Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Баткендик карыя дайынсыз жоголгон уулуна 10 жылдан кийин жолукту

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун 10 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан тургуну табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 3-ноябрда Талас ОИИБге Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну кайрылып, 1987-жылы туулган Нурланбек аттуу баласы 2012-жылы үйдөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, байланышка чыккан учурда жүргөн жерин жашырып, дарегин айтпай жүргөндүгүн билдирген.

Талас ОИИБдин кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап, атасына тапшырышкан.

Белгилүү болгондой, 35 жаштагы Нурланбек Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жергиликтүү тургундардын үйүндө жалданма чабан болуп иштеп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE