Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Бир үзүм бакыт

https://kyrgyzcha.site/?p=15427&preview=true Кызыктуу окуялар.

БИР УЗУМ БАКЫТ…

Күзгү

шамал,кыйма чийме унаалар…Москва…

Саадат жумушунан кеч чыгып метрого чейин 7-10 мүнөттүк жолго жөө баратты.

Күзгү сары кызгылт жалбырактар шамалга дилдирешип тротуарга көрк берип турат.

Жерге тушкөн клёндун кызгылтым жалбырактарынан терип колуна кармап алган Саадат

оюуна алда качанкы өтүп кеткен окуялар келип бирде ойлуу бирде жылмайып коет.

Бул адат Саадатка көнүмүш,

күндо ошол кайталоо…

Кээ күндөрү метрого кандай жеткенин да билбей калат.

Метро ичи кымгуут ар улуттагы элдер,бири мас жүрсө,

⁰бири кулагына тындамайын салып эч ким менен иши жок… жүрмө тепкич(эскалатор) кыз- жигит болушуп кучакташкандар жанында сен барсынбы…. ,же улуулар барбы аларга баары бир кучакташканы, кучакташкан …өбүшкөнү өбүшкөн аларды эч нерсе кызыктырбайт…бул адатка москвага алгач келгенде таңыркап жүргөн Саадат азыр маани деле бере бербейт.

Эптеп эле метро унаасына отуруп алса ,жашаган жерине жетип эле эс алганга шашылат…ошондой күндөрдүн биринде Саадат түшкөн метро поезди бир станция жетпей жүргүнчүлөрду түшүрүп салды… эки мүнөттөн кийин башкасы зуулдап келет,бирок чарчап турганда эки мүнөт эки сааттай эле сезилет. Бир жерде турбай баса турайын деп биринчи вагонду көздөй келе жатып алдынан чыккан Бакасты жолуктурду .

 

-Ой Саадат кайдан сени жолуктурам деп түшүмө он кирген эмес эле ,кандай жүрөсүң ,дагы деле ошол бойдон экенсин.

 

-Саламатчылык,өзүң кандай,рахмат жакшы сөзүңө,мен да сага жолугам деп ойлогон эмесмин.

 

— Карачы ээ кудай деген киши экенин күтүүсүздөн бир үзүм бакытка ээ боло түштүм а баса кайсы метродосун…байланышып турганга телефон номериңди берчи …сактап алайын…

 

-Макул байланышып турабыз ,Бакас өзүң кайда жөнөдүң?

 

-Мен ушул эле линияда турам деп калды Бакас.

 

-Мен деле ушул линияда жашайм бир станция калганда метро поезд техникалык жактан түшүрүп койбодубу !!!

 

-Ааай экөөбүз бир эки станция экен аралыгыбыз ,бүгүн экөөбүздү жолуксун деп токтото турган турбайбы ээ Саадат… сени жолуктурганыма сүйүнүп кеттим.

 

-Койчу Бакас илгерки тааныштардан эмеспиз го… анан калса «сен» деп теңтуш кылып алдың да.

 

-Теңбиз эле мени жаш бала ойлобо…көп жашаган эмес көптү көргөн билет деп Бакас Саадатка карап койду.

Дайыныңды сураштыргандан кимден сураарымды билбей тартынып журдум.

Эки-үч мүнөттүн ортосунда көп өтпөй

аңгыча метро унаа дагы келип калды тең шашыла поездге түшүп туруп калышты…экөө бирин -бири тиктешип үн сөз жок турушканда»следующая станция Марьино не забываете вещи»бат эле Саадат түшө турган станцияга жетип келишти эле Бакас кошо түшүп үйүнө чейин узатып жөө басып баратышты…

 

-Саадат,жалгыздык деген эмне …мен тажадым.

 

-Бакас ,мен да жалгыздыкты жек көрөм.

 

-Ошол күнү сени жолуктурганы эсимден чыкпайсын,жолугуп калабы деп коп издедим ,кечинде үйгө келгенде жылмайып турганыңды ,ортодо бийлеп жатканынды,тост сүйлөгөндө үнүң аргендей чыгып дикторлордой сүйлөп жатканынды элестетип жүрдүм…

 

-Бакас мен сага көңүл деле бурбаптырмын,женил бийге чакырсан көңүлү калбасын жаш жигиттин шагын сындырбайын деп бийлеп койгом …Саадат адатынча күлүп жооп берип жатты…Бакастын баскан турганы да Саадатка жагып калган болчу,бирок кантип эле ушул жигит мага көз салсын деп ичинен тим болгон.

 

-Саадат мен чалганда жооп эле берип тур суранам….жүр тиги Кофейнаяга кирип сүйлөшүп отурайлы!

 

-Макул бирок мен эрте турушум керек ,билесин да москванын жашоосун»баягы эле кайталоо»!

 

-Билем чырагым,көпкө деле олтурбайбыз,сени жанымдан кетиргим келбей калды.

 

-Бакас сенин эркелеткенин таптакыр эле мага чоочун угулуп жатат !

 

-Саадатым менин берекем сүрөтчү болгонумда сенин турпатынды өзгөчө портрет чыгармакмын,сүйлөчү өзүң жөнүндө,тагдырың тайкы экенин көздөрүң айтып турат ,эч нерсе жашырба ,телегейи тегиз эч ким жок…колумдан келсе жардамымды аябайм!

 

-Тагдырым тайкы бирок ар кимге эле айта бербейм Бакас,бул мага кудайдын берген сыноосу,кыйналсам да оөз мандай терим менен нан тапканым жакшы айтаарым бирөөнүн жардамынын кереги жок,москвада бир эле мен эмес канчалаган келин кыздар иштеп жүрүшөт ,ошолордун катарында өлбөгөн оокатымды жасап жүрөм… Саадатын маанайы бузула түшеөнүн сезген Бакас алдастап.

 

-Саадатым менин оюум ак сени мен колума алып жүргүм келет,таарынтып алдым окшойт …жооок берекем андай жаман ойлобо…мен ачык оюмду эле айтып алдым.

 

-Рахмат Бакас,сен да метро токтогончо үйүңө жетип ал ,мен да эс алайын.Саадат сөздү кыскартып салды…

 

-Жетем мен такси кармайм дагы бир аз олтурайлы …суранганына койбой Саадат олтурган жерден чыкканга даярданды…

 

-Бакас жакшы жетип ал,менин жашаган жерим бул жер деп басып кетти..аркасынан жете келген Бакасты байкабай калды,Бакас артынан келип кучактап

катуу кысып Саадатты аймалап да шыбырап да жатты.

Көптөн бери эркек жытын искебеген Саадат уялып денесин тартып туруп алды.

 

-Бакас кое берчи …үнүн

назик гана чыгарып үн катты.

 

-Жок жаным жанымдан кетиргим келбей турат.

 

-Койчу эми,жолдон кыргыздар өтүп калса же тааныштарым көрүп калбасын…

 

-Мейли мен өзүм жооп берем,суйуу кары жашка карабайт жаным.

 

-Кое берчи суранам!

 

-Кое бербейм… каткырып күлүп калышты,Саадат да Бакаска көнө түштү белем кучагында көкүрөгүнө башын коюуп турду…

* * * * * *

Эртеси жумушуна абдан көңүлдү келип өз ишин ирети менен иштеп жатты…телефон чырр чырр …алган жок…анткени Бакас экенин жүрөгү сезип турду.

Бакас чалып жатты…телефондон жооп берейин дейт кандайдыр бир күч жүрөгүн опкоолжутат…

Акыры жооп бергенге туура келди да…»угуп жатам,сиз адашып чалып алдыныз «деп телефонун өчүрүп салды.

Бакас кантип адашам кечээ өзү жазып бербеди беле….кызык…эмне болду же көңүлүн иренжитип алдымбы …түркүн ойлор менен алек…

Саадат кечээ кечиндеги Бакастын кучагында турганын эстеп өзүнчө уялып эстебейин десе да оюунан кетпейт…

Бакастын деңиздерге жетелеген атырынын жыты, мойнундагы тыкан оролгон жумшак шарфы, тиктегенде көздөрүнүн күлүп турганы Саадаттын көз алдынан кетпей туруп алды…

Бакас бир жума боюу телефон чалып ала албай сарсанаа…

Күндөр өтө берди арадан билинбей эки ай өтүптүр,Саадат өзү телефон чалайын деп канча номерин терип барып кайра токтоп калат.

Бакасты жоготуудан коркуп турат,а Бакас ошол боюунча телефон да чалбай койду бирок Саадатты сагынганын даана эле сезип жатты…

Ушунчалык ойлонбоого аракет кылат бирок оюунан кетпейт…

Толук эки ай…эки ай …эмне мынча бат өткөн күндөр..кечээ эле жолуккандай …

Метродон издейт ….баягы экөө коштошкон жерге келет…таппайт…эч эле жолуктура албады…

 

Саадатка да эки ай ичи кадимкидей ой толгоону алып келди жолугайын дейт Бакастын өзүнөн кичуу экенинен тартынат

Саадаттын дем алышы күнү дүйшөмбүгө туура келип ,жеке жумуштарын бүтүрүүгө борбор жактагы бир метрого келет.

 

Белгилүү мекеменин астында турса капыстан телефону шынгырап башка номерден бирөө телефон чалып калды,ким бул чоочун номер тааныш эмес го тынчылык болгой эле кабатырлана толкунданган үн менен «угуп жатам ким болду экен»….

 

-Кечирим сурайм Саадатым,бул мен Бакас…

Саадат оозуна соз кирбей эле «кандайсын»сөзгө араң жарап денесин калтырак басып кетти…

Саадатым мен сени көрүп турам төртүнчү кабаттан ,азыр сени бир кыз ээрчитип чыгат , түз эле кирип кел…телефон өчтү…үч төрт мүнөттүн ортосунда татынакай кыз келип,

-Сизди Бака Султанович өзүнө алып кирүүгө чакырып жатат, деп Саадатка кайрылып калды…кыз дагы жөн кыз эмес экен, Саадаттын үстү башына бир сыйра көз жүгүрткөнгө жетишти… бул аял ким …сулуу экен кийингени тыкаан каерде эмне болуп иштейт болду экен …балким Султановичтин ойношу чыгаар же тууганыбы айтоор ичинен кызганып жатты …

Төртүнчү кабатка лифт менен көтөрүлүп келип 405-кабинетке татынакай кыз киргизип өзү чыгып кетти…

Бакастын бул жерде иштегенин эч билбеген Саадаттын денесин калтырак басып туруп калды…

Бакас ооздо күтүп турган боюунча Саадатты жаш баладай көтөрүп көргөн көзүнө ишенбей өпкүлөп жатты…

Саадаттым сени көрөөр күнүм бар экен …билем сенин өзүңдү алып качканынды …Саадат күнөөлүдөй уялып турду бирок Бакаска жолукканына кубанып алды… көпкө дейре кучакташып турушту….сагынычтары тарабайт!

 

-Саадатым эмне жумуш менен келдин ?

 

— Ааа, өзүмө тиешелүү кагаз иштери бар эле!

 

-Айтчы,азыр кыздар бүтүрө берсин экөөбүз тамактанып келейли…

 

-Иии….Бакас мен сени түйшүккө салып же ыңгайсыз абалга калтырбайын …мен өзүм эле…

 

-Жок сөзгө калбайм сенин өжөр көк беттигиң жаман экен күлүп.

 

-Ооба мен өжөрмүн көк бетмин… Саадат да күлүп жооп берип койду.

Бакас

Саадаттын мамлесин турган турпатын аялына салыштырып кетти…

 

Бакас Бишкекте жаңы гана жогорку окуу жайын аяктап жатканда бир мекеменин жетекчиси Бакастын колу иштуу зирек жигит экенин байкап калат да Бакаска иш оорду менен камсыздандыраарын айтат…Бакастын ойлогон оюу ишке ашып ал мекемеде майда барат иштери менен иштеп жүрүп ,жетекчинин оң колу болуп калды,кээ күндөрү жетекчинин үйүнө да барып калат…Бакастын алибеттүү айткан ишти так аткарганы жетекчиге абдан жагат ,ал жетекчинин эки кызынан башка эч кимиси жок .

* * * * * *

 

Жетекчинин аты Оморхан,аялы бир топ жыл илгери ажалды кайдан деп болбойт кырсыктан каза болгон…эки кызын Оморхан өзү тарбиялап чонойтту..чет элден окутуп билимдүү да кылды..улуу кызы Сымбатты турмушка чыгарган бир неберелуу…

Кичуу кызы Айжан Францияда окуп жаткан.

Аябай эрке өзүмчүл ..

Жеңил оокатка көнүп калган..үй ишине караганга таптакыр шыгы жок.

Айжан жайкы каникулга Бишкекке келгенине аз эле болгон…Оморхан Бакасты ээрчитип үйүнө келет да үйүндөгү чарбасын тааныштырып анан кызы Айжан менен тааныштырат»Айжан менин эрке кызым ,мүмкүн болсо таанышып алгыла»

Оморхан кызы менен Бакаска тиктей калды.

Адегенде эле Бакас Айжанга карап

-Бакас…!!!

 

-Я Айжан..(очень приятно)деп орусча сүйлөйт…

 

Оморхандын оюу Бакасты күйө бала кылуу,колу эптуу оор басырыктуу анан калса менин ишимдин майын чыгара аткарат,уул балам болбогон сон мага уул дагы болуп берет деп ойлонуп жатты.

Бакас болсо өзүнчө бушайман… жетекчинин бир мандеми бар экенин сезип жүргөн,биз орто жашайбыз,атам менен апам жана бир туугандарым өтө карапайым адамдар…

Ортодогу тынчтыкты Оморкан бузуп «кызым Бакас экөөбүзгө тапчанга эле чай даярдагылачы»

Айжан «паап» мен даярдамак белем»я же не служанка» айтыныз тиги карындашынызга деп калат…Оморкандын ичинен бушайман тартып турганын Бакас байкап калды…

Ошентип Бакас Айжан менен таанышып, баарлашып жүрдү…Көп убакыт кетирбей кеңешишип Бакас менен Айжанды шаардагы бир ресторанга үйлөнүү тоюун беришти…

Бал айын чет өлкөдө өткөрмөк болушуп Айжан окуган шаарга

Бакас экөө учуп кетишти…

Тиргилик моюунга түштү мурда Бакас өзү болсо эми жубайы Айжан бар.

Бакастын кесиби юрист болгондуктан кайнатасынын аброюу менен , жумушка бат эле орношуп алды…

Бирок көп өтпөй Айжандын кылыгы чыга баштады Бакасты тоготпойт кээ күндөрү үйгө келсе келет келбесе түнкү клубдарда эс алып жүрө берет..

 

-Айжан канчага чейин ушинтип жашайбыз?

 

-Аа эмне экен ,эмне айтмакчысын?

 

Пример HTML-страницы

-Биз балалуу болушубуз керек!

 

-Жок мен фигурамды бузуп төрөгүм келбейт,бала менен үйдө да отурбайм,мага жомок айтпачы ээ!

 

-Биздин максат балалуу болуу Ата-Апа деген статуска ээ болушубуз керек!

 

-Мен сага окшогон «кулдан»балалуу болбойм мен азыр жашмын…билесинби сен атамдын «кулусун»

менин өзүмдүн сүйгөн жигитимден гана балалуу болушум керек! Сен мага эч ким эмессин…экөөнүн кайым айтышуусу кадимки эле чон согушка айланды..

Бакас «кул»деген сөзүнө эси эки болуп дүйнө антарылгандай эле боло түштү..

Ал күнү Бакастын жан дүйнөсү ооруп эмне айла табаарын билбей жумушунан суранып уйго келип жатып алды..негизинен эле аялдардын тили «заар » же барчылыктан көпкөндүн белгиси» .

Айжандын»кул»деген сөзү кулагынан кетпей койду канчалык алаксыйын дейт бирок кулагында жаңырып туруп алды.

Акыры бир чечимге келип өз мекенине кайтууну ойлоп жатты…

Бакас кайнатасына болгон чыр чатак күчөп бараткандыгын, Айжан үйгө да келбей жүргөнүн,жада калса акыркы күндөрү «кулсун»дегенин толук айтып берүүгө даярданды…кайра ойлоп коет мен чын эле «кулдан»эмне айрымам бар, бас десе басам жүр десе жүрө м,байлыккабы,мансапкабы эмне себеп менен кызын мага алып берди же чындап эле бир оюу бардыр ..

Жооок мен да намысымды бербейм алса колумдагы жумушун алат ,жанымды кошо алмак беле …жөнөкөй адам болуп деле жашайм…ойлору чаташып башы ооруп чыкты…

Түнү менен ойлонуп

Бакас эртеси билет алып Кыргызстанга түз эле кайынатасына келди…байкоосуз кирип келген Бакасты көрүп Оморхандын тынчы кетти.

 

-Ассалоому алейкум Оморхан Камилович!

 

-Валейкум салам Бакас,иии ата дечүү эле мага тушунуксуз болуп турат эмне себеп тынчылыкпы….өзүң эле келдинби?

 

-Ооба өзүм эле ,мен мындан ары «сиздерге «кул»болуп жашай албайм,кечиресиз Оморхан Камилович!

 

Түшүнбөй калган Оморхан…

 

-Эмне дейт денеси титиреп кайдагы «кул»

бул сөздү кайдан алдың балам….мен сени өз уулумдай көрөм айткан сөзүңө жол болсун ..же ачуулана албай же жөн жайлап сүйлөй албай калтырап титирей тушту…

 

-Оморхан Камилович кечиресиз мен Айжан менен жашай албайм экөөбүздүн айрымабыз ат менен төөдөй экен, мамилебизден бир жылда тарбиябыз башка башка экендиги билинди …уруксат бериңиз…

Бакастын кабыргадан койгон маселесинин төркүнүн Оморхан айттырбай түшүндү….анткени «кыздын сыры төркүнгө маалым»эле…

 

-Айжандан дагы сурап билсениз болот!

 

-Ээ балдарым макул сенин эркектик намысына менин акылы кыска кызым кол салыптыр,эми өзүң чечипсин макул мен сага уруксат бердим…бирок мени унутпа балам…уй жайды сага каттап койгом…менин уулум бар деп ишенем…деп калчылдап барып кулап түштү.

 

Оморхандын жүрөгү катуу кармап,кан басымы көтөрүлүп жыгылып калды.

Букен бир тууган карындашы күйпөлөктөп ыйлап да жүрөт сүйлөнүп да жүрөт… Агамдын ушу кызы агамдын түбүнө жете турган болду…ушул кыз деп үйлөнгөн да жок …канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай айтканын аткарып жүрдү..байкуш агам уулду болом деп да айтпады…

Эркеликти да эби чени болот…

Эссиз кыз чыкты…

Тез жардам чакыртты да ооруканага Бакас менен Букен кошо барышты…

Эки күндө Оморхан өзүн

келип …үй мүлктөрүн иштеткен Бизнес оордун Бакаска өтклргөнүн ,коз жаздым болсом жерге жакшылап жашыраарын …анан калса Айжан бул үйнө аттап келбесин деп жай керезин айтып жатты…

Бакас эмне дээрин билбей баш ийкеп гана отурду…арадан көп өтпөй Оморхан оо дүйнө аттанып кете берди …Бакас боз үй тиктирип «атаке» деп салт менен турду…

Кайнатасын жерге берип ,кырк ашын өткөрүп өзү да Москваны көздөй жол алды..

Алгач келгенде эле иши оңоюунан болбоду ары бери кыйналып жүрүп азыр бутуна турган убагы,бир мекеменин жетекчиси…

 

Алеки заматта көз алдынан көптөгөн окуяларды өткөрө салды да …ошентип жүрүп Бакас тентуш баласынын туугандарынын өздүк майрамы (юбилейине)катышып Саадат менен жолугушуп калганын да ойлоп кетти.

 

-Саадат коп убакытты кетирбей жүр тамактанганы барайлы,калган сөздү ошол жерден сүйлөшөбүз

 

-Кеттик анда, Бакас мен да шашып турам,эртен жумушум да бар!

 

-Бүгүн сени үчүнчү жолу капыстан жолуктуруп жатам!

 

-Мен дагы жолуктурам деп ойлогон эмесмин.

 

-Бул да болсо кудайдын боору ооруганы даа бизге ээ (тамашалап)күлүп жатты.

Бакастын унаасына олтурушуп «Чайхана 1″ресторанына келип жайгашышты.

Сөз баягы эле Бакаста

 

-Эмне жейбиз?

 

— Аа мен эчтеке жебейм!

 

-Кантип эле…?

 

-Ушинтип эле…!

 

-Анда эмне ичебиз шампанский,коньяк…???

 

-Мен ичпейм…жоок чын айтам спирт ичимдигине жокмун!!

 

-Кел анда суу ичебиз …

 

Экоо каткырып кулуп калышты кундору конулдуу уланып жатты…

Бактылуу коздор,таттуу создор айтоор абдан конулдук эс алып олтурушту…

Убакыттын отконун да сезишпейт…качан гана Саадаттын телефонуна чалуулар келгенде кеч болуп кеткенин байкашты…Бакас кетиргиси келбейт ,Саадат шашылып эле жоноп калды..бирок Саадаттын журогу жылып кандайдыр бир сезим журогун аралап жатканын сезди…

Ал куну Саадат Бакас менен мейманканда чогу болду…

 

Эртеси жумушка ошол жактан ары барды..Бакас менен болгон тунду эстеп озун озу жемелеп да коет

Садааттын москвада жургонуно 7 жылга чукул

болсо да жанына эркек аттууну жолотпогону…Бакаска кандайча журогу жибигенин эстеп колуна иш кирбей журду…

Куйоосунон коргон кордукка чыдап ,ур келтегине чыдап …балапан башын кууратып журуп акыры балдары чонойгондо Москвага келе берген…

Кыз куйоосу болуп чогуу турушат,балдары уйлонуп жайланды…канча эл менен болсо да баары бир жалгыздык жанын жейт…

Бакас менен таанышкан кун …Саадаттын курбусунун туулган кунуно барып тентуштары менен ырдап бийлеп олтурган…

Тойду алып баруучу созду Саадатка берип калды…Саадат микрафонго жакындап элди бир сыйра тиктеп анан куттуктоо созун аяктап жатып Бакастын озун тиктеп турганын байкап калган…оюунда сымбаттуу жигит экен деп ойлоп койгон…

Бийлеп да жатты…

Женил бий болгондо Бакас келип Саадатты бийге чакырып калган,акырын оордунан туруп женил бийге жай бийлешип Саадатты оордуна узатып да койгон.

Бакас менен бугун махабат тунун откоргонуно озу да ишене албай жатты…

Бакас Садааттан тогуз жашка кичуу …бирок Саадат озунун жашынан алда канча жаш корунот…

 

Саадат Бакасты сагына баштады.

Бир жумадай экоо тен байланыша албады….

Бакас телефон чалып калды …бугун жолугаарын…

Саадатты дагы ой санаа басты…балдарым эмне дейм эн жакшысы жолукпай койгонум он болот…ушундайымда алыстайын…элдер эмне дейт…учу тугонбогон санаа ойлор менен алек…

Айтканындай телефонун таптакыр очуруп салды .

Бирок Бакасты жоготкусу келбейт…

Бакас тел чалып ала албагандан кийин озунчо туйшолуп …Саадаттын мунозуно тан калып жатты..кызыыык …ушундай да болот экен дааа….оюунун тубуно жетпей ашканадагы муздаткычтагы коньякты ..биринчи жолу…озу жалгыз ичип олтурду…

Арадан бир топ убакыт отту…

Саадат Бакастын кенсесине жетип келип эшиктен эле телефон чалды…

 

-Алло,Бакас эшикке чыкчы…мен сага келдим.

 

-Саадат…тынчылыкпы..сен…чын эле сен озун келдинби…алдастап азыр ,мына азыр…кандай маселе?

 

-Бакас…деп барып телефонун очурду.

 

Саадат жаны эле бурула бергенде Бакас жетип келип Саадатты колунан жетелеп кенсеге жоноду..Саадат да унчукпай жетегинде жаш баладай басып баратты

Узун корридорго жеткенде коншу кенседен катчы кызы алдынан чыга тан кала карап …Бакас Султанович сизге эмне болду…Билесинби карындашым менин тобом кокко жетип турат мен издеген суйуум ,махабатым озу келди…ал бул айым….

 

Саадаттын издеп келгени ал эки кундон кийин Кыргызстанга жоноп кетмек…

Бакасты озу да жактырып калганын сезди..бар кучун жыйнап Бакаска да келгени эле…

-Бакас мен Кыргызстанга биротоло кетем билет алып койдум …сени менен коштошкону келдим…бул жакта журо берсем болбоочудай барып уй жайымды карайын..

Экообуз аз жолугушууда коп жыл жашагандай …сезилди!

-Сагындым , жаным …сен менин журогумдо жашайсын Бакас деп суйлоп жатты.

 

-Саадат …кетпечи экообуз бир болууга мен даярмын …кел экообуз бирге болойлу!

 

Кутулбогон жолугушуудан канча арзуулар,канчалаган арналган суйуу махабат лаззаты тартууланды.

 

-Бакас сен уйлонушун керек…мен сага туболукту жар боло албайм…билем

 

-Жок Саадатым мени тируулой комгондой эле болуп жатасын!

 

-Макул сен КРга бар ,жумуштарымды бутуруп артындан барам…оюун жыйнай албай кыйкырып да жай да суйлонуп алды.

 

-Бакас КРга барсан кандай болот экен …менин тууган туушкандарым жана душмандарым эмне дейт.

Коштошо алышпай же создору бутпой бири биринен ажырай албай копко турду..

Бакас жеткирип коем дегенине конбой Саадат метрого тушту…журогун тилип чел кабыгын ажыраткандай журогу зырпылдап башкача согуп туруп алды…оо кудайым ааай эмне мынча журогум согуп жатат деги жайчылык эле болсунчу …деп ичинен ойлонуп келе жатып озу тушо турган станциядан отуп кетиптир…

Суйлонуп да алды…мен эмне болуп баратам…Бакассыз деле жашап келбедим беле…карасан минтип оз станциямдан отуп кеткеним…бырс кулуп да алды…кайра бет мандай келе жаткан метро унаага тушуп калды…дагы эле чубалжыган тугонбогон ойлор…

 

Тээ студенттик кундорундо бир жигит менен капыстан жолугуша калып акыры ,махабат ,суйууго дуушар болуп баш кошкон куйоосун эстей калды…

Байкушум озун куноолусун,коп эркелетип колума оор иш алдырбаган…жаны баш кошконубузда кополоктой чарк айланбай …катуу эле кармасан болмок….мумкун сенин канча оор корсоткон кунуно чыдап жашап калат белем…

Эми минтип бир топ жашка келгени кайдагы дарттуу оору менен оорубай…сен куноолусун байкушум…озумо таптакыр эле куноо уйгум келбейт …кудай ууур,деп да коет арасында……..

 

Бакас Саадатты колунан учурган кушташ муштумун туйгон боюунча кенсесинде олтуруп калды.

Бул эмнеси…же чын суйуубу …аз эле корушуубуздо бир кылымдык кыйналгандай болдум…демек мен Саадатсыз жашай албайм го…эркек болуп биринчи жолу козуно жаш алды….шаша буша кийинип …жол тыгын унаанын кереги жок …метро менен бат жетем …Саадаттын жашаган жерине жоноп калды…

Ал мезгилде Саадат уйуно жетпей Билла дур дуйум дуконуно кирип кеткен болчу…керектуу нерселерин алып,которунуп чыгып келе жатып Бакасты козу чалды…

Жок мен жолукпашым керек,айтчу созумду айтып келдим …..кайра дуконго кирип бир бурчунда жашынып туруп алды…

Бакас дукондун жанындагы гул саткан куркоодон аппак хрезентема гулун сатып алганын да коруп турду…

Хрезентема …кайдан билет менин гулум экенин …хрезентема апапак хрезентема…Бакасым экообуз баскан жолдор ,кутуусуз жолушуулар эми кайталанбайт…

Мен сени унутпайм ,бизге кубоо болгон кутуусуз жолугушуу туболук мени менен жашайт…кантсе да мага очуп калган сезимимди тутанттын асылым…..Саадат ыйлап жатты

Бакас канча турду ал жерде эч ким билбейт.

Бакас Саадатты издеп дайынын таба албай калды.

Саадат болсо Бакасты эстегенде жүрөгү уйгу туйгу болуп өзүн коерго жер таппай калып жүрөт.Кур намыс дебей балким Бакас менен баш кошуп жашаса жалгыздыктан арылат беле,айтоор оюу дале болсо Бакаста.

 

Ошол болду экоо жолугуша алышпады.

АЯГЫ.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE