Пример HTML-страницы

Баткендеги Бүргөндү каналынан шагыл казылып, олуттуу чыгымдарга учуратып жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushМамлекеттин стратегиялык объектиси катары саналган Кадамжайдын Бүргөндү каналы олуттуу зыянга учурап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Акылбек Козубаевдин айтымында, Бүргөндү каналы жалпы 9 миң гектардан ашык Ак-Турпак жана Кыргыз-Кыштак аймактарын сугат жана таза суусу менен камсыз кылат. Суу канал менен кошо аталган аймактагы негизги суу бөлүүчү түйүн дагы талкаланып жатат.

«Кожошкен (Сох) дарыясынын негизги суу бөлүштүрүүчү жердин өйдө жагында атайын суунун агымын басаңдатуучу жана агызып келген шагыл ташты тундуруучу атайын 3 бөлүктөн турган тосмо дамбалар курулган. Тосмо дамбалардын кызматы катуу аккан суунун агымын басаңдатуу менен бирге, агып келген шагыл ташты жеринде алып калат.

Бүгүнкү күндө ошол тосмолордун айланасы, дарыянын ичи жеке ишкерлерге лицензия катары сатылып кеткен. Лицензия ээлери дарыя ичинен шагыл, таш сатып, дарыянын нугун түз эле суу бөлүштүрүүчү түйүнгө буруп салышкан. Натыйжада агып келген таштар суу бөлүштүрүүчү түйүн менен кошо Бүргөндү каналын талкалап, олуттуу чыгымдарга учуратып жатат. Айрым учурларда дарыяга суу кирип, суунун агымы күчөгөн учурда дарыя жээгине бекемделген дамба таштарын дагы агызып келет. Лицензия ээлерине кайрылып, көйгөйдү түшүндүргөнүбүз менен маселе чечилбей жатат», — деди ал.

Бүргөндү суу каналынын жанында жашаган жергиликтүү тургун Тешебай Жапаровдун айтымында, каналда кадимкидей таштар агып, аккан таштардын үнү угулуп жатат.

«Буга чейин каналга бөлүнгөн суу тундурулуп, анан агызылат эле. Жакын жылдардан бери каналда кадимкидей чоң эле таштар агып жатат. 2 айыл аймакты суу менен камсыз кылган канал талкаланып жок болушу мүмкүн», — деди аксакал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE