Пример HTML-страницы

Бүгүн Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, 2 адамдын жансыз денеси милицияга өткөрүлдү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө катталган жол кырсыктан улам 3 адам жаракат алып, 3 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-август күнү саат 07:40 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 24-чакырымында «Мерседес-бенц Спринтер» жана «Мицубиси» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 23 адам кырсыкка учураган. 3 адам жаракат алып, Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми 2 адам окуя болгон жерде каза таап, жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE