Turmush — Баткен шаарында 2023-жылдын 31-декабрына чейин облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш -чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-16-17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63 аскердин, 200гө жакын жарадар болгон жарандардын жана үй-жайсыз калган тургундардын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүлү чаппагандыгы эске алынган. Мэрия тараптан киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет.
Чектөөлөр киргизилген майрамдар:
1. Балаты майрамы;
2. Нооруз майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин)
3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштуруу;
5. 8-март майрамы;
6. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
7. 1-июнь – Балдардын коргоонун эл аралык күнү;
8. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы;
9. 31-август – Эгемендүүлүк күнү;
10. 2023-жылдагы балаты майрамы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.