Пример HTML-страницы

Баткенде бир окуучунун кийимине канча сом жумшалат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы базарда мектеп формалары кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчы соодагерлерге шилтеме берүү менен билдирди.

Сатуучу Гүлмира Ганиеванын айтымында, азык-түлүк кымбаттагандай эле мектеп кийиминин да баасы жылдагыдан жогору.

«Мен окуу куралдарын сатам. Бул жерде башталгыч класстын, чоң класстын окуучулары, студенттер керектүү окуу куралдарды алышат. Бир окуучу 1500-2000 сомго чейин окуу куралдарын толукташат. Эң жакшысын алгандар 5000 сомго чейин сарпташат. Бул баа албетте кымбат. Бааны биз көтөргөн жокбуз. Мында жалаң Орусиянын товарлары», — дейт сатуучу.

3 баласына мектепке кийим алып жаткан Баткен шаарынын тургуну Айпери Саитжан кызы эки уулуна эле 10 миң сомдон ашык акча коротконун айтат.

«2 уулум, 1 кызым окуучу. Аларга кийим алып жүрөбүз. 2 уулума костюм шым алалы десек 2500 сомдон башталат экен. Экөөнө костюм шым, спорттук костюм, ак көйнөк, бут кийим, сумка, окуу куралдары болуп отуруп 10 миң сомдон ашты», — деди ал.

Учурда базардын 80%ы окуу кийимдерине арналды.

— костюм шым — 2500-3000 сом;

— спорттук костюм — 800-3000;

— балдардын бут кийими — 580-1500 сом;

— сумка 600 — 1200 сом;

— кыздардын ак көйнөгү — 600-1000 сом;

— юбка — 700-1000 сом;

— кыздардын бут кийими — 580-1500 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE