Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Баткенде сасык тумоо менен ооруканага кайрылгандар көп болуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде сасык тумоо менен ооруп, ооруканага кайрылгандар былтыркыдан көп болуп жатат. Аймактык кабарчы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан кабар алды.

Балдар дарыгери Бурулай Камбарали кызынын айтымында, бул вирустук инфекция менен кайрылгандардын арасында жаш балдар көп катталууда.

«Курч респиратордук инфекциялар жалпылап айтылган диагноз. Буга грипп, парагрипп, аденовирус, риновирус, РС вирус бардык вирустук инфекция жалпы кирип кетет. Үстүнкү жана астынкы дем алуу жолдорунун сезгениши деп экиге бөлүнөт. Үстүнкү дем алуу жолдору назофарингит, фарингит, ларингит. Ал эми трахеит, бронхит ылдыйкы дем алуу жолдорунун сезгениши. Бул оорулар менен көбүнчө жаш балдар өтүшүп кетип, пневмония менен келишүүдө. Анткени үйдө дарыланып, өтүшүп кеткенде кайрылышат.

Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу көп катталып жатат. Өткөн жылы курч респиратордук инфекциялардын үстүнкү дем алуу жолдорунун сезгениши боюнча жыл башынан 22-ноябрга чейин 3725 учур катталса, анын 1905и жаш балдар арасында. Ал эми быйылкы жылы жыл башынан ушул күнгө чейин 4225 учур катталып, 2148и 5 жашка чейинки балдар арасында болгон. Курч респиратордук инфекциялардын ылдыйкы дем алуу жолдорунун сезгениши боюнча 2021-жылы 22-ноябрга чейин 643 учур болсо, анын арасында 356 жаш бала бар. 2022-жылдын башынан бери 781 учур катталып, 407си 5 жашка чейинки балдар арасында болгон», — деди ал.

Ал эми облустук биргелешкен оорукананын инфекция бөлүмүндөгү 40 орундун ичинен 25 орунда жаш балдар дарыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE