Пример HTML-страницы

Бактылуу үй-бүлө куруунун жолдору

https://kyrgyzcha.site/?p=14644&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БАКТЫЛУУ ҮЙ БҮЛӨӨНҮ КУРУУНУН ЖОЛДОРУ.

===========

 

Күн сайын ажырашуу кабарын угуу көнүмүш болуп калды. Күчтүү, бекем сүйүү менен баш кошуп, 2 айдан кийин ажырашып жаткандар азыр эч кимди таң калтырбайт. Айланабызда алгачкы күндөгүдөй бири-бирине ашык болгон, бактылуу жандар күн сайын азайып барууда. Мына, ушундай бактылуу үй-бүлө куруу үчүн төмөндөгү сырларга өтө чоң маани берүүбүз керек: Түгөйлөрдүн кээде кайдагы болбогон нерседен улам урушуп-талаша тургандыгы талашсыз. Андай кезде эң маанилүүсү жуптардын катуу ачууланбоосу, чектен ашпоосу жана күтүүсүз иш-аракеттерди жасап коюудан сактануусу керек. Эгер жубайыңыз жинденип турган болсо сиз жумшак мамиле кылыңыз, көңүлүн көтөрүүгө, ачуусун басууга аракет кылгыла. Артка кайтаруу мүмкүн болбогон сөздөр менен иш-аракеттерден сактангыла! “Урушуп жаткан кезде мага үнүн көтөрдү” деп сиз дагы урушуудан сактаныңыз! Урушуу менен эч нерсе чечилбейт. Эгер жаңжалда сөзсүз бирөө жеңүү керек болсожубайыңыз

жеңсин! Сүйүүнүн бийлик талаша турган согуш эмес экенин ойлоп иш кылыңыз!

Эч качан мурунку кетирген каталарын жубайыңызга кайра-кайра айтып эсине түшүрбөңүз! Бүгүнкү күнгө чейин эч ким өткөндү артка кайтара алган эмес жана эскини калыбына келтире алган эмес.

Эмне үчүн үйлөнгөнүңүздү унутпашыңыз керек. Кубанычыңыз менен кайгыңызды бөлүшүү үчүн, жашоодон эки эсе лаззат алуу

үчүн үйлөнбөдүңүз беле? Сөздөрүңүз туура, кубанычка толо жана салмактуу болуусуна

маани бериңиз! Антпесе, эч нерсеге жарабайт. Бир план түзүп жаткан кезде жубайыңыз менен кеңешпесеңиз, анын пикирин сурабасаңыз же жоро-жолдошторуңузга андан да көбүрөөк убакыт бөлсөңүз, ката жолдо жүрөсүз деген сөз.

Күнүнө жок дегенде бир жолу өмүрлүк жарыңызга жакшы сөз (комплимент) айтыңыз! Жубайыңыз сизден жакшы сөздү уккан кезде кандай бактылуу боло тургандыгын байкап көрдүңүзбү?

Ката кетирип койсоңуз катаңызды моюндаңыз жана кечирим сураңыз. Ката кетирип койсоңуз бул жашоонун соңу эмес. Эң маанилүүсү — ката кетиргениңизди түшүнүүңүз. Үйдөгү тынчтыктын эң негизги эрежелердин бири – сырттагы адамдар менен кандай сыпайы жана жакшы мамиледе болсоңуз, ошол мамиленин жок дегенде жартысын үй-бүлөңүздө көрсөтүүңүз!

Даанышман аалымдар (олуялар) мындай деп айтышат: Мына ушул беш нерсе эркек кишинин бакытынын ачкычы:

 

1) Түгөйүнүн түшүнүк менен карай турган жана моюн суна турган болуусу,

 

2) Баласынын тил алчаак жана сый-урматтуу болуусу,

 

3) Досторунун чынчыл, туура жана ишеничтүү болуусу,

 

4) Кошуналарынын жакшы болуусу,

 

5) Жумушунун өз мекенинде болуусу. Өз мекенинде дегенибиз туулган жеринде дегендик эмес. Жумушу жакшы болгон, салих

достору көп болгон, дининин буйруктарын оңой аткара ала турган жер дегенди билдирет.

 

Төмөндөгү алты касиетке ээ болгон аял чыныгы салиха (жакшы)

сыпатка ээ болуп саналат:

 

1) Беш маал намазын калтырбай окуу,

 

2) Күйөөсүн жакшы көрүп ага моюн сунуу,

 

3) Бардык ишинде Аллахтын ыраазылыгын көздөө,

 

4) Адамдар арасында сөз ташуудан, ушак, жалаадан тилин тыюу,

 

5) Мал-мүлк маселесинде “зухд” жана “канаат” ээси болуу,

 

6) Кыйынчылыктарга карата сабырдуу жана туруктуу болуу. Мындай жакшы аял диндин тиреги, үй-бүлөнүн негизи, ибадаттарда да колдоочу жана көмөкчү болот. Мунун терси болгон аял жакшы аял боло албайт, өзү кубанычтуу болгону менен күйөөсүн

бактысыз кылат.

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE