Пример HTML-страницы

Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким келет?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 33 жаштагы мэри Сыдыков Аманат Калыбекович ээлеген кызматынан бошотулганын Turmush басылмасына өздүк булактар ​​билдиришти.

Балыкчы облустук маанидеги шаар болуп эсептелет. Шаардын мэрин кызматка дайындоо же бошотуу жөнүндө буйрукка президент кол коёт.

Жаңы мэр болуп буга чейин «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген Бакыт Шаршеев дайындалышы мүмкүн экени белгилүү болду. Шаршеев «МАМды» 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE