Пример HTML-страницы

Билерик

https://kyrgyzcha.site/?p=12923&preview=true Кызыктуу окуялар.

Билерик

 

Жигит эки жагын карап, жакын арада эч ким жок экенине көзү жеткенден кийин жалгыз аяк жолдо шашпай бастырып келатты. Жол бир топ узак. Айылындагылар Кытайга качып келатып кырылган кыргыздар жаткан бул жерди жакшы билип калган. Ушуну менен бул жакка үчүнчү жолу келди. Буга чейин улуулар менен келип, өлүктөрдүн мойну-башынан алынган зер буюмдарды көбүнчө алдуу-күчтүүлөрү менен чоңураактары алып, олжосуна анча ыраазы болбой калган. Жолдун ыгын билип, кынык ала түшкөн жаш талоончу бул жолу эч ким жолтоо болбой турганына ыраазы болду. Кыргыздар боо түшүп кырылган жерге жакын атын байлап, эми каргаша болгон жерди кунт коюп үңүлө карады.

Өткөндө туугандары алтын-күмүшүн мойнунан, колунан чечип кеткендери бериде жатат. Башкалары үшүп, биринин үстүнө үймөлөктөшкөн бойдон катып калгандары бар. Астында тоңуп калган жаш балдар. Улуураактары жылытып атып өздөрү тоңуп, анысына карабай бороон кичинекейлеринин жанын жайма-жай тартып жүрүп отурса керек. Кызык эле эл экен, ушу. Же колунда куралы жок, төшүн окко тосуп көтөрүлбөй эле койбойбу? Же башынан эле боору бүтүн, мал-жаны аман кезинде качпайбы? Бир чыны талканга кызын сатып кор болбойт эле го? Орус менен кытай эчак тагдырын чечип койгонун түшүнбөйбү? Орустар “колуңарды байлагыла, ошондо силерге тийбейбиз” десе ишенип бири-биринин колун байлап туруп беришиптир. “Ырас болот! Таалайлуу менен талашпааа!” Өзү кытай императору же ак падыша болгонсуп негедир табасы канып, өзүн бул дүйнөнүн амалын таап алган жандай ыраазы болду.

Өлүктөрдүн арасын шашпай кыдырды. Караса маркумдардын кийиминен башка жарытылуу эч нерсе деле жоктой. “Алууга жарактуу эч нерсе жок го?” деп ындыны өчө түшкөндө нараакта жаткан жаш келин көзгө урунду. Жаңы эле күйөөгө тийип, он гүлүнүн бири ачылган неме, бу кебетеси. Мойнунда шурусу менен чачпагы, кулагында сыргасы да жүрөт. Манжаларында шакектери да бар экен. Байдын келини же кызы окшойт. Кызык, өткөндө эки сыйра келген жолдоштору кантип байкабай калды? Оңой оокат таап алганына сүйүнүп турган неменин колундагы анча-мынча олжосун тартып алып шашып кетишкенде элес албай калышкан го? Бирок мындайды көрбөй калыш да кыйын. Эчак тоңуп өлгөнүнө карабай бети-башы бүтүн, супсулуу бойдон жатат.

“Берейин деген кулуна белен кылат жолуна. Эми талаша да албайсыңар!” Ушинтип ичинен күбүрөп алган жигит келиндин кулагындагы сөйкөсүн чечти. Чөнтөгүнө салган соң шакектерин бирден чыгарды. Муну сатса кымбатка түшөт. Чөнтөктөрүн, жанында жаткан баштыктарын аңтарды. Акыры колундагы билерикке көзү түштү. Күмүштөн жасалган, кымбат билерик. Эң баалуусу ушул окшойт. Тартса чыкпай койду. Акыры жанындагы балтасын алып келип, тоңуп калган өлүктүн колун кести. Билеригин чыгарды. Эми балтаны унутуп калбашы үчүн кайра ордуна салышы керек. Балта да табылгыс оокат.

— Эй жигит! Уятың барбы?

Артынан чыккан жапжаш аялдын үнүнөн талоончу селт этти. Караса эчак өлдү деген келин бери карап таң калгандай суроолуу тиктеп турат. Бети башына толгон кар менен муз да жок. Бирөөлөрдүн амалы дейин десе аска-зоонун арасында тирүү бир жан көрүнбөйт. Аркасынан тартып дене-бою дүркүрөп, оозунан келмеси түшүп таштай катып калды. Ишенейин десе билерик өз колунда. Ишенбейин десе небак тоңуп калган, колу кесилген келин эч нерсе болбогондой өзүн суроолуу тиктеп турат.

— Кооз бекен, ээ? Мага да жакчу…

Жигит калтырагандан башкага жарабай купкуу болуп отурду.

Келин муңайым күлүп койду.

— Аа, жолуң болгур. Сен да кызык экенсиң. Мага буюрбаган сага буюрат дейсиңби?

Жигит көргөн көзүнө ишенбей аптыгып эки жакты жакшылап карады. Мунун баары атайын жасалган амал экенине ишенгиси келди. Кимдир-бирөө шылдың кылып, өткөндөгү жолдоштору байкап калып жазалагысы келгендир?

Көзүнө тегерек-четтеги тоолордон, туш келди тоңуп жаткан өлүктөрдөн башка эч нерсе көрүнгөн жок. Кайра келинди карагандан коркту, бирок актанып, кечирим сурагысы келди. Кайра караса келин баягы эле жерде жатат. Бетинде муз менен кар. Азыркы эле болуп өткөн нерседен эч кабары жоктой. Колун кармаганда муздагы сөөккө өтүп кетти. Тоодогу күн бат эле кырга жашынып, көлөкө түшө калган соң чачылып жаткан өлүктөр, катып калган келиндин сөөгү мурункудан да сүрдүү көрүнүп, бул муздак дүйнөдө өзү гана жалгыз калганын сезди.

Талоончу үйүнө тез эле жетти. Үйүнө жетип-жетпей кан кусуп жиберген немени туугандары курчап калды. Ошол бойдон төшөктөн турган жок.

— Мындан кийин булардан эч нерсе албагыла. Мен оңбой калдым. Мен оңбой калбадымбы. Албагыла, кокуй. Бул эл да жөн эл эмес экен. Албагыла. Албагыла…

Жигит ошол түндөн чыккан жок. Андан кийин жашыруун жол менен барып зер буюмдарды өлүктөрдөн чыгарып ала турган баягы жерге эч ким барбай калды. Ак падыша тактан кулатылып, үй-бүлөсү менен атылып тукуму калбай калганын да Үркүндөгү элдин каргышынан көрүштү. Окуя эл ичинде ооздон оозго өтүп, кеңири кеп болгону менен сөөктөрдү чогултуп ак кепиндеп аруу жууп көмгөн да эч ким болбоду. Аны кеп кылып, козгогон ал кезде кайдаа?.. Кийин гана, 75 жылдан кийин айрымдарын жыйнап көмүштү. Бирок арасында бул окуяга себеп болгон келин ким экени табылган жок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE