Пример HTML-страницы

Баткен шаарында жол четинде соода кылгандарга айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жол четинде соода-сатык менен алектенген дүкөндөрдүн ээлерине, соодагерлерге эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейин милиция жана мэриянын кызматкерлери тарабынан бир канча эскертүүлөр берилип, протокол толтурулуп, айып пул салынган. Бирок соода менен алектенген дүкөн ээлери мыйзамга баш ийбей келишет.

Азык-түлүктөрүн жол четине алып чыгып сатышып, жолдогу чаң, унаалардан бөлүнгөн газ мөмө-жемиш, азык-түлүктөргө сиңип, элдин саламаттыгына зыян алып келип жатканы айтылууда. Жол четинде соода кылгандар унаа тыгынын пайда болушуна да себепчи болушууда.

25-ноябрда мэрия жана милиция кызматкерлери Баткен шаарынын М.Нургазиев көчөсүнүн жол четинде жайгашкан дүкөндөрдүн ээлери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти. Рейд учурунда Укук бузуулар кодексине ылайык, жарандарга 12 протокол түзүлүп, жалпысынан 14 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE