяларында 6 жумурткадан көп эмес болсо, быйыл 12-16 жумуртка бар. Көбүнчө камыштан же калың бактан кыргоолдун уясын тапканда, уяга жакын жолобоого жана кыргоол эненин тынчын албаганга аракет кыласың», — дейт жаратылыш сүйүүчү Владимир Хорошев.

Кыргоолдор (лат. Phasianidae) — тоок сымалдар түркүмүндөгү көп түрдүү куштар тукуму. Аларга эң кичине бөдөнөдөн тартып, эң чоңу тооско (павлинге) чейинки илбээсиндер кирет.

Дене узундугу 13-190 см. Тумшугу жана шыйрагы жүнсүз, эркегинин текөөрү бар. Жакшы чуркайт, начар учат. 5-7 уруусу, 180дей түрү белгилүү. Алар Евразия, Америкада (уюл аймактарынан башка) жана Африкада таралган.

Жерге уялап, 8-18 жумуртка тууйт, ургаачысы 24-25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, курт-кумурскалар менен азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү таралган. Кыргызстанда 2 түрү кезигет. Алардын 2 түрү Кыргызстанда Кызыл китепке катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE